Пример HTML-страницы

Көр тириликти бүтүрүп алалы, анан бактылуу жашайбыз

https://kyrgyzcha.site/?p=9035&preview=true Кызыктуу окуялар.

«КӨР ТИРИЛИКТИ БҮТҮРҮП АЛАЛЫ, АНАН БАКТЫЛУУ ЖАШАЙБЫЗ»

– «Көр тириликти бүтүрүп алалы, анан бактылуу жашайбыз». Бул сөздү жолдошумдан көп укчумун. Студент кезден Кубан экөөбүздүн сүйүүбүз аңыз болуп жүрүп баш кошкон элек. Анын аракетчилдиги, амбициясы жагар эле. Мындай жигитти ким жактырбасын, бирок…
Экөөбүз үйлөнгөндө көпчүлүк эле жаштардай жашоону жаңыдан, нөлдөн баштадык. Бул жактагы жумушу көңүлүнө туура келбей, акчасы да аз болуп, Орусияга иштегени кетти. Мен кайним, кайын сиңдим менен Бишкекте калдым, боюмда бар. Күндөр өтүп жатты, алгач анча билинбеген менен, бара-бара жалгыздыктан кыйналып жүрдүм. Ай-күнүмө жетип? уулдуу да болдук. Кубандын иши жакшы жүрүшүп, жаңы конуштардын биринен жер тилкесин алып, кайнимдердин көмөгү менен Кубан каалагандай үй салып алдык. Көз ачып жумганча арадан 5 жыл өтүп кетти.
Аялы менен күйөөсү алыс болсо чоочун адамдардай болуп калышат экен. Келип-кеткенде деле Кубандын мурункудай мамилесин байкай албай кыжаалат болом. «Жашообуз орточо болуп калды, кетпей эле кой» десем такыр укпады. Келгенде деле мурункудай ачылып сүйлөшпөй, кээде көңүлүмдү оорутуп коюп жүрдү.
– Кубан!
– Эмне?- дейт корс эте.
– Турмушубуз жетиштүү, мен деле иштеп жатам. Сен эми кетпей эле койчу. Амирдин, менин жанымда болгонуң эле жакшы. Жашообузду бул жактан деле оңдоп алабыз.
– Жок, дагы бир аз иштеп келейин.
– Балаң атасы туруп башкаларды аталачу болду.
– Чыдагыла…
Ушул сөз көңүлүмө октой тийди. Ачууга алдырып кыйкырып кирдим.
– Аялыңды тирүүлөй жесир, балаңды жетим кылып тапкан оокатыңдын кимге кереги бар?! Жетишет!
– Энеңди…
Ушинтип жашыма муунуп ыйлап жаткан мени Кубан жатыркай тиктеп алды да, терс бурулуп жаздык менен башын чүмкөп жатып алды. Аял үчүн мындан өткөн кордук жок экен, аялы болуп туруп күйөөңө тилиң өтпөгөнү, жаркылдап жанында жүрө албаганың…
Жолдошумдун көз көрүнөө алыстап баратканын жүрөгүм сезсе да, колумдан келе турган чарам жок. Дартымды эч кимге айта албайм. Эненин жүрөгү сезгич эмеспи, апам гана байкап «Аял төөдөйдү төшүнө, аттайды алдына басып анан аял болот. Келет, бышактабай жөн жүр» деп кайрат айтымыш болот.

АТЫ ЖАМАН ООРУ
– Он жыл менин күлгүн жаштыгым күтүү менен өттү. Кубан Орусиядан биротоло келип, уулум экөөбүз эми жаңы турмушту баштайбыз деп ойлоп жүрдүк. Ал бутуна туруп, каалагандай там салып, каалаган машинасын минип өзүнө ыраазы эле. Бактыбызга бакыт кошулуп, менин боюмда бар экени билинди. Кезектеги текшерүүдөн өтүп жатып каргашалуу кабарды уктум. Колума дарыгерлер СПИД жуктуруп алганым тууралуу кагазды карматышты. Колумдагы кагазды тиктеп туруп башымды чайкай бердим. Алдымда отурган врач жаш толгон каректеримден көзүн ала качты.
– Жок, эже, мындай болушу мүмкүн эмес!
– Кааласаң, дагы кайталап текшерели.
– Ооба, ооба, кайра текшериңиз, бул мүмкүн эмес!
Күзгү жалбырактай калтырап турдум. Оюма эч нерсе келбеди. Экинчи текшерүүнү жүрөгүм дүкүлдөй күтүп жаттым. Бирок кайра ошол эле жыйынтык чыкты. Врач мени аялуу тиктеп турду да, акырын үн катты.
– Сиңдим, жаш экенсиң. Эгерде иммунитетиң жакшы болсо, өзүңдү жакшы карасаң…
– Жок! Мен өлөм, жашабайм!- дедим көзүм жашка толуп, шыбырап.
– Күйөөң барбы?
– Бар.
– Ал да текшерилиши кажет.
Башымды жай көтөрүп врачты тиктедим. Ошондо гана бул сөздүн мааниси мээме жетти. Кубан! Бул ооруну мага Кубан жуктурганын ошондо билдим. Ичимден бир нерсе үзүлүп кеткендей болду. Үйгө барып кагазды бетине ыргыттым.
– Мына, кара эмне кылдың?!
Ал көз жүгүртүп алды да, өңү бозоруп кетти. Жан талаша башын чайкап жиберди.
– Жаныңды жебе. Кудай турат асманда, 10 жыл бою сени гана күтүп жашагам. Өмүрүмдө сенден башка эркек аттууга көзүмдү көтөрүп караган эмесмин. Түнү менен телефонуң менен алышып сүйлөшүп чыкканыңды билбейт дейсиңби?! Тиги жактагы аялдарыңды билбейт дейсиңби?! Эгерде көз жумсам, алсыздыгымдан эмес, уулум үчүн, куттуу очогум үчүн көз жумдум. Акыры кыларың ушул беле?..
Кубан актанайын деп оозун ачып баратып, кайра башын мыкчып отуруп калды. Кыйкырып-өкүрүп, ыйлап да жаттым, сүйлөп да жаттым. Үйдөгү баалуу буюмдардын баарын талкалап кирдим.
– Ушулар мага керек беле? Эл катары эле жашоо керек эмес беле мага?.. Эми булардан эмне пайда? Жек көрөм сени!
Ал мени токтоткон жок. Өмүрүмдө ушунчалык көз жаш төкпөсөм керек. Эртеси Кубан да текшерилип, ага дагы ошол диагноз коюлду. Мен боюмдан алдырдым. Мындан ары
экөөбүздүн жашообуз болмок эмес, жакында расмий түрдө ажыраштык.
Дарыгерлердин айтымында, эгерде жакшылап өзүңдү карасаң бир топ жыл жашайт экенсиң. Бирок баары бир өмүрүң кылдын учунда тургандай, бир бутуң бул дүйнөдө, бир бутуң тиги дүйнөдө. Мени өмүргө байлаган бир гана уулум. Бирөөгө акыл үйрөтүш жеңил, мен эч кимге ушул жорук сабак болсун деп айтпайм. Мындай тагдырды, мындай кайгыны душманыма да каалабайм…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE