Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунда «Бул сенин ВИЧге тестиң, сенин ден соолугуң, сенин өзүң» аталыштагы акция өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшү күнүнө карата бир айлык акциянын алкагында акция уюштурулду. Анын жүрүшүндө Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун спид бөлүмүнүн дарыгерлери тарабынан бир катар мекеме-ишканалардын кызматкерлери текшерүүдөн өткөрүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө шилекейден экспресс-тест анализи алынды.
Ошондой эле, 12 орто мектепте окуучулар менен жолугушуу уюштурулуп, ВИЧ инфекциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ак-Талаа району боюнча ВИЧ инфекциясынын статистикасы көрсөтүлдү. Мындан тышкары, окуучулар тарабынан флешмоб уюштурулуп, ал суроо-жооптор менен коштолду.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.