Пример HTML-страницы

Ат-Башыдагы ак халатчан мурундан кан токтобогон кишини кантип аман алып калганын айтып берди

Акыркы жанылыктар

TurmushМедицина тармагында 30 жылдан бери эмгек кылып келе жаткан Жанара Сыдыбаева бул тармакта иштеп жүрүп бир топ тажрыйба алып, бир канча окуяга күбө болгон. Жумушунун оордугуна карабай, ишин сүйүп эмгектенип келе жаткан каарман менен аймактык кабарчы таанышты.

Жанара Сыдыбаева 1973-жылы Нарын облусунун Нарын районунун Алыш айылында туулган. Нарын медициналык училищанын дарылоо иши факультетин бүтүргөн. Үй-бүлөлүү, 1 кыз, 4 уулу бар.

«Ата-энем дыйкан чарба менен алектенген адамдар эле. Алардын көзү өтүп кетти. Эмгек жолумду Нарын облустук балдар бөлүмүндө иштөө менен баштадым. Кийин Бирлик айылына келин болуп, 20 жылдан бери ушул жерде иштейм. Негизи биздин жумуш оор. Айылдагы кош бойлууларды, 5 жашка чейинки балдарды, диспансердик көзөмөлдө турган кары адамдарыбызды көзөмөлдөйбүз. Кош бойлуу аялдарыбызды төрөткө чейинки бардык анализдерден өз убагында өткөрүп, аман-эсен төрөп алуусун камсыздайбыз. 5 жашка чейинки балдардын эмдөөсү, алардын дени сак болуусу биздин моюнубузда. Айыл ичинде үймө-үй кыдырып, ар кандай инфекцияларды алдын алуу боюнча түшүндурүү иштерин жүргүзөбүз. Медициналык мекемеде үчөөбүз иштейбиз. Экөөбүз үй-бүлөлүк медайым, бир кенже кызматкерибиз бар», — деди ал.

Ак халатчан эсинен кетпеген окуяга токтолду.

«Жумушубуз оор болгону менен кесибибизди сүйөбүз. Кандай убакыт болсо дагы иштей беребиз. Түнкүсүн курч кармаган оорулар болот. Ошондо ооруканага жөнөтөбүз. Унаабыз жок, жөө барган күндөрүбүз болот.

Сарайда жашаган ооруларбыз дагы бар. Бир күнү бир чакыруу болду. Мурду канап токтобой, кан басымы жогорулап кеткен экен. Салмактуу, чоң киши болчу. Ошол жылы кар калың түшкөн. Ооруканага жеткирүүгө такыр унаа жок. Эшек арабасы менен бир адамды таптык. Эң негизгиси бейтапты аман-эсен алып калуу керек. Ошентип аны айылдын ичине жеткирдик. Айыл ичинен унаа таап, ооруканага жеткирдик. Дагы 15 мүнөт кечиксек, абалы начарлап, кансырамак», — деди ал.

Бирлик айылында 1500дөн ашык киши жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE