Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Ак көгүчкөн 24 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=12041&preview=true Кызыктуу окуялар.

Ак көгүчкөн 24 бөлүм 

Өзүм каалагандай кылып алтын, күмүштү алып кайра кайттым. Адам бир нерсе болуп жатканда акыл эсин жоготуп койот, мен дагы Жусуп менен чогу болгондо бардык нерсени унутуп коюп жатам, балким Жусуптун аялы турмушка чыкпаган чыгар. Жусуп экөөбүзгө жол ачып жаткан болсочу? Эмне болсо да, Жусуптан алыс болуу керек. Бирөөнүн көз жашынан бакыт кура албайсың. Мурун Жусупту менден кандай кызганаар эле, азыр деле ичине туз куйгандай ачышып жатса керек.

Жумуш дагы жакшы болбой калды, алып келген алтындар жарымы өтсө жарымы өтпөй. Жарымы өтсө да карызга кетип, жалгыз башыма кеткен чыгаша дагы көп көрүнүп калды. Айла жоктун амалы дагы келди, чет өлкөгө иштеп кетсем окшойт. Башыма кыйынчылык күн келгенде качып жүрөм дайыма. Кыйынчылык менен бетме бет келип, өз күчүм менен алышканча качым кеткен оңой туюлат. Кээде унчукпай койуу, эч нерсе кылбоо эң туура жол эмеспи.? Же бир нерсе кылсам, башка бирөөнүн жүрөгүн жаралап алам деп коркот окшоймун. Ойлонуп акыры, калган алтындарды Аида эжеге дүң баада берип, калган карыздарды чогултуп, Аида эжеге карызымды толук берип салдым. Өзүмө кичине акча калды эле, Орусияга барууну көздөп, ошол жерден жумуш таап, жайгаштырып жардам берүүчү жерге бардым. Башка тааныштар жок болсо эмне кылайын. Бат иштешет экен, мейманканага ашпозчунун жумушун таап, жатакана ошол жерден экенин айтып, үч күндөн кийин учуп кетесиң дешти. Эч ким менен коштошпой кетем дагы, Аида эжеге айттым. Эжем каршы болуп чыкты, менин үйүмдө жаша, мага жардамчы бол, ошол акчаны берем дейт. Аида эже менин Жусуптан качып жатканымды кайдан билсин.

— Жусуп эмне болду Айжамал? Дагы таштап кетесиңби?

— Өзү эч нерсе деп сөз баштаган жок. Мамилебиз бир туугандай эле калат го.

— Бактылуу болсоң экен деги, турмуш дагы ак көңүлдү таап жазалайт экен негизи. Ар бир экинчи эркекке этегин ачып бергендер бактылуу болуп эле жүрүшпөйбү. Алардын ата-энеси, үй-бүлөсү, башында жашай турган жайы бар. Жашоо адилетсиз.

— Антпесеңиз эже, Кудайым дагы сыноону көтөрө алган жанга берет.

— Аның чын.. Мейли эгерде ырыскың ошол жакта болсо, айла жок бары терип жейсиң да. Суранаарым дагы бир жакшылап ойлонуп көрчү.

— Баарын ойлондум Аида эже..

Үч күндөн кийин, Аида эженин суранычы боюнча Москвадагы дарегимди, иштөөчү жайымдын дарегин жазып берип, Жусупка айтпай учуп кетип калдым. Акмактын ишин кылдым, адамга үмүт берип коюп дагы бир жолу качып кеттим. Канчалык ыйласам дагы Жусуптун алдында күнөөм кемибейт болчу. Ыза ичиме батпай, көз жашым өзүнөн өзү агып, аябай кыйналдым. Өзүмдү алаксытуу үчүн, эс албай иштедим. Жумуштан чарчаганда башка нерсени ойлоого акыбал келбей калат экен. Баарыбир, баарыбир Акжол мага кылган иши, артымдан сайган күтүүсүз бычактын ийзи, Жусупка болгон мурунку сезимдин ойногусу мени тынч койгон жок. Ыйлап уктап, ал тургай түшүмдө дагы ошолорду коруп, ыйлап ойгонуп жаттым. Убакыт баарына даары дешет беле? Ким айтты ошентип? Ооруп турган жара ооруп тура берет, болгону биз ошол ооруга көнүп калабыз. Окшош күндөр өтүп айга айланды, биринчи айлык маяна алдым. Эң жаманы мен эмне үчүн иштеп жатам, ошону түшүнө албадым. Бул жерден эч жака чыкпасам, же күйүп бышып иштеген акчама таттууларды, кийимдерди алып берчү балдарым болсочу. Мен тирүү өлүккө айландым, мага эч нерсе кызык эмес. Же башка аялдай болуп, мурунку күйөөмдүн, Акжолдун акыбалына дагы кызыккан жокмун. Каргап, жамандык дагы тилеген эмесмин. Ансыз дагы жан дүйнөсү жарым жандын бактылуу гана болушуна тилектешмин. Мейли бакытын менден таппаса, ошол менден тартып алган акчадан тапсын…..

Бул жакка келгениме эки айга жакындап калган кез эле, жанымдагы кыздар менен бир нерсени сүйлөшүп, күлүп олтурган элек. Биздин үстүбүздөн караган орус кыз күлүмсүрөп кирип келип, — Айка, сени эшикте бирөө чакырып жатат!-деди.

Ким болду экен? Менин бул жерде эч кандай таанышым жок болсо. Же күндүзү иштеген кыз бекен? Менден тойго кошумча деп карызга акча алды эле, бирок ал үч саат мурун эле жумуштан кетпедиби беле. Анан айлык деле тийе элек болчу. Үстүмдөгү ак форманы алмаштырып, ким экенин көрүүгө шашып жөнөдүм. Мени кубаныч, кызыгуу, сүйүнүч басып турду. Кандайдыр бир саамга, өзүмдүн бул дүйнөдө жетим экенимди унутуп алдым. Акыбал сурап эч ким коңгуроо кылбаганына, бирөө жоктоп келбегенине көнүп калган элем. Чыксам эле эч ким жок экен, кайра мени тамашалап койгонбу деп маанайым түштү. Бир чети ызырынып алдым, бирок менин эч кимим жок экенин эч ким билбейт экенин эстегенде, жиним тарап кетти. Көзүмө жаш алганы дагы жетиштим, жашоомдо кимдир бирөөнүн жөн гана мени сурап коюусуна зар экенмин көрсө. Көз жашымды жашыргым келип башымды жерге салып, артка күч менен бурула бергенде, бирөөнүн күчтүү сөлөкөтүндө урундум. Башымды акырын көтөрсөм Жусуп экен, колунда мен сүйгөн гүлдөр. Бир кучак гүлдөр, бул гүлдөр мени бакытка алып учту. Гүлдөрдүн аңкыган жыты мени бакытка мас кылды. Баарын, баарын унуттум. Жусуптун кучагына куладым, биринчи ирет көз жашым үчүн уялган жокмун. Баары, баардыгы көрсүн. Бул бакыттын көз жашы экенин баары көрсүн. Мен дагы бактылуу боло алам, көз жашымдан эми уялбайм. Анткени мындан ары бакыттын гана көз жашын төгөм. Жусуп дагы мени жибербей кучактап тура берди..

— Мен сени сагындым, сагындым. Мага баарыбир, эми меники гана болосуң.

Пример HTML-страницы

— Сеники болом, сеники гана.

— Эми эч качан качып кетпейм, таштап кетпейм деп сөз бер мага. Суранам сенин бир убадан биздин жашообузду чечет. Жалжал көзүм, жалгызым, жаным, назигим убада берчи, сөз берчи.

— Сөз берем, убада берем.

— Канча жолу мени жалгыз таштап кеттиң, качып кеттиң.

— Бир эле жолу, ушул кеткеним биринчи болду. Мен сенден биринчи кадам күттүм, менин кандай кыйналганымды билсең кана. Сен дагы эми мен алдаба.

— Мени таштап башканы жакшы көрүп калганың? Аврамды издеп келип, мага айтпай кетип калганың? Баары жакшы болуп келе жатканда дагы бул жакка кетип калганың? Сен дагы билсең кана сенин ар бир кеткениң мен улам өлтүрүп жатканын.

— Мен Израилде жүргөндө, артыңдан барам деп алып, убадага турбай ким үйлөнүп алды? Кийин бизди турмуш эки жолго салган эле, сен үй-бүлөлүү элең. Мен дагы анда башканы деп жүргөм, азыр болсо сенин үй-бүлөндү бузгум келген жок.

— Сен бузган жоксуң, ансыз дагы араң турган эле. Чыдаган жок, өз үйүн өзү талкалап кетти. Башканын колун кармап кетти. Үйлөнүп алганда болсо, сени менен чогу турган Люда апаң мага байланышып, сен башка бирөөнү жактырып калганыңды, ансыз жашай албайт экениңди, бирок ал сүйүүгө жетүүгө мен гана тоскоол болуп жатканымды айтты. Сенин ошол учурда кыйналып, мен үчүн бактындан баш тартып жатканыңды, эгер мен өзүм сенден баш тартпасам өмүр бою бактысыз болушуңду айтты. Анан айтчы, кантип сени бактысыз жашоого ыраа көрөм? Мейли мен эптеп күнүмдү көрөм, бирок сенин бактысыз экениңди, көзүңдөн жаш акканын көрүүгө чыдабайм.

— Люда апам акыркы сөзүндө ушул тууралуу айткан экен да. Кайран апам, мени дагы өз кызындай бактысыз болбосун деп, мага айтпай ушул ишти кылган тура. Жусуп, туура мен ал убакта адаштым, сен дагы. Кел баарын унутуп, жаңы жашоо баштайлы. Арадан өткөргөн бош жылдарды бакыт менен толтуруп алалы.

— Кеттик…

Жусуп кеттик дегенде, кайда?-деп сураган жокмун. Анткени Жусуп менен кайда барсам дагы мага баарыбир эле. Кудай мага дароо бакыт жөнөтсө, мен аны кабыл албай, качып өзүмдү өзүм кыйнап жүргөн экенмин. Азыр болсо жасап жаткан жумушумду дароо таштап кетүү, жоопкерчилиги жок адамдын ишине жатмак. Үмүттүү көздөрүм менен Директордун көзүн карасам, ал жылмайып туруп башын ийкеп койду. Менин түнт жүргөнүмдү көрүп, сүйгөнү менен таарынышып жүрөт деп билген экен. Жусуптун издеп келгенин көрүп, жолуңдан калба дегенсип, башын ийкеп койду. Сүйүнүп, кийимдерди чогултуп баштадым. Жусуп мага ишенгенби, айтор кайра кайтууга экөөбүзгө тең билет алып коюптур. Мен жырым ай иштеген майанамды, карызга берген акчамды дагы эстебептирмин. Бир нерседен кур калчудай, сүйүнүп кетип жатсам мүдүр чакырып, иштеген айлыгымды эсептеп колума карматты. Ыңгайсыз болдум, айтпай туруп жумушту таштап кетип жатканыма. Баары менен коштошуп биз кетип калдык. Кыргызстанга учуп келсек, бизди Аида эже тосуп алды. Таң калып калыптырмын, көрсө Жусуп Аида эжеден суранып жүрүп дарегимди алыптыр. Бир жолу Аида эженин үйүндө жашап жүргөндө, Жусуп жеткирип келген эле да.

 

Уландысы бар

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE