Пример HTML-страницы

Ат-Башынын Өзгөрүш айылында кардын калыңдыгы 50 сантиметрге чейин жетти. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районунун Өзгөрүш айылында кардын калыңдыгы 50 сантиметрге чейин жетти. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, кардын калыңдыгынан көчөдө унаа жүрө албай калган. Мындан улам айыл тургундары жолду тазалап берүүнү суранышууда.

Өзгөрүш айылынын тургуну Руслан Жумагулов айылда кыш эрте башталып, кар калың болуп жатканын айтты.

«Эртең менен 25 градус суук болуп жатат. Көмүрдү 6000 сом деп жатышат. Кардын калыңдыгы 50 сантиметрге чейин барды. Жолубуз начар, эл кыйналып кетти. Кырып, тазалап беришсе жакшы болмок», — деди айыл тургуну.

Ат-Башы районунун айрым жерлерине кар 40 сантиметрге чейин түшкөндүгүн Ат-Башы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Адилет Токтомамбетов билдирген болчу.

Анын айтымында, Ат-Башы районуна 10 сантиметр кар жааса, Ак-Сай өрөөнүнүн Кында аймагына 40 см, Торугартка 20 см жааган.

Район боюнча көмүрдүн баасы 4800 сом. Аны Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги бекитип берген. Ал эми алыскы айылга жеткирүүдө бул баа өзгөрөт. Тактап айтканда, күйүүчү майдын чыгымы эсептелет.

Нарын районунда 50 566 адам жашайт. Ал эми Өзгөрүш айылында 80 түтүн эл бар. Бул айылда сууктун күчү кышында -40 градуска чейин жетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE