Пример HTML-страницы

А.Искаков бала бакчадагы кезинен бери шахмат ойноп, азыр мелдештерде ийгиликтерге жетишип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарынын 14 жаштагы тургуну Абдурахим Искаков бала бакчага барган кезинен эле шахмат ийримине катышып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда 8-класста окуп жатат.

«Окуумду ийгиликтүү аяктап, чет өлкөгө окууга тапшырайын деген максаттарым бар. Шахмат менен машыкканыма 8 жыл болду. Волейбол менен 3 айдан бери машыгып жатам. Күндө машыгууга волейболго 4 саат, шахматка 2 саат кетет.

Шахмат ойноого апам түрткү болгон. Бала бакчага барып жүргөндөн баштап эле, бала бакчада өткөн ар кандай сынактарга катышып, алдыңкы оорундарды ээлеп жүрдүм. 6 жашка чыкканда эртең менен апам жетелеп бакчага алып келип, кайра саат 11:00дон 12:00го чейин шахмат менен машыгууга алып кетип, кайра бала бакчага жеткирип турчу. Ошол кезден баштап шахмат оюнуна кызыгып бара баштадым. Апамдын эмгеги зор, таенемдин эмгеги колдоосу чоң.

2017-жылы Каракол шаарында өткөн шахмат мелдешине катышып, 1-орунду, 2018-жылы Нарын шаарында өткөн шахмат мелдешине катышып, 3-орунду ээлеп, 2020-жылы Ош шаарында өткөн мэриянын кубогунда 2-орунга ээ болдум. 2020-жылы Тараз шаарында (Казакстан) шаарында өткөн турнирде 2-орунду багындыргам. 2021-жылы Талас шаарында өткөн шахмат мелдешинде 1-орунду ээледим.

2018-жылы өткөн «Талас Оpen» аталышындагы шахмат мелдешинде ойноп жатып каршылашымдан утулуп жатканымды байкап, эмне кыларымды билбей, бир чети апамдан уялып, көпкө ойлонуп, шахмат фигурасын жүрбөй отуруп алдым. Бирок аябай аракет кылып жатып акыры утуп алдым. Ошол күнү аябай сүйүндүм. Кээде утулуп жатканымда каршылашыман «ничья» сурап дагы күлкүлүү жагдайлар болот.

Окуумду ийгиликтүү аяктап алгандан соң, чет өлкөгө барып билимимди улантып, апамдын жана таенемдин мээнетин актап, чет өлкөнү кыдыртсам деген тилектерим бар. Бир кесиптин ээси болуп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берсем дейм. Ошол менен биргеликте шахмат ийриминде дагы жаш кичинекей балдарга шахмат үйрөтсөм дейм», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE