Пример HTML-страницы

Жашообуз башка, уйубуз бир.

https://kyrgyzcha.site/?p=8480&preview=true Кызыктуу окуялар.

ЖАШООБУЗ БАШКА, ҮЙҮБҮЗ БИР.

Бүгүн биздин баш кошконубузга он жыл болду. Негизи күйөөм жакшы бала, кичине аял ишине киришкени эле болбосо калганы баары жакшы. Же мага ошондой сезилеби. Дайыма акчанын эсебин так берип, ар бир кадамын айтып турчу мени суратпай эле. Ошол үчүн мен ага өзүмө ишенгендей ишенет элем. Экөөбүз баш кошкондо мен аны жакшы көрбөй эле турмушка чыгып алгам.
Жашоо ошонусу менен кызык экен да, никеден кийин жакшы көрүп калдымбы билбейм. Азыр бул айтып жатканым менен эркектерге каршылык кылганым жок. Болгону сыр бөлүшкүм келди.
Жашообуз уланып жатты, жолдошум кара жумушта иштегендикден акча дайыма жетишсиз болчу. Ошол он жылдын ичинде үч балалуу болдук. Тамак-аш алсак кийимсиз, кийим алсак тамаксыз калууга туура келчи. Бирок, мен өзүмө кийим алчу акчага балдарга тамак-аш алчымын. Ошентип баягы эле өзүн курмандыка жыккан үйдөгү аял болду. Дипломум бар болгону менен иштеген эмесмин, анын үстүнө ошончо жылдан бери баарын унутуп койдум. Анан мен дагы иштеп баштадым кара жумушта. Кайненем да жакшы адам, балдар менен жардам берип жүрдү. Мына быйыл болсо күйөөм тараптан кагуу-силкүүгө дуушар болуп жатам. Экинчи аял тууралуу көп айтып баштады. Бул чарчагандыктан деп өзүмдү алаксыттым, тилеке каршы андай эмес экен. Балдарым атасын катуу жакшы көргөндүктөн жолдошумду жоготуп алуудан мен да корктум. Үч баланы бутка кантип тургузам. Айла жок, экинчи аялга көндүм. Ишенесизби кызганыч жан дүйнөмдү өрттөп жиберди. Биз кароосуз калдык, жаш аялы биздин ырыскыны шыпырып алып жатты. Андан көрө биротоло жөнөтсөм болмок экен. Ал аялы көпкө турган жок. Анын артынан дагы, дагы, дагы аял ала берди. Баары токтобой кетип калышты. Эң артында ооруган бирөөгө туш келгенби жугузуп алыптыр. Ошондогу күйөөмдүн көздөрүн көрсөңөр силер да аяп кетмексиңер. Кайненем алтынын чечип берди, сатып даарыланды. Мен да даарыландым. Мага экинчи мындай баспайм деп нан кармап карганды. Ишенич жаман экен, мен дагы ишенип алдым. Баары жайына келгенсиди. Бир жылда төрт аял алып кайра кой берди. Мен байбиче болуп ооз ачканым жок. Көп өтпөй эле теңтуштар менен чогу отуруп калдык. Бирөөсүнүн аялы мага жолдошум эки кыз менен кучакташып саунада түшкөн сүрөтүн көрсөттү. Ошол кезде кымындай да кызганыч жок, кызганыч жоголуп кетиптир менде. Ал келиндин да күйөөсү бар экен башка сүрөттөрүндө. Мурун үйлөнгөндө кызганганым менен ыйлаган эмес элем, мунусунда үйгө араң жетип келип өкүрүп чыр салдым. Алданып, кадырым тепселип калганына ыйладым. Башын жерге салып эле үн катпайт же кечирим сурабайт. Экөөбүздүн төшөгүбүз бөлүнгөнүнө бир айдан өттү. Көргүм келбей калды, балдарыма кантип түшүндүрөм деп сыгылып кеттим. Нандын анты урса эмне болот? Балдарга тийсе эмне болот? Эң артында чыдабай айттым. Балдарды алам десең ала бер, балдар сенсиз чыдашпайт окшойт, үйдү сатып көчүп кеткиле. Мен өзүмдү өзүм эптейм дедим. Өзүмдүн апам андайга өчөшүп үй-бүлөөңдү бузба дейт, кайненем эркек ал дейт. Иши кылып түшүнгүсү келбейт эч кимдин. Балам атам менен калам деп калып калды, эки кызым мени эрчиди. Кыздарымда жан жок ошондон бери, ыйлайт эле ыйлайт. Кичинекей кызым айтып койду мага. Балам үчөө сүйлөшүптүр. Атасы экөөбүздү ыйлап жүрүп жараштырмак болушуптур. Отуруп чачымды жулуп ыйладым кыздарга көрүнбөй. Кичинекей балдарыбыз үй-бүлөөнү бириктиргендин айласын издеп, жаман болуп жатышса. Эмне чоң эле аталары ошол нерсени түшүнбөйт? Мага эле эмес балдарына да катуу тийип жатканын сезбейби? Кыздарымдын акыбалы жүрөк өйүп үйгө кайтуума туура келди. Жашап жатабыз бирок, кошунадай. Бөлмөлөрүбүз бөлөк, мен аны кечире албайм. Аялдары менен жашаса мейли эле, ошол көчө кызын менден өйдө көргөнүн кечире албай койдум. Балдар азыр кичинекей түшүнбөйт, чоңойсо кантип түшүндүрөм деген суроого жооп таппай келем. Жанындай көргөн атасын жек көрүп калышпайбы? Жашообуз башка, үйүбүз бир.

Суроолор боюнча жазылды. Эженин күйөөсү менин окурманым. Балким жететтир сизге, аялдын жүрөгүн жибитсе болот, азыр да кеч эмес.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE