Пример HTML-страницы

Аксынын Үч-Коргон айыл өкмөтүндө мүмкүнчүлүгү чектелген 10 адамга майып араба берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 10 адамга майып арабалар тапшырылды. Бул тууралуу айыл аймактын башчысы Маматысак Жапаров билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын айыл аймактагы аз камыз болгон үй-бүлөлөр жана майыптуулугу бар жарандарга көмөк көрсөтүлөт.

«Быйылкы жылы аярлуу катмардагы 15 кишиге майып араба алып берүүнү көздөп, эл аралык уюмдарга кайрылганбыз. Алар биздин долбоорду колдоп, 10 атайын көп функцияналдуу араба алып беришти. Айыл аймактагы социалдык кызматкерлер карап, араба муктаж болгон 10 кишини тандашты. Аларды айыл өкмөттүн имаратына чакырып тапшырдык», — деди ал.

Үч-Коргон айыл аймагында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жалпы 193 жаран бар. Алардын ичинен 92 адам 18 жашка чейинкилер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE