Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Ак-Талаанын Шабыр капчыгайындагы таш-кумга толгон унаа жол оңдолуп жатат. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылындагы Шабыр капчыгайынын ичиндеги унаа жол оңдолууда.

Ак-Талаа райондук токой чарбасынын токойлорду коргоо боюнча инженери Нурдин Медетбек уулунун айтымында, жергиликтүү малчылардын Шабыр капчыгайынын төрүнө жетүүсүнө, туристтердин баруусуна жана токой чарбасын өрт коопсуздугунан сактоо максатында көп жылдардан бери каралбай калган унаа жолдун 1 чакырым аралыгы оңдолууда.

«Жолду оңдоо иштери токой чарба тарабынан аткарылып жатат. Оңдоо иштерине 120 миң сомдун тегерегинде каражат жумшалууда. Бул жолдун 1 чакырым аралыгы жер алдындагы суулардын көтөрүлүшүнөн улам баткакка айланып, айрым жерлер зоокадан кулаган таш-кумга толуп, айрым жерлеринде жолдун тилкеси жоголуп дагы кеткен. Бул жолдун оңдолушу менен капчыгайдын төрүнө малчылардын баруусуна, туристтердин кыйынчылыксыз жетүүсүнө жана токойлорду өрттөн сактоодо унаалардын тоскоолдуксуз баруусуна шарт түзүлөт», — деди Нурдин Медетбек уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE