Пример HTML-страницы

Ак көгүчкөн 26 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=12041&preview=true Кызыктуу окуялар.

Ак көгүчкөн 26 бөлүм 

.

Апамдын алып келген тамагы таңдай жарып, укмуштуу даамы өзүмдүн апамдын жасаган тамагына окшош экен. Той деп жүрүп ачка калган деп ойлоду го апам, аягына чейин калтырбай жеп алсам. Үйгө кетем дегенге көнбөй, мени дагы калтырып кетишти. Жусуп менен апам чыгып баратып, сага конок келди!-деп чыгышты. Бул Катя апам экенин билгем. Баягы эле күлмүңдөгөн көздөрү мени мээрим менен карап, мен тарапка келе жатты. Биз жакшы деле сүйлөшө элек болчубуз, жаныма келип колумдан кармап олтурду. Турайын десем тургузбай, өзү мени кучактап алды. Экөөбүз көпкө сүйлөшүп, менин бактылуу экенимди көргөнүн, эми көңүлү тынч жүрөөрүн айтты. Буйруса мен төрөгөндө дагы келем деп убадасын бекем берди. Жумушун шылтоо кылып, ошол күнү кайра кетип калды. Албетте мен жибергим келбей, жаман болдум. Анткени мен Катя апама Кыргызстан тууралуу айтып бергенде көздөрүм жаным, мекенге болгон куса Кыргызстанды андан дагы кооз кылып сүрөттөөгө түрткү болгон. Азыр болсо Катя апа эч жерди көргөн жок, апам кал десе дагы көнбөй коюптур. Мен оюмда Катя апаны Ысык-көлгө алып барсамбы дедим эле. Анан Ошко, Таласка айтор Кыргызстандын булуң бурчун көрсөтүү максатым бар эле. Катя апа кеткенден кийин бир жаш бала гүл көтөрүп, дагы бир чакан оролгон белек алып келиптир. Унчукпай таштап кетип калды, качан гүлгө илинген кагаздагы жазылган өз атымды окуганда мага экенин билдим. Ал жерде:- (котормосу) Кымбаттуу менин Айжамалым, мен сен үчүн кубанычтамын. Бейиши болсун, сиңдим Люданын көөнү тынч жата турган болду. Сиңдим акыркы күндөрү сени мага катуу табыштап калган эле, ал мага ушул кызды таштаба, жардам бер деп кеткен. Өзүң көрүп тургандай менин дагы ичээр суум саналуу калды. Максатым сенин төрөлө турган балаңды көрүү, мен ал үчүн албетте кайра келем, эгер кудай өмүр берсе. Сен эң чоң бакытка татыктуу жансың, мен сени жакшы көрөм. Өзүңдү жакшы кара, небере жытын бир гана мен эмес, менден башка күткөндөр аябай көп. Сураныч бар, сен бул суранычты кабыл алууга милдеттуусун. Сага калтырып кеткен үйдү саттым. Ал акчаны мен аркы дүйнөгө алып кете албайм, өзүң үчүн эмес, эми сен ичиңдеги ымыркай үчүн алууга милдеттуусун. Кош кызым, көрүшкөнчө………..

Жылуу сөздөр жанга жагымдуу экен, Катя апанын кеткенине өкүнүп алдым. Оролгон белекти ачсам, эркек балага ылайыкталган көз жоосун алган кийимдер экен. Баламдын бул кийимди кийип, койнумда эмип жатканын элестетип алыптырмын. Өзүмчө бакыттын жетинчи катмарына сиңип, ичимди сылап, балам менен сүйлөшүп, четтен караган адамга акылдан азган сыяктуу көрүнүп турганым анык. Жусупка Катя апа таштап кеткен акча тууралуу айткан жокмун, туура эмес түшүнүп калсачы деп корком. Ушунча нерсени көрүп, эркек кишиге керектүү гана нерсени айтуу керектигин түшүндүм. Жан дүйнөңдү толук ачып, өзүңдө болгон мээримди түк калтырбай берсең, бааланбай тебелендиде калат тура. Мага балам күч берип, бир жумада ооруканадан чыгып келдим. Жусуп жумушка кетет, мен болсо үйдө олтурам. Бир кезде өзүм, мага кичинекей гана бакыт керек, үйдө тамак жасап, жолдошумду күтсөм, биздин балабыз болсо деп тилек кылган элем. Кудайым кур койгон жок, тилигимди берди. Азык-түлүк дагы өзү алып келет, кечке байланышып акыбал сурайт, эмне жегиң келет деп сурайт. Мен болсо башка аялдардай бир нерсеге талгак болгон жокмун, жок мен бакытка, мээримге талгак болдум. Мени канчалык аярлап турса ошончолук көөнүм ток. Билинбей күндөр өтө берди, мен болсо уламдан улам оорлошуп бараттым. Догдур мени биротоло кайрадан ооруканага жаткырып салды. Мен болсо Жусупту сагынам, Жусуп күндө келсе дагы мага аздык кылып, ар дайым жанында болгум келет. Жусуп болсо эрке деп тамашалап калат. Бүгүн дагы Жусуп кеткен соң уктап калыптырмын, күндүз уктабайт деп бекер айтылбаса керек. Кыйналдым… Түшүмө өзүмдүн апам кириптир. Апам кээде жаш балдарды киренелеп койчу эле, кээде мага деле дем салып койчу. Баягы биз жашаган жаман үйдө экенбиз. Апамдын жаткан керебет дайымкыдан кеңейип кеткен. Апамдын жансыз денесине ак шейшеп жабылып турат, апамдын бут жагында дагы бир аял киши жатыптыр. Мен аны көрүп алып өзүм го деп аябай корктум. Жаткан аял кишинин жүзүн көрө албай айлам кетти. Апамды жоктоп бейтааныш адамдар келип кетип жатышат. Мен болсо ал ким экенин биле алган жокмун. Ыйлап, түшүм экенин мыкты түшүнүп турам. Бирок ошол аял өзүм, демек мен бир бөйрөк менен төрөй албай өлөт экенмин деген жыйынтык чыгардым. Байкуш балам, өзүмө окшош жетим болот экен да. Мага жазган тагдыр балама дагы жазылганын карап кой. Ыйлап олтурсам бирөө ичимден назик сылап өттү. Башымды көтөрсөм апам экен, көйкөлгөн ак көйнөгүн кийип алып туруптур.

— Апа, жаныңда жаткан ким? Апа, эмнеге мен суранганда жанымды албайт? Эмнеге балама дагы жетимдик күндү буйруп койду кудайым?

Апам мага жооп берген жок, жылмайып гана ичимди кармап дем сала берди. Чочуп ойгонсом мени жанымда жаткан келин ойготуп жатыптыр. Катуу бакырып, ыйлап кыйналыптырмын. Башым катуу ооруп, көзүм кызарып кетиптир. Ошол түш тууралуу ойлонуп, маанайым дагы түшүп кетти. Эртеси дагы башым ооруганы күчөп, кан басымды текшертсем көтөрүлүп кетиптир. Катуу кароого алып, жанымдан кетпей жатышты. Бир убакта мага бирөө келгенин айтып, чакырышты. Акырын басып чыксам Акжол олтурат. Кайнагам алып келиптир, кайнагам ары жакта өзүнчө ойлуу отуруптур. Ушунча болду келген себебин билейин дедим. Акжол мурункудай эле майып арабада экен.

— Айжамалым, көгүчкөн кандайсың. Акыбалын дуруспу? Мен сен үчүн кубанычтамын.

— Рахмат, ошону айтканы келдиңби? Анан мен эми сеники эмесмин.

— Билем…

Акжол үшкүрүп, бир топ сөз баштай албай жаштанып алды.

— Айжамал, сени менен коштошуу үчүн келдим. Жок, эң биринчи кезекте кечирим сурайм. Апам үчүн. Бечара апамды кечирип койчу, кабыр азабынан сактап кал апамды.

— Эмне дейсиң? Эмне деп жатасың? Апам, кантип эле? Айтчы деги эмне болду?

— Апам, ошол сен кеткен күндөн тартып ооруду. Жүрөгүм деп бир маал кармап калчу. Анан бир күнү уктаган бойдон кете бериптир, билем апам балам деп кылган иштери туура эмес. Ал иши үчүн апамдын кыйналуусун каалабайм. Суранам кудай үчүн апамды кечирчи, колуңдан келсе кечир. Сенден алган акча деле буйруган жок, ошол акыркы сапарга узатуу үчүн жумшалды. Акча бакыт алып келген жок.

Мен ыйлаган боюнча кирип кетип калдым. Аз убакыт ичинде мен апамды чын жүрөктөн жакшы көрүүгө үлгүргөн элем. Мага кылганын эчак унуткам, эч качан кек сактаган жокмун. Кечиргем. Кудай өзү тараза, кудайыбыз кечирип жаткан биз адамдар ким болуп калыптырбыз. Догдур ыйлап жатканымды көрүп, Жусупту чакырыптыр. Жусуп мени катуу урушту, бала үчүн өзүңдү сакта деп. Көзүмдөн жаш токтогону менен жүрөгүм ооруп жатат. Эми түшүндүм, апамдын жанында жаткан аял кайненем экен да. Ананчы экөө эже сиңди, курбу эмес беле. Жусупка айтсам, Жусуп унчуккан жок. Кайра Куран окуп, бата кылды. Үйгө кетем деп туруп алдым, араң суранып жатып бир күнгө Жусуп мени үйгө алып кетти. Үйдө тынч уктайм деп ойлогон элем болгон жок, түшүмө дагы апам кириптир. Апам, апамдын балдары болуп бир машина менен бир жакка баратыптыр быз. Мени орто жолдо калтырып кетип калышыптыр. Мен ээн талаада жалгыз калып, эмне кылууну билбей ыйлап турам. Эки жакка өткөн унааларды токтотуп, мени жеткирип койчу десем эч ким мени укпайт. Кайдандыр Жусуп пайда болуп калды. Жусупка калып калганымды айтсам, барбай эле кой кыйналсын дейт. Коңгуроо кылып, калып калдым дейин десем иштебейт. Ызы-чуу болуп жатып кантип кайрадан барчу жерге барып, туугандарыма аралашып калганымды билбейм. Бейтааныш, муздак жерде турсам бир жыртык чапан кийген орой киши жаныма келип, мага көңүлгө тийчү жаман сөз айтты. Эмне дегени эсимде жок, бирок катуу ызаланганым эсимде. Ал киши менен катуу урушуп жатсам, апам бечара ортого чыга калды. Адамдар көбөйүп, бизди башка адамдар куурчап алды. Апам мени каардуу карап,-бул жакка эмне келдиң, өзүңдөн улууга эмне үн көтөрүп жатасың?-деди.

— Апа, апа уксаң!-деп мен болгон окуяны айтып берейин деп аракет кылдым, апам мени укканча болбой ортого бир картаң чал аралашып кетти.

— Сен, неберең үчүн жооп бересиң. Бул кыздын тартипсиздигин карап турган көздөрүң курусун!-деп апамдын көзүнө бир нерсе шыбап салды. Апам ушундай чаңырып жатат, ал тургай төшөктө ооруп жатканда да мынчалык онтогон эмес эле. Апамдын көзүн арчыйын десем мени өткөрбөй коюшту эле, мен ошол чалды түртүп апама жетип бардым. Көйнөгүм менен көзүн сүртүп, ал жерден алып кетүүгө апамды көтөргөн жатсам жанагы чал менин көйнөгүмдү тартып, жибербейт. Өзүнүн колундагы апамдын көзүнө сүрткөн нерсесин алып, өзүнүн көзүнө чачтым да, апамды көтөрүп чуркап кеттим. Жусуп ары жактан бул жакка келгиле деп чакырып жатыптыр, сүйүнүп барып олтуруп жөнөп кеттик. Апам көзүн сүртүп, мага колундагы бир нерсени Акжолго берип койчу, апасы берип жиберди деп берди. Өз колуна бер, аябай суранды деди. Эмне экенин карабай деле калыптырмын. Бир маалда артымды карасам унаанын артында толтура уул балдар экен. Биз качып кеттик, жанагы балдарды бечара кор болгондор деп ойлодум. Анан тынч жерге келип сыртка чыксак апам жоголуп кетиптир. Мен мени кучактап жаткан эркек майда балдарга кубанып, алаксып кетип апамды унута коюптурмун. Жусуп ойготуп жиберди, эмне жыргайсың дейт. Балдардын кучагында калдым десем уулду болобуз го деп жооруп койду. Таң атаар замат мени кайра ооруканага алып барып таштап кетти. Мени ошол оорукананын эле башка бөлүмүнө УЗИГЕ жиберишти эле мен айтпай качып кеттим. Акжолдун мурун биз чогу алган шаардагы үйүнө бардым. Барсам агасы ачып, азыр чакырам деди эле, мен керек эмес дедим. Колумдагы жана үйдөн алып чыккан Катя апам берген акчанын жарымын колуна акырын карматтым.

— Мен Акжолго эч качан жамандык каалаган эмесмин. Бул акча менден экенин билбей эле койсун, балким кийин кайтараар. Азыр эң башкысы бутуна туруп алсын, керек болсо бул үйдү сатып, өзү эңсеген жакка барып операция кылдыргыла. Мейли жакшы тургула.

 

Билбейм, бул кылганым туурабы же туура эмеспи. Апамдын берип кой дегени эмне экенин көрө албай койдум эле, балким мендеги нерсе деп ойлодум. Мейли, Акжолду карай турган эми эч ким жок. Азыр бутуна туруудан бөлөк айласы да жок. Кайра ооруканага келип, жөнөткөн жерине кирсем мени издеп баштаптыр. Бир аз тилдеп, анан УЗИге тартты эле ичимдеги эгиз эркек балдар экен.

 

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE