Пример HTML-страницы

Атанын баласына болгон милдеттери

https://kyrgyzcha.site/?p=16716&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Атанын баласына болгон милдеттери.

 

Пайгамбарыбыз (Алланын салам-дубасы болсун) айтты: Эне, наристени тубаса таза табияты менен төрөйт. Бирок, кийин ата-эне наристенин жөөт, христиан же отко сыйынуучу болушуна себепчи болот. Эгер наристенин ата-энеси мусулман болсо, наристенин да мусулман болушуна себепчи болуп калат. Курани каримде үй-булөнүн бүтүндөй жоопкерчиликтерин атага жүктөлгөнүн төмөндөгү аят менен чындап өтөт: «Өзүнөрдү жана үй-бүлөнөрдү тозоктон сактагыла».

Бул аят түшкөн учурда сахабалар пайгамбарыбызга мындай деп кайрылат. «Эй расулулло! Биз өзүбүздү Алланын өкүмдөрүн аткарып,тыюуларынан сактанып тозоктон коргой алабыз. Ал эми үй-булөбүз менен балдарыбызды тозоктун отунан кантип коргойбуз?-дегенде, Пайгамбарыбыз (Алланын салам-дубасы болсун): Алла силерге өкүм кылган нерселерди силер да аларга өкүм кылгыла. Тыюу салган нерселерди силер да тыюу салгыла»,-деп жооп берген.

Бисмиллахир рохмаанир рохиим.

 

*: Баланын ата-энесине болгон акылары кандай?

 

*Жооп*: Бир канчасы төмөндөгүдөй.

 

▪Келечекте бала энеси менен жамандалбашы үчүн балага эне боло турчу кызды жакшы жерден тандоо керек. Салиха кыз болуусуна чоң маани берүү керек!

 

▪Балага жакшы ат коюу керек! Хадиси Шарифте: » *Балага жакшы ат коюу — перзенттин атасындагы акыларынан* «- делген.

( Байхаки )

 

▪ Балага жакшы тарбия берүү керек. Хадистерде:

» *Балага жакшы тарбия берүү — баланын атасындагы акыларынан* »

( Байхаки )

 

» *Балдарыңарга жакшылык кылгыла, аларды адептуу, тарбиялуу кылып өстүргүлө* «!!

( Ибни Маажа )

 

» *Баланы тарбиялоо — неберелерге садака берүүдөн да артык сооп* «.

( Тирмизи )

 

▪ Балага мээримдүү мамиле кылуу керек. Сүйүктүү пайгамбарыбыз алайхис салам небересин эркелетип өпкөн кезде бирөө кулуп: » Йаа, Расулоллох! Менин он балам бар. Бирок, эч бирин эркелетип өппөймүн » — деди. Ага: » *Мээримдүүлүк кылбаган мээримдүүлүк көрө албайт*. «- деп жооп берди.

( Бухари )

 

» *Баланын жыты — Бейиштин жыты*. »

( Табараани )

 

▪ Балага боддуба ( каргыш ) айтпоо керек. Хазрети Ибни Мубарак баласын арызданып келген адамга: » *Балаңа боддуба кылдың беле?» — деп сурайт. » Ооба » — деп жооп бергенде: » *Анда балаңдын мүнөзүн өзүн бузуптурсуң*! «- дейт.

 

▪ Балдарды халал тамак менен тамактандыруу керек! ХАРАМ тамактын таасири баланын тарбиясын бузат, балага бузук кылыктардын пайда болуусуна себеп болот. Хадиси Шарифте:

» *Жеп-ичкениңер халал, таза болсун! Балдарыңар ошолордон калыптанат*!» — деп айтылган.

( Р. Насихин )

 

▪ Атанын балага илим, адеп жана кесип үйрөтүүсү — ФАРЗ. Алгач Курани Каримди окутууну үйрөтүү керек. Анан ыймандын, исламдын шарттарын үйрөтүү керек. Дүнүйөдө жана акыретте кутулуу илим аркылуу жүзөгө ашат. *Балага дин илимдерин үйрөткөн соң окууга жиберүү керек, колледж жана университетте окутуу зарыл. Динин үйрөнбөстөн мектепке жиберилсе, кийин буларды үйрөнүү үчүн бош убакыт таба албайт. Дин душмандарынын тузактарына тушуп, алардын жалгандарына алданып калат. Динсиз жана Исламий адеби жок болуп чоңоёт. Өзүнө жана башкаларга жасаган жамандыктарынын күнөөсү ата-энеге жазылат.*

 

▪ Балдардын арасында адилеттүүлүккө маани берүү керек. Хадиси Шарифте:

» *Белек бере турган кезде балдарыңардын арасында теңдикке маани бергиле.* »

( Табараани )

 

 

 

 

♻Башкалар менен бөлүшкөндү унутпаңыз?

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE