Пример HTML-страницы

Апамдан конулум калды

https://kyrgyzcha.site/?p=9663&preview=true Кызыктуу окуялар.

АПАМДАН КӨНҮЛҮМ КАЛДЫ.

 

 

 

Менин атым Жанара, 16 жаштамын. Бул катты жазбайын деп көпкө кармандым. Бирок көөдөнүмдөгү күйүт чыдатпай койду…

Мен эс тарткандан бери таята-таенемдин колунда өстүм. Апам мекенибиздин миңдеген жарандарындай эле Орусияда иштеп жүрөт. Чал-кемпирдин колунда жүрүп ар кандай күндөрдү башымдан кечирдим. Таятам ачуусу чукул киши, сабактан кеч келсем, тамагын убагында бербесем сөзсүз таяк жейм. Апам жанымда болсо минтип кордук көрбөйт элем. «Апа, мени алып кетчи» деп бакырып-бакырып ыйлап алам. Кайра «аз калды, чыдасам апам келет, ал мага эч кимдин колун тийгизбейт» деген ойлор жоошутчу. Бирок мындай кыялдар жакында эле тыптыйпыл болуп жоголду…

Апам таенем экөөбүздү Орусияга чакырганын укканда менден бактылуу адам жок эле. Таятамдын карылуу колдору эми мага тийбейт, мен эми апам менен жашайм деген сезим ою-түшүмдөн кетпей койду. Учакка отуруп жатып да өзүмчө кудуңдап алгам. Менин кубанычым сыртымдан карап турган кишиге да көрүнүп турган экен. Качан гана таенем:

– Ай, кыз, жиндилерге окшоп күлө бербечи!- дегенде өзүмө келдим. Ошондо да бир нече сааттан кийин апамдын жытын жыттап, анын кучагына батам, экөөбүз жетелешип шаар кыдырабыз деп көп нерселерди элестетип жибердим. Быйыл апам менен көрүшпөгөнүбүзгө 5 жыл болуптур…

Москва шаарына барып кондук, бизди негедир апам эмес, бейтааныш киши тосуп алды. Менин элестеткеним боюнча аэропорттон апам экөөбүз катуу кучакташып көрүшмөкпүз. Тиги байке бизди бир батирге алып барып «Алима азыр келет, күтүп тургула» деп кетип калды. Апама алып барган нерселерибиздин баарын астыбызга коюп, чакан ашканада күтүп отурдук. Бирок апам бизди көпкө күттүрүп, түн киргенде араң келди.

– Силерди тосуп ала албадым, жумушум ушундай кеч бүтөт,- деп эле көзүн ала качты. Мени бетимден сүйгөнү эле болбосо, андай деле үйрүлүп түшүп, кызым деп бооруна тарткан жок. Мостоюп эле отуруп калдым. Таенем менен деле көп кеп-сөзгө келбей, бизди төшөк салып жаткызып койду. Ишенесизби, ошондо биринчи жолу апамдын жанына барганыма өкүндүм. Ал күнү чарчап келсе керек деп өзүмдү жооткотуп койгон элем, бирок адашыптырмын… Күндө таң атпай жумушуна кетет, түн бир оокумда келет. Эне-бала болуп же таенем менен, же мени менен сүйлөшүп отурган жок. Барганыбызга бир жума болгондо бизди көзгө илбей эле чоочун кишилер менен ээрчишип келе баштады. Кечке ашканада тамеки тартып, арак ичип отурушат. Адатта түн ичи келгенде биз уктап калчубуз. Бул жолу эркек кишинин катуу күлкүсүнөн чочуп кеттим. Коридорго чыгып, ашканада апам бир кишинин тизесинде отурганын көрдүм. Жийиркенип кеттим.

– Апа, жүрү эс алыңызчы,- дедим чыдабай.

– Бар укта, чоң кишилердин ишине аралашпа!- деп мени жеп ийчүдөй карады.

– Кызың ушубу, чоңоюп калыптыр го. Кел дебейсиңби?- бөтөлкөлөшү бул сөздөрдү айтканда апамдын жини келип кетти. Ордунан шарт туруп, мени түрткүлөп бөлмөгө кирип кетишимди талап кылды.

Мындай көрүнүшкө, ызама чыдабай ыйлап жибердим. Апама «ичпей эле коюңузчу» деп жабышсам, баштан ары бир чаап, чыгып кетти. Мына, менин күткөн апам, менин жашоого болгон үмүтүм. Мен жашоонун ушундай чындыгын көрүш үчүн келген экем да! Апам мени карап да койгон жок. Эки бүктөлүп бутумду кучактап таң атырдым. Таенем да негедир апама «ай, кой» дей алган жок…

Күндө уруш-талаш болуп жүрүп эки жума өтүп кетти. Бул күндөр ичинде сабаса дагы таятамды сагындым. Апамдын кийингенин, тамеки тартканын, каткырып күлгөнүн, боёнгонун, сөгүнгөнүн эстесем итиркейим келет. Жок, жок, ал менин апам эмес деп ойлоп кетем. Бирок бул чындык. Анан таятам акча салды, ага билет алып Кыргызстанга келе бердик. Ошол бойдон апам менен телефон аркылуу да сүйлөшкөн жокмун. Себеби ал менин жүрөгүмдөгү сүйүүнү аракка, көңүлдөштөрүнө алмаштырып жиберген. Өзүмө эне болсом балдарымды эч качан урбайм, мээримимди төгүп карайм, таштап кетпейм, ал эми Орусияга эми ачка калсам да басып барбайм деп апама сөз бердим!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE