Пример HTML-страницы

Асилбек 9 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=11167&preview=true Кызыктуу окуялар.

……………Асилбек………………….

    …………..9-бөлүм…………………….

Күн артынан ай, ай артынан жылдар кубалашып өтүп, Асилбек жети жашка толду. Мектепке берерде Анара небересин кийин баарыбир шаарга кетет!-деп атайын Райондогу мектепке, орус класска берген. Асилбек класска кирип, биринчи партаны ээлеп жылбай койду. Люда эжейи жашы өтүп калган, бирок өзүнө тың мугалим болчу. Асилбектин курч көз карашын, өжөрлүгүн дароо байкап калды.

—Бул бала менен тил табышуу кыйын болот экени анык. Силер дагы мага жардам берсеңер, өжөрлүгүн туура нукка буруп мыкты бала кылабыз.

—Ай аланаанайын балам, кантип жардам берем балама. Жашым мынтип бип топко келип калганда, көзүм да көрбөйт өзүң эле окут эми.

—Маакул апа, өзүм окутам. Сиз тынч эс ала бериңиз үйдө. Баланын ата-энеси кайда апа?

—Апасы каза болуп калган жарыктык. Атасы андан мурун кеткен. Ушул томолой жетим болуп калды да байкушум. Ушуну эле караан тутуп жүрөм, болбосо мен дагы абышкам менен кызымдын жанына баргым келет. Өзүн эптеп калса тынч кете берет элем.

—Маакул маакул апа, жетим!-деп өкмөттөн пенсия чыгарып берем балаңызга, кыжалат болбоңуз. Люданын апасы Кыргыз атасы орус болчу. Бирок, өзүн Кыргызмын деп билет. Кыргызчаны так сүйлөйт. Люданы көрсөң сүйлөгөн сөзүнөн бул кыз тээ ата-бабаларыбыздан калган таза кан экен!-деп ойлойсуң. Анткени илгерки чыныгы Кыргыздар бою узун, көзү көк, өзү сары болушкан экен да. Кийин монголдор басып, Кыргыз уругуна аралашып монголдорго түспөлдөш болуп калбадыкпы. «Патриот»-дейби, Люда дагы Кыргызмын!-деп төш каккан кыздардын бири болчу. Орус мектеп болгон үчүн Люда сабакты да орус тилинде баштады. Сабак башталды дегенче Асилбек ордунан туруп, сыртка чыгып баратты.

—Асилбек, олтур. Эшике чыккың келсе менден уруксаат сурап, анан чыгып жүр. Эсиңде болсун.

—Мен орусча окубайм, мен Кыргызмын кыргыз тилде гана окуйм. Апам кете электе жетип алайын.

Люда урушмак түгүл кайрадан ичинен сүйүндү. Дайыма Кыргыз дегенде катуу соккон жүрөгү азыр дагы тез-тезден дүкүлдөп жатты. Асилбектен Кыргыздын чыгаан уулу болушун тилеп койду.

—Апаа, апа дейм.

—Ок капыраай, эмне чыктың балам? Ушул жакта конуп окуйсуң эми, сени дем алыш күндөрү алып кетем.

—Окубайм, орус мектепте окубайм, мен өзүмдүн айылымда гана окуйм.

—Сени үйрөнсүн!-деп жатам. Кийин шаарга барсаң, окууга өтсөң да жакшы болот. Тил билсең мүмкүнчүлүк көп да балам. Окуй берчи, пайдасы тийет.

—Жок, жок дедимби жок. Кыргыз-тилим турганда орусту эч качан сүйлөбөйм апа.

-Өлүңгөрөйүн десе, башыма түшкөн балээ болдуң го. Ушул мектептин директору менен араң сүйлөшкөндө, окуй бер да. Кыргыз тилде сүйлөбө деп жатабы сени? Болгону башка тилди да үйрөнүш керек, өз элиңди, жериңди, тилиңди сүйгөн жакшы балам. Бирок, ошол мекенге пайдаң тийиш үчүн билимиң көп болуш керек. Билим бирдей, башка тилде же башка өлкөдө ар башка эмес. Айрымасы ар бир өлкөдө өз тилинде үйрөтүлөт, мааниси бир. Бар балам окуй берчи, мен тагаларыңа эмне дейм? Алар сени малчы кылып салышат балам айылда жүрсөң.

—Апа ар бир өлкөдө өз тилинде билим берилет!-деп жатасыз э?

—Ооба балам, так ошондой. Ашыкча алдыгындай болуунун да кажети жок.

—Анан эмне менин мекенимде орусча окутуп жатышат мени?

—Сени мажбурлаган жок, мен сени көп тил билсин !-деп жатам.

—Апа мен чоңойсом өзүмө керек тилди үйрөнүп алам, азыр болсо айылдагы мектепке эле окуйм. Анара иттей кыйналып киргизгени менен иши жок кайра тайнесин ээрчип кетип калды. Анара Асилбекти жакшы көрөт да, эркелигин дагы көтөрөт, көңүлүн кыйбайт. Үйгө тайене небере кудуңдашып, сүйлөшүп кирип келгенде эле астынан тайкеси Эрнис тосуп чыкты.

—Оо апа келдиңби? Эмне небереңди албай койдубу? Айтпадым беле ал жака башы иштегендерди алат!-деп.

—Атаңдын гана башы, оозуңа карап сүйлөгүн. Менин балам акылдуу, сен таш санаганча бул балам кум санап койот керек болсо. Өзүмдөн алыс болсо сагынам!-деп алып келе бердим кайра.

—Ооба сага, ошончо жол жүрүп кайра алып баса бермек белең, албай эле койду балаңды, жашырбай эле кой.

—Барчы бар оокатыңды кылчы, мени эле кооруп калдың да. Ишиң эмне мени менен, мага кайненемден өтүп келжирегенин кара.

—Айтса да болбойт ушу, ушул балаң сени жарытчудай эле үйрүлөсүң. Көрөсүң эртең эле Жуман авасын эрчип кетет бул. Жээн эл болбойт!-дейтко апа, мени айтты деңиз.

—Ай былжыраба дейм көп, ансыз дагы өлүп калсам авасына таштайм. Силерге бир күн калса кар болуп өлбөйбү балам. Эх ушул баладай акылың болсо эмне я?

—Мени жинди деп жатасызбы? Өмүр далдырдын баласына мени теңеп жатасызбы? Ит теңелсин ушуга.

—Эрнис өлүңгөрөйүн басыл дедим, азыр башыңды жарып койом!-деп бутундагы гөлөчүн чечип ошол менен чаап алды. Калп күлүмүш болуп качкан Эрнистин ичинен баарыбир ит өлүп жатты. Анын корккону ушул үйдү Асилбеке калтырып мени бөлүп салабы!-деп коркуп турчу. Жашы тээ жыйырма бешке барып калган Эрнис ушул жети жаштагы Асилбеке эрегишет. Асилбек айылдагы мектепке барып,

биринчи класста окуп калды, класста эң мыкты окуйт. Манас, жаңылмачты күчтүү айтат, аябай зирек бала болду. Айылдын атынан олимпиада, конкурстарга манас айтып барат. Чоңойгон сайын такшалып манасчы атка конду. Кээде анча-мынча акындардын айтышуусуна да катышып калды. Айтышта Асилбекти калыстар тобу байкап, Фрунзеге ушундай таланттуу, акын балдарды тарбиялаган мектепке чакырышты. Эми үчүнчү классты бүткөн Асилбек тайенесинен кеткиси келбей барбай койду. Асилбек кийин чоңойгондо баардык нерсени окуп, үйрөнүп алам!-деп ойлочу. Ошондой бактылуу күндөрдүн биринде Анара оо дүйнөгө сапар алып кете берди. Анарадан башка адам Асилбекти жакшы көрчү эмес, жалгыз жакынынан айрылганда Асилбек катуу стресске кабылып калды. Түнт тартып, сабактан да начарлап кетти. Айылдагылар Асилбекти «арам»,»жетим»-деп айтышчу. Ал сөзгө тайенеси барда көңүл дагы бурчу эмес, тайенеси каза болгондон кийин ушул сөзгө катуу терикчү болду. Мектепте да ар ким менен мушташып, урушуп тентек болуп баратты. Мугалимдердин баардыгы Асилбекти фрунзеге окууга жиберүүгө аракет кылышты эле Эрнис болбой койду. Малды карайт!-деп өзүн ойлоп Асилбекти жаркын келечектен айрып жатканын сезген да жок. Бир жыл өтпөй Асилбек айылдагы эң тентек балага айланды. Баардыгы Өмүрдүн баласы да, тарбиясы да ошону тартат!-деп каргап да алышат. Эң артында мектепке да барбай койду. Тентип жүрө берет, жашоонун кызыгы кеткендей. Бул кылыгы Эрниске аябай жакты, Асилбекти өзүнүн малдарын бактырганы малчыга кошуп тоого жиберип салды. Акын, Манасчы атын малчыга айлантып алды. Тоодо малдарды карап, бугун малдан чыгарып аябай жаман болуп кетти. Ал малчы киши аябай начар адам экен, Асилбектин азык-түлүгүн дагы өзүнө ыраа көрбөйт. Бир кесим нан берип, муздак суудан желим бөтөлкөгө куйдуруп бир күн кечке тим койот. Тайенесинин каттамасын каалганча жеп өскөн бала курсагынын ачканына чыдабай баратты. Бир күнү ачка болуп, боз үйдө катылып турган нандан уурдап жатканда малчы киши кармап алып, мал кайтарган узун камчысы менен малды ургандай ат менен кууп уруп салды. Токмок жеген Асилбек ордунан тура албай үч күн жатты. Үч күндүн ичинде малчы Асилбектин малдарын бөлүп салган экен, башка жайлоого кетип, үйүр чачырап кетиптир. Атын дагы бербей койду эле өзүнүн үйрөтүлө элек кулунун жайдак эле минип издеп жөнөдү. Бир жума дегенде малдарын толуктады. Үйдөн алып чыккан бир наны эки күндө эле түгөнгөн, ашказаны кыжылдап, ачыштырып баштаганда аккан сууга көйнөгүн салып, майда балыктан бир топ тутуп отко кактап жеп эки-үч күн жан сактаган. Акыры балык дагы түшпөй койгонунан жыгылып кала жаздады. Өлүп калбайын!-деп анча чоң эмес, эки айлык козуну союп отко кактап бышырып жеп, калганын түйүнгө катып өз жайлоо9 суна жеткен.

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE