Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Ак көгүчкөн 27 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=12041&preview=true Кызыктуу окуялар.

Ак көгүчкөн 27 бөлүм

Соңку бөлүм. (Аягы)

Өзүмдү жакшы сезип, ден-соолук дагы жакшы болгон үчүн төрөгөнгө чейин ооруканага кайра жаткан жокмун. Ай күнүм келип, жарык дүйнөгө эки уул алып келдим. Жусуп балдардын атын Эрбол, Байбол койду. Биздин үйгө бир убакта эки периште кирип, жашообузду чыныгы бейишке айлантты. Балдарым менен төрөтканада бир айга жакын жатып калдым, балдардын акыбалы жакшы, менин акыбалым бир аз начар болуп, догдур толук даарылап анан чыгууга уруксат берди. Апабыз, Жусуп, Аида өкүл апам, өкүл атабыз, Катя апам болуп чыгарып кетүүгө келишиптир. Балдарымды кооз, окшош ороого ороп алып чыгып баратсак, ары жактан Акжол келип калды. Көргөн көзүмө ишенбейм, таяк таянып бирок өз буттары менен басып калыптыр. Акжолду көргөндө Жусуп жинденип кетти, Акжол Жусупка биринчи жакын келип бир нерселерди айтты эле, Жусуп унчукпай, басылып калды. Өзү балалуу болгондой сүйүнүп, көзүнө жаш алып алыптыр. Колундагы кызыл гүлдү мага сунуп, мага кылган мамилеси үчүн кечирим сурады.

— Айжамал сен бул дүйнөдөгү эң асыл, эң таза пакизат аял заты болосуң. Сен бул бакытка татыктуусун, мен сен үчүн кубанычтамын. Менин өз бутума турганымдын себеби дагы сен болосуң. Бул күнү мен сени куттуктабай койо албайм, дагы бир жолу азыркы жараткан ыңгайсыз акыбал үчүн кечирим сурайм. Сендей аялдан чыныгы Манастай эр жүрөктөр жаралат, эми түбөлүккө кош болгула. Экинчи тынчынды албайм, болгону бул дүйнөдө сен себеп болгон дагы бир бактылуу адам бар экенин билсең болду.

— Рахмат.. Сен дагы сөзсүз балалуу болуп, эң бактылуу бол.

Жылмайган бойдон Жусуптун колун кысып, кетип калды. Акжол сүйлөп жатканда баары Жусуптун акыбалын карап, чочулап унчукпай турушкан эле. Акжол кеткенден кийин, баары кубанып, бизди куттуктап жатышты. Кучагым кызыл гүлгө толуп, атайын буйрутма менен келген узун машинада үйгө кеттик. Биздин үйдө бир жума той болду, мени апам ордумдан тургузбай карады. Операция менен төрөгөн үчүн, биринчи күндөрү бир аз кыйналдым. Бирок баары унутулуп кетти, биз эми балдарым, Жусуп, мен жана эң бактылуу жашоо болуп чогуу жашап калдык. Апабыз биздин кыркыбыз чыкканча кеткен жок, Жусуп дагы үйдөн кеткиси келбей, кетсе дагы кайра үйгө шашат. Бир күнү үйдө олтурсак, терезеден бирөө карап тургандай сезиле берди. Барып карасам эч ким көрүнбөйт, апама айтсам жаңы төрөгөндө кечинде эшикке чыксаң чочуп калдың го деп эмдеп койду. Бирок баарыбир көрүнө берди, Жусупка айтсам, ал деле сыртка чыгып эч нерсе таппай келет. Балдарымды алып кетип калчудай чочулайм. Чын эле бирөө аңдып жаткан экен, Жусуп үйгө келе жатып биздин терезенин түбүндө бирөө турганын көрүптүр. Билдирбей барып кармаса, Жусуптун биринчи аялы экен. Жини менен үйгө сүйрөп кириптир. Апам аны карап анча жактыра берген жок, анткени баласын чанып бирөөгө турмушка чыгып кеткен да.

— Эмне кылып жүрөсүң бул жакта? Уятын барбы? Бирөөнүн бүлөсүн терезеден аңдып, эмне керек?

— Эч нерсе? Мен балдарымды, күйөөмдү көргөнү келдим.

— Акылдан адашкан неме го, күйөөң бул жакта эмес адаштың.

— Жок, менин бир гана күйөөм бар. Ал Жусуп, мен аны жанымдан артык көрөм. Ошол үчүн кызганыч жанымды жанчыса дагы башка бирөөгө ыраа көрүп кеттим. Менден үмүтүн үзүп, үйлөнүп балалуу болсун деп кылдым. Мен эч качан башка бирөөгө турмушка чыккан эмесмин. Кеткен күнүмдөн баштап, Жусуптун артынан калганым жок. Жусуп Айжамалды сүйүп, бактылуу болгонун күндө көрүп турдум. Эми мына балалуу болдук, мен кайра келдим.

— Балалуу болдук дейсиңби? Адашасын, бул балдарды мен төрөдүм. Балдар Жусуп экөөбүздүн балдарыбыз. Сен жинди болуп калдыңбы? Мен сенден күйөөңдү сураган эмесмин, чанып кеттиңби, же башка себеп менен кеттиңби мени кызыктырбайт. Эми бул менин үй-бүлөм. Сенин бул үйгө башка келбегенин туура болот.

— Айжамал, суранам кулуң болоюн мени көчөдө калып, кайгыдан жок болуума жол бербе. Мен Жусупту талашпайм, мен тарапты карабай койсо дагы ыраазымын. Мени мен кыйалданган баладан айрыба. Силерге жолтоо болбойм, малай болом. Бардык жумуштарды кылам, сарайда деле жата берем!-деп тизелеп олтуруп өксүп ыйлады. Канчалык өз үй-бүлөм үчүн ичим таарыса да, тизелеп жалбарган аялдын көз жашы мени кош көңүл калтырган жок. Ыйлаган боюнча, жооп дагы бербей үйгө кирип кетип калдым. Азыр эле бардык жокту тартып алып, мени көчөгө чыгарып койчудай жер чапкылап ыйладым. Эр бермей жан бермей дейт беле. Балдарымды, үй-бүлөмдү бермейчи? Акылыма сыйбайт, же калп айтып жатабы. Ошол бойдон эшикке чыккан жокмун, айланамдагы адамдар ар дайым мени алдап, сатып кетчү эле. Азыр дагы мага Жусуп келип, балдар үчүн рахмат, бара берсең болот деп айтчудай сезилди. Коркконумдан колдорум калтырап, башым айланып, акылга сыйбаган иш кылгым келип кетти. Эгер мени бул жолу да колдонушкан болсо, мен эми көтөрө албайм. Акыркы күнүм ушул болот. Эч кимге, эч качан ишенбейм деп өзүмө сөз бергем, унутуп калганымды карап кой. Билбейм канча убак олтурдум, артымдан Жусуп кирип келип мени кучактады.

— Айжамалым, эмнеге мынча ыйлап алгансың? Мен жаныңдамын, балдарыбыз жаныбызда, мен сени эч качан ыйлатпайм. Мага ишенчи, мага ишенесиңби? Эми эч качан ал аял сенин алдыңдан чыкпайт.

— Чынбы? Чогу болобуз э? Балдарымды алып албайсыңарбы?

— Акылсызым, мындай ойду кайдан алдың? Эч качан, угуп жатасыңбы? Эч качан андай болбойт. Эгер мага жөн гана бала керек болгондо, мен акча берип деле башка бирөөнү төрөтүп алат элем. Мага сүйүүдөн жаралган балдар, сен керексиң.

— Жусуп, мен сага ишендим. Суранам мени сындырып алба, менде калган күч акыркы. Эгер азыр сынсам, кайра бутка тура албайм.

Пример HTML-страницы

Мени сооротуп, сөздү башка нукка буруп, алаксытууга аракет кылды. Бизди коргоо максатында жумушка дагы чыкпай үйдө болуп жатты. Бирок, аялы терезенин түбүнөн эч кетпей койду. Күндү күн, түндү түн дебей ыйлап, олтура берди. Анын ыйын уккан сайын жүрөгүм сайгылашып, чын жүрөктөн аяп кеттим. Беш-алты күн канчалык кууса дагы кетпей койгон кундош менен өзүм сүйлөшө турган болдум. Менин дагы өңүм анча эмес, анткени ал аял кандай ыйласа, мен дагы андан кем эмес ыйлаган элем.

— Тур.. Качанкыга чейин олтурасың бул жерде? Мен сенин үй-бүлөндү бузган жокмун, туурабы?

— Туура..

— Сени күйөөгө чыкты деп мен чыгарган жокмун, туурабы?

— Туура.

— Ошондой болсо, анда эмнеге сен менин үй-бүлөмдү бузган жатасың? Эми өзүң элестет, бир үйдө эки аял жашап жатканын. Балдардын эки апасы, Жусуптун эки аялы болуп турганын. Чыдайсынбы? Кызганычтан жинди болуп кетпейсиңби?

Мени карап, үмүтү жанган немедей сүйүнүп кетти.

— Мен сага Куран кармап ант берем, сенин күйөөңдү эч качан талашпайм. Мага баланын жытына тоюп, чогу силер менен болууга уруксат берсең болду. Аялсың го, мени түшүнчү. Сенин да башыңдан оор күндөр өткөн, эгер азыр мени дагы кууп чыксаң мен жок болом. Жок, мен кетпейм. Мен ушул сенин терезенде качан өмүрүм аягына чыкмайынча тура берем. Эки аял менен деле жашап жатышат го, Айжамал мен бул үйгө экинчи аял катары эмес, кул катары киргим келет.

— Суранам кет, менин жашоомо кол салба. Араң жеткен бактыма тийбе, эгер сага бала эле керек болсо, балдар үйүндөгү кароосуз калган балдарды алып бак. Айрымасы эмне? Менин балдарым деле сага эч ким эмес. Өзүң айткандай аялы өлүп калган, көп балалуу эркек таап турмушка чык. Бизден алыс бол айтор.. Эч качан киргизбейм…

Ачуум менен кагып, силкип сүйлөп үйгө кирип кетип калдым. Өзү айткандай эле ордунан жылбай, олтура берди. Күндүз мейли, түндөсү дагы кетпейт. Акылдан азып калганбы же бала дегенде эки көзү төрт болуп калганбы, түшүнбөйм. Эшикти жыйнап жүрсөм, бечара болуп кайыр сурагансып карайт. Акыры Жусупка башка жака көчүп кетели дедим. Жусуп болсо бул үй ал үчүн өтө баалуу экенин айтып, көнбөй койду. Апабызга айтайын деп чыгып баратсам, ызы-чуу болуп кетти. Эгиздердин чоңу Эрбол ыйлаак болчу, апам Эрбол менен эшикте жүргөн. Жусуптун аялы баланы көрүп, көрүп алайынчы деп чуркап кирип алыптыр. Апам баланы тапчанга жаткырып коюп, бечараны түртүп чыгарып жатыптыр. Ошол жерден менин өзүмдүн окуям көз алдыма келди. Мурунку кайненем мени дагы түртүп эшикке эч нерсеси жок чыгарып койгону. Чыдай алган жокмун, албетте апам анчалык ташбоор эмес, болгону менин көңүлүмдү карап жатпайбы. Бир нерсе десем мени капа болот деп.

— Апа, жөн коюңуз, көрүп алсын.

Экөө тең мени таң калган көздөрү менен карап калышты. Тескери карап көз жашымды аарчып, кайра аларды карап жылмайып койдум. Эгер чындап караганда Жусуп бул аял менен канча жыл бир төшөктү бөлүшүп жатты. Мага караганда көбүрөөк акысы бар. Бул үй биринчи ушул аялдын үйү болгон.

Шашып барып баланы колуна алып, бетин ачып алып суктанып жатты. Менин балам деп эркелетип, өпкүлөп, кеткиси келбей олтура берди. Апам улам мени кылчайып, качан болду кет дейт деп күтүп жатты. Мен болсо өзүмдүн ач көздүгумдун артынан, башка бирөөгө зыян келтирип, бактысыз кылбоону чечтим. Үйгө кирип баратып, кул болгусу келген аялга,

— Кечкиге шорпо салыш керек, бүгүн бизде майрам!-деп кирип кеттим. Ал артымдан ыйлап, рахмат деген боюнча туруп калды. Туура кылдымбы же туура эмес кылдымбы мунун баарын убакыт көрсөтөт. Азырынча бул чоң бакыт баарыбызга жетип жаткан учуру.

 

Аягында бардык окурмандарга айткым келгени, баарыбыз бактылуу бололу. Бактылуу болуу үчүн эмгек жана сабыр гана керек.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE