Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Аксыдагы 5 айыл аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Аксы районундагы 5 айыл аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу аким Замирбек Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта табигый кырсык болгон аймактарда тиешелүү кызматтар иш алып барууда.

«21-22-май күндөрү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам райондогу бир катар айыл аймактарда сел жүрдү. Кыяндын алдын алуу жана коргонуу максатында райондогу 5 айыл аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Ушул тапта тиешелүү кызматтар селдин кесепеттерин жоюу жана коргонуу иш аракеттерин көрүп жатышат. Сөз болуп жаткан Кашка-Суу, Кара-Суу, Авлетим, Ак-Суу, Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүндөгү 4370 метр ички жолду, 6 ички чарбалык көпүрөнү сел алган. Андан сырткары 29 турак үйдүн короолорун суу каптап, 1 социалдык объект менен 6 турак үйдүн ичине суу кирген», — деди З.Сыдыков.

Буга чейин 7 миңден ашык адам жашаган Ак-Суу айыл аймагын район менен байланыштырып турган унаа жолду сел алып, 3 унаа ара жолдо калганы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE