Пример HTML-страницы

Ак-Талаадагы Баетов айылынын кире беришине 3 млн сомго арка курулду. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын кире беришине арка курулуп, ачылыш аземи белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, алыска оор жүк ташуучу айдоочулардын демилгеси жана каржылоосу менен 3 млн сомго Баетов айылынын кире беришине арка курулган.

Салтанаттуу ачылыш аземге айдоочулар, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Арканын курулушуна салым кошкондорго президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын, Баетов айыл өкмөтүнүн, «Ак-Талаа жаштары» коомдук бирикмесинин жана «Ак-Талаа автотранс ынтымагы» коомдук бирикмесинин сыйлыктары тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE