Пример HTML-страницы

Ак сакалдын акчасын мал базардан уурдаган болчум

https://kyrgyzcha.site/?p=15722&preview=true Кызыктуу окуялар.

Мындан 20-30 жыл мурун базарлардан акча уурдачумун деп сөзүн баштады.

Учурда өзүнчө бир бакыйган бизнесмен, жетекчи.Бизнесмен болгондо дагы абдан таза, чынчыл,адамгерчиликтүү.

Ээх жаштык-мастык. Ууру болчумун. Өзүмө

окшогон шеригим бар эле. Негизи мени жаман

жолго түртүп, ээрчитип алган дагы, мына ошол

досум болчу эле. Экөөбүз Кыргызстанды түрө кыдырып уурулук кылабыз. Кийим-кече, азык-түлүк, мал базар, айырмасы жок, кыскасы базар кай жерде болсо, биз ошол жакта. Кээде жакшы болот, кээде анча эмес. Бирок, канча акча болсо дагы, бат эле түгөткөнгө шашабыз. Жашпыз, ойнойбуз-күлөбүз,

кыскасы акчаны тек гана сапырмай. Күнүмдүк

жашоо. Текин келген акчанын баркы болбойт

эмеспи. Ошентип жүрүп, бир күнү досум экөөбүз

минтип сүйлөштүк. Давай тапкан акчабызды

чачып эле жүрө бербестен, топтоп бирдемелерге

жаратпайлыбы? Балким унаа, үй жб-ларды алып

дегендей.

Бир күнү мал базарга бардык. Ал жактан 1 жылкы,

1 уй саткан аксакалдын аркасынан акмалап жүрүп,

акыры ыңгайы келгенде карактап кеттик. Бар

акчасын толук алып качтык. Кардарларыбыздын

дээрлигин кары-картаңдар түзүшөт. Себеби:

алардын баамдоо, сезимталдык сезимдери

азыраак, реакциялары жай.

Досум экөөбүз кудуңдаган бойдон түз эле үйгө

сызып жөнөдүк. Эт апкелип кууруп, арактан

ичип, өзүбүздү байларча сезип чалакалап

болбой калдык. Улам-улам тамеки күйгүзүп,

түтүнүн асманга үйлөп. Эртеси досум экөөбүз

сүйлөшкөндөй эле акчаны коротпостон, катып

коюуну чечтик. Кайда катабыз? Үйгө катсак

чекесинен сууруп иштете бергидейбиз. Анын

үстүнө жашаган жерибиз болсо, бир бөлмөлүү

эле эски батир. Дос жарларыбыз да көп

келет. Өзүбүзгө окшогон ууру кескилери көп

арасында. Бизден бир көчө ары жакта, бак

болчу эле. Адамдар деле жүрбөйт. Бирин-экин

эле кыз-жигиттер жүрүп калбаса кээде. Тең

ортосунан кесип өткөн жол бар. Мына ошол жол эле кыз-жи:итер жүрүп калоаса кээде. ең

ортосунан кесип өткөн жол бар. Мына ошол жол

менен ортолоп барып туруп, оң жакка 5-6 кадам

таштап туруп, бир дүпүйгөн, бутактары түбүнө

чейин келип, тамырларына туташып эле калган,

бир өзгөчө даракты таптык. Мына ушунун түбүнө

катабыз дедик. Бүтүндөй акчабызды кагазга ороп

туруп, көөмп койдук. 1 айча тийбедик. Ал убакыт

ичинде ишибиз деле болуп-болбой, майда барат

акча уурдап, эптеп курсагыбызды тойгузуп жүрө

бердик. Бир күнү досумдун чоң атасы кайтыш

болуп, шашылыш айылга жөнөп кетти. Жалгыз

калдым. Бир күнү түндө зеригип жатып, баягы акчабыздан кабар алып койгум келди

негедир. Шар тура калып токойго жөнөдүм.

Акырын барып, баягы жерди чукусам эч нерсе

жок, акча эмес кагаз-пагаздан дайын жок.

Нес боло түштүм. Өзүмө өзүм ишене албайм.

Даракты карайм кайра-кайра кетенчиктеп.

Дал өзү…калдайып, эч нерседен капары жок,

кычыраган, өзгөчө жалгыз дарак дал өзү. Ары

жагы эмес, бери жагы экенин даана билип

турсам деле, айланып ары жагын деле чукуп

кирдим. Энтигип шыпылдайм. Чөгөлөй калып,

эки колдоп, жинди кишиге окшоп көпкө жерди

тытмалай бердим. Тура калып, өпкөм-өпкөмө

батпай бакырып ыйлап жибердим. Айланада

эч ким жок. Капкараңгы түн. Акыры түңүлүп,

өңгүрөгөн бойдон үйдү көздөй жөнөдүм.

Үйгө жете бериште бирин-серин адамдардын

караандарын көрүнө калгандыктан ыйымды

бир аз басаңдатканга аракет кылдым.

Кантип эле? Кантип эле ушунча акчадан

кур-жалак калам? Өзүм катып өзүм? Бир

тыйынына тийбестен? Бир сомуна бирдеме

алып жебестен? Бул эмне деген жакшылык?

Үйгө кирип көмкөрөмдөн жатып ыйлаган

бойдон уктап калыптырмын. Эртең менен

туруп, күзгүдөн өзүмдү карасам, таанылгыс

болуп шиший түшүпмүн. Акчам деле жок. Тамак

ичкенге деле көңүл жок.

Аңгыча шыпты карай ойлонуп жатып, оюма

бир ой кылт эте түштү. Акчанын ээси. Акчанын

чыныгы ээси мен эмесмин го негизи?

А жөн жерден келип калган акчага эле мен

ушунча боздоп атсам? 2 күндөн бери ичим

эзилип? А чыныгы ээси кантти болду экен? Баягы

кудуңдап, акчаны эсептеп, белине бекем байлап

аткан, сакалдары жайкалган аксакалдын элеси

көз алдыма тартыла түштү. Ал байкуш бул 1

жылкы, 1 уйун канча жылдан бери бапестеп

карап, багып жүрдү болду экен?

Анда дагы саткысы келбей бирок, акчага

зарыккан үчүн базарга жетелеп келгендир?

Андыктан ал аксакалдын бул акчалары

жоголгондогу абалы меникинен 10 эсе оор

болгондугу талашсыз.

Болду, жетишет, жетти, экинчи уурулук кылсам

өлөйүн деп, өзүмө-өзүм сөз берип, Кудайдан

жалбарып кечирим сурадым дагы, мындан

нары, тек гана адал эмгек менен, эч кимге

зыянымды тийгизбестен оокат кылганга аракет

кылам деп чечтим.

Уурулук жакшы нерсеге эч качан алып келбейт.

 

АЯГЫ :

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE