Пример HTML-страницы

Ак-Талаада аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына окуу куралдары тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына окуу куралдары тапшырылды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Кундуз Эсенгулова билдирди.

«Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери 2022-2023 окуу жылынын башталышына карата аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө окуу куралдарын алып беришти. Мындай саамалык жылына милиция кызматкерлери тарабынан өткөрүлүп келет.

Мындан тышкары райондун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирдикте ички, тышкы мигранттардын балдарын текшерүүгө алып, зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат», — деди Кундуз Эсенгулова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE