Пример HTML-страницы

Абдишукур ажы Нурматовдун билдирүүсү

https://kyrgyzcha.site/?p=15034&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Мекке шаарындагы кайгылуу окуя боюнча Абдишүкүр ажы Нарматовдун билдирүүсү.

 

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы, Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов ыйык Мекке шаарында болуп өткөн окуя боюнча өз ой толгоосун сайтыбызга билдирди.

Анда мындай деп айтылат:

1. Мекке шаарында болуп өткөн окуя жүрөгүбүздү жаралап, терең кайгыга чөмүлттү. Бирок, биз мусулмандар бул жана мына ушундай окуяларды Алла Таала Ыйык Куранда айткандай кабыл алуудан башка айлабыз жок. Бул тууралуу Ыйык Куранда минтип айтылган:

الَّذِينَ إِذَا أَصَابَتْهُم مُّصِيبَةٌ قَالُواْ إِنَّا لِلّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعونَ {البقرة/156}.

«Ыймандуулар Алла Тааладан келген кайгы-кырсыкка: «Чындыгында, биз Алла Таалага таандыкпыз жана Анын Өзүнө кайтып барабыз!» – деп айтышат».

 

2. Шамал, өрт, кыян-сел, зилзала, айтор, мына ушул сыяктуу апааттардын баары Алла Тааланын кудурети жана аскерлери (жунуудуллаах – جنود الله) болуп саналат. Алла Тааланын аскерлери келген кезде баарын кыйратып ийем деп кыйынсынган адам да, экономикалык жактан аябай өнүккөн бай-бакубат мамлекет да ал аскерлерге каршы туралбайт жана анын алдында алсыз болуп калат. Алла Тааланын аскерлери тууралуу Ыйык Куранда мына мындай деп айтылган аят бар:

وَمَا يَعْلَمُ جُنُودَ رَبِّكَ إِلَّا هُوَ وَمَا هِيَ إِلَّا ذِكْرَى لِلْبَشَرِ {المدثر/31}.

«Жараткан Эгеңдин аскерлерин (санын, күчтүүлүгүн…) бир Алла Тааланын Өзү гана билет. Бул (насааттар) болгону адамдар үчүн эскертме гана».

 

3. Өлүм – ак. Өлүм – бул чындык. Өлүмдөн эч бир жан кача албастыгы тууралуу Курани Каримдин үч аятында:

كُلُّ نَفْسٍ ذَآئِقَةُ الْمَوْتِ … {آل عمران/185}، {العنكبوت/57}، {الأنبياء/35}.

«Ар бир жан өлүм даамын татуучу», – деп айтылат.

Ошондой эле Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед Мустафа (ﷺ) өзүнүн куттуу хадистеринин биринде шахид болгондор тууралуу айтып, алардын арасында «… бир нерсенин астында калып өлгөндөр шахид», – деп айтканы бар.

Эми жөн жерде эмес, Алла Таалага эң сүйкүмдүү жана Алла Таала менен Пайгамбарыбыз (ﷺ) ант ичип айткан эң ыйык жерде, ал жерде окулган намаз башка жерлерде окулган намаздан 100 000 эсе көп соопко эгедер кыла турган жерде көз жумган мусулман бир туугандарыбызды Кудай Таалам шахиддердин катарынан кылуусун үмүт-тилек кылабыз.

 

4. Ошентсе да, «беш кол тең эмес» дегендей, кээ бир адамдар жумурткадан кыр издеп, бөйрөктөн шыйрак чыгарып, бул окуяны шалаакылыктын, кайдыгерликтин, кенебестиктин айынан болду дегендей баа берип жатышат.

Окуянын келип чыгуу себептери акыр-аягына дейре кылдат каралбай туруп, сырттан баа берүү да, күнөөнү жеке бир адамга же кайсы бир мекемеге жүктөп коюу да туура эмес. Анткени, болжолдоо, божомолдоо башка, баа берүү же күнөө коюу башка.

Эгерде, ал окуя чындап эле кайсы бир мекеменин же кимдир бирөөнүн шалаакылыгынын айынан болгон болсо, ал Алла Тааланын алдында да, мамлекеттин алдында өз жазасын алаарына толук ишенебиз жана андан ныпым да шектенбейбиз.

 

5. Дин душмандары бул окуядан кийин Ислам динине, мусулмандарга сын тагып, мусулмандарды кош көңүлдүк мамиле же шалаакылык менен айыпташы мүмкүн. Бирок, ошол эле өнүккөн Батыш өлкөлөрүндө же мухиттин аркы жээгиндеги өлкөлөрдө кыян-ташкын болуп, сел жүрсө, шамал, бороон-чапкын болуп миңдеген адамдар мерт кеткен учурда ага эч ким, эч бир ЖМК (жалпыга маалымдоо каражаты) унчукпайт. Эгерде ошондой эле нерсе мусулмандарга тиешелүү жерлерде болуп калса эле, жабалактап баары баса калышат да, өз божомолдору менен бирөөлөрдү же кайсы бир мекемени күнөөлөп, серепчилери сындап, ал тургай өз баасын берип ийгенге да жетишет.

Жеке мен өзүм бир канча жолу ажы-умрага барып келген жөнөкөй зыяратчы катары Сауд Араб мамлекетинин Алла Тааланын конокторуна, зыяратчылар менен ажыларга кызмат кылуу, алардын шарттарын жакшыртуу үчүн миллиарддаган акчаларды иштетип (коротуп, каржылап) жатканын жакшы билем.

 

Жогоруда да айтылгандай, Ыйык Куранда Алла Таала:

وَمَا يَعْلَمُ جُنُودَ رَبِّكَ إِلَّا هُوَ وَمَا هِيَ إِلَّا ذِكْرَى لِلْبَشَرِ {المدثر/31}.

«Жараткан Эгеңдин аскерлерин (санын, күчтүүлүгүн…) бир Алла Тааланын Өзү гана билет. Бул (насааттар) болгону адамдар үчүн эскертме гана», – деп айткан.

Бул окуяга себеп болгон катуу шамал да Алла Тааланын аскери экендигинде биз мусулмандардын эч бир шегибиз жок. Мына ошондуктан, бул окуяны Алла Тааланын эскертүүсү катары билгенибиз, ошондой кабыл алганыбыз оң.

Оо, Алла Таалам!

Меккедеги окуядан улам көз жумган мусулман бир туугандарыбызды Өз ырайымыңа алгын!

Аларды шахиддердин катарынан кылгын!

Кыямат күнүндө «Лаббайка, Аллоохумма лаббайк!» – деп талбия айтып тирилүүчүлөрдөн кылгын!

Алардын жакындарына сабырдуулук бергин!

Учурда ажылык амалдарын аткарып жаткан ажылардын, алардын арасында Кыргызстандан барган ажыларыбыздын да ажылыктарын кабыл кылып, энеден жаңы төрөлгөн наристедей күнөөсүз пенделериңден кылгын!

Ошондой эле болуп өткөн кырсыктан жаракат алгандардын шыпаа таап, батыраак сакайып кетүүсүн Алла Тааладан суранып-тилейбиз.

Ажылык зыяратына барган ажылардын ажылык амалдарын толук аткарып, өлкөбүзгө аман-эсен жетип келүүсүн насип кылгын!

Деги эле бүтүндөй ааламда тынчтык, аман-эсенчилик болсун!

Оомиин!..

 

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы, Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE