Пример HTML-страницы

Майып жигит

https://kyrgyzcha.site/?p=7780&preview=true Кызыктуу окуялар.

Майып жигит»
— Эрте менен туруп шашыла, банкты коздой бет алдым, ата энем акча салган экен… Банктан чыккан сон аялдаманы коздой жугурдум, биринчи сабакка улгуройун деген ойдо… Ушундай шашма кызмын, жон эле басып барсам эмне болот, капысынан шашканымдын айынан, «талп» этип аялдамага жетпей жыгылып туштум… Колум менен катуу жер таянганга колума, майда айнектин сыныктары кирип кетиптир, шорголоп кызарып кан кетти, аарчыганга сумкамдан эч нерсе таппай калдым, жанымда жанатан бери коз салып турган, майыптар арабасындагы жигит, чонтогунон жуз аарчысын ала коюп, жакын келип колумду унсуз эле танып кирди… Анын ыссык колдору, колумдагы канды токтотуп койгондой болду, ичимден ыраазы боло аны карадым, ангыча мен куткон автобус келип, басып кеттим…
— Ичимден эмнеге рахмат айтпадым экен деп озумду жемелей бердим…
— Эмнегедир ал жигиттин, жалындуу коздору дале коз алдымда турат…
— Ошентип журогум бир башкача болуп, тынчсыздана берди, мумкун ал жигитке ыраазычылык билдирбегенге ошондой болгон окшойт деп, ичимден ойлоп койдум… Озумдун кирлеримди жууп жатып, ал жигиттин жуз аарчысын дагы жууп койдум, эртен сабактан чыгып алып барып берем деп ичимден ойлоп койдум..
— Сабактан чыккан сон, ал олтурган жерге бардым, Кудай жалгап ал жигит ошол жерде олтуруптур… Майыптар арабасында, жол жеегинде бут кийим ондоп олтурат… Бир аз журогум кысылып, ал жигитке боорум ооруп кетти…
— Дал ошол кезде, бут кийимимдин арт жагы кичине ажырап кеткен болчу, аны шылтоо кылып жанына олтурдум, мени дароо эле тааный койду, кандайсыз чон кыз, колунуз жакшыбы? Деп мени менен сылык гана саламдашып койду, анан оз жумушуна киришти… Озу сымбаттуу жигит экен, кен далылуу, жылдыздуу коздору, конур уну, ушундай жигиттин баспаганы, окундурбой койбоду…
— А эмнеге арабада олтурасыз? Бутунузга эмне болгон деп суроо бердим.?
Бир аз ойлонуп туруп, сиз жанагы журналисттерден эмнссизби? Суроону жаадыра бердинизго деп кабагын бурко, бут кийимимди бутту дегенсип алдыма коюп койду… Кечиресиз, туура эмес суйлоп алдым окшойт, болгону жуз аарчынызды алып келдим деп колуна сундум дагы басып кеттим…
— Ичимден туура эмес суйлоп алдым го деп, озумду куноолудой сездим…
Ошентип кундор ото берди, батирде торт кыз болуп, жашап окуйбуз, бир куну кийимдеримдир арасынан батирге деген акчамды жоготуп алдым, ал кыздардын кимисинен короорумду билбедим, баары эле бир соз жаттап алгансып билбеймин, дешет… Башка акчам жок, озу дагы акчаны аябай аяп иштетем, айласыздан жумуш издедим, бирок окуумду же ишти тандоом керек экен, ата энемден кайрадан акча сурагым келбеди…
Курсагым ачка, уйго аран келдим… Уйду батирге берген эже, айылдаш эже болчу, ой бойго карабастан, кийимимди колума карматып, акчан жок болсо жашаба деп кууп чыкты… Мына сага, курсагым ач болгону аз келгенсип, уйум жок калдым, дос кыздарым дагы ага эжелеринин уйундо, аран журушот…
— Оюма эч нерсе келбеди, эми эмне кылам деп жакын жердеги, бактагы олтургучта олтурдум… Туну кочодо калсам кандай болот? Мына ушуларды ойлоп акыры, айла таппай шолоктой ыйлап кирдим… Ангыча алыныз чон кыз деп, тааныш ун чыкты, башымды которсом, ошол арабадагы жигит, жылмайып жанагы жуз аарчысын сунуп турду, аны коруп кулуп жибердим, бул жуз аарчыныз экинчи жолу мага жардам берип жатат деп кулуп калдык…
Мага аянычтуу коздору менен карап, чон кыз эмне болду, тынччылыкпы? Деп сурап кирди… Сиз жанагы журналисттерден эмессизби деп, тамашалай каткыра кулуп калдык… Андан сон апасына арызданган баладай, баарын токпой чачпай айтып бердим… Унчукпай угуп буткон сон… Анда чон кыз жашай турган жер тапмайынча, менин уйумдо тура турунуз… Албетте менде ынгайлуу шарт жок, бирок кочого караганда жакшы, деп жылмайып койду…
Айлам жок ал жигитти, жетектеп артынан жонодум… Жолдо дукондон тамакка керектуу азыктарды сатып Алды..
Анан жупуну гана уйго келдик, суусу гана сыртта болбосо, газ, жарык баары бар экен… Уйдо аялдын жашабаганы дароо эле билинди, канча айдан бери жыйналбагандай, бут желе басып кетиптир… Кел торго от, анда таанышып алалы менин атым Темирлан, уялбай эле кой деп… Озу арабасынан аран тушуп жердеги олтургучка олтуруп, кечки тамакка урунду… Устумо узунураак койнок кийе коюп, колунан тамакты алып каршы болгонуна карабай, мен жасап баштадым.. Ошентип ал куну экообуз копко суйлошуп олтурдук… Корсо Темирланды, торолгон кезинен эле апасы балдар уйуно таштап кетет… Атасы апасы, экоо тен уйлонбостон эле бирге жашап, ичимдик ичишет, чегишет… Алардын чечкинсиз, аракеч болуп кеткендеринин натыйжасында Темирлан тубаса, майып болуп торолуп калат… Мына ушуларды айтып жатканда, козумдон жашым салаалап агып жатты…
— Мен ушундай арсыз, аракеч ата энеден торолгонумо окуном, азыр ичип чеккен кыздарды корсом, жек коруп кетем…
Деп озу дагы козу жашылдана, жашын мага корсотпой аарчып Алды..
— Тун бир маалда, озу жерге мен кроватка жатып калдык… Кеч болсо дагы, ойлонуп уктабай жата бердим… Танга маал козум илинип кетиптир, эмнегедир аябай жакшы уктадым, соонун туш кордум… Ойгонсом тушко жакындап калыптыр, бул куну дем алыш болчу… Оордумдан туруп, уйлорду жыйып кирдим, уйдун баарын тазалап, Темирландын кийимин жууп, кечки тамакка манты жасадым… Уйдун ичи таза болуп, озунчо бир башкача болуп оз уйумдо жургондой озумду эркин алып журдум… Ангыча Темирлан дагы жумушунан келип калды, уйду коруп оозу ачыла, эмне деп айтаарын билбей ыраазычылыгын билдирип жатты…
— А мен уйуно тунотуп, курсагымды тойгозгонуна ыраазымын, ал болбосо кочодо калбайт белем…
Келиниз жуунуп алыныз деп, Темирланга суу жылытып бердим… Менден уялды окшойт, уйдун арт тарабына отуп жуунуп келди, бутун жууганда аябай кыйналып кетет экен, колунан сууну алып мен жууп берейин дедим… Намыстанып кетти окшойт, озум деп болбойт… Тамашага салып жатып акыры кондурдум, бутун кытыгылап, ойноп жатып эле жууп койдум. Себеби чон энемдин созу бар эле, кары кишинин, майып кишинин бутун жуусан сооп болот деп… Кийимдерин которгон сон, чогуу олтуруп тамактандык.
Мен жасаган тамакты тамшанып олтуруп жеди, ал учун эч ким атайын келип тамак жасап бербегенин угуп, журогум ооруп кетти… Бирок экообуз аябай шандуу олтурдук, мага ал менен суйлошуу, сыр чечишуу аябай жагымдуу эле… Темирландын ички дуйносу аябай эле таза, эч кимге жамандыгы жок, бир керемет Жан… Ошентип жашап журуп, кантип бир жума отконун билбей калдык, кундо бул уйдо кулкунун гана уну угулат.
Темирландын созолонто ырдаганы, аябай жакты, Кыргызстандагы кээ бир ырчылардан ашып тушоор эле…
Акыры менин бул уйдон кетуум керек го, омур бою кала албаймын да… Темирландын тапканы тамак ашка кенири жетеер эле, жаманы озу кантип жашайт? Мурунку кейпине тушуп кететго ушул ойлор жеп койду, же жакшы коруу сезими пайда болдубу тушунбодум.. Кээде жумушунан кечиксе сагынып калам, тамак даярдап алдынан тосуп чыгам, мага арнап кээде гул которуп келет… Айтор ушул кундордун бутушун экообуз тен каалабадык… Бир куну ал экообуз бак аралай сейилдеп журдук, экообуздун оюбуз бир жерден чыгат, анын суйлогону, кыялдана мени карап ырдаганы, журогумду эзип жиберет… Ушинтип олтурган кезде, таякемдин мени чакырган унун уктум… Оордумдан ыргый туруп, таякемдин жанына келдим… Эмне кылып журосун? Бул Ким? Уят эмеспи, апан билсе эмне болот…?? Устумдон суроону жамгырдай жаадырды, корсо таякем кыздардан менин чыгып кеткенимди угуп издеп келиптир.. Темирлан укпаса экен деп ичимден тиленип жаттым, бирок Темирлан эбак эле кетип калыптыр… Таякемдин создоруно эмес Темирландын кеткенине ыйлап баштадым… Эмнеси уят? Анын майып болуп торолушубу, же бир аны суйгонумбу? Ызама чыдабай ыйлай бердим… Айтканыма конбостон, таякем айылга алып кетип калды, айылдан качып
кетпеш учун козомолдоп турушту, бии
бир жума мен учун бир кылымдай болду, Темирландын уйдо жалгыз олтурганын элестетип, озумду коерго жер таппадым, акыры окуума барам, Темирланды унутам деп шаарга келдим… Анда да бир баласын кошуп берди, шаарга жетеерим менен, эч кимди ойлобостон таксиге тушуп Темирландын иштеген жерине бардым, ал жерде жок экен, уйундо дагы болбоду, журогум жарылып кеткидей болуп ыйлап жаттым, Темирлан мени кечир, сени сагындым кайдасын??? Стол устундо турган катка козум тушту…
Анда мындай деп жазылыптыр:
Алтыным Айбийке( менин атым) мени издеп келгендирсин, сен окуп жатканда мен жок болом, сенден алыс жакта болом, менден кабатырланба, менде баары жакшы болот, азыр мен Германиядамын коптон бери, топтоп жургон акчама, бутума операция жасатамын… Сен менен ар бир откон секунд мен учун бакыт болду, сен жашоонун кандай таттуу экендигине ынандырдын, мен бактылуумун… 3 Айдан сон барып каламын, мени кут… Мен сени суйом… Ушул каттан сон, мен бактылуу элем, суйунучтун ыйына кат дагы жуулуп калган болчу, Эми уч айды откозушум керек, уч ай эмес уч кылым кутконго даяр элем… Менин жашоом туп тамыры менен озгоргондой болду, Темирландын оз буту менен басып жургонун коргум Келди… Арадан уч ай отту, бирок Темирлан кайсы куну келеерин айтпады… Катуу уктап жатканмын, бетимде кыбырап курт жургондой болду… Чочуп кетип козумду ачсам, коз алдымда менин Темирланым турду, суйлой албадым… Тек гана ыйлай бердим, кубанычтан анын мойнуна асылдым… Колуна так которо, мени айлантып жатты, ошол кездеги бакытты, соз менен айтып жеткизе албайт элем… Мен сени суйомун деп, кулагыма шыбырап жатты, мени жерге коюп тизелей олтуруп … Айбийкем мага турмушка чыгасызбы? Деп жылмайып карап олтурду, мурункусунан дагы сымбаттуу болуп кетиптир, суйлой албай башымды ийкедим… Анан кичинекей кутучадан, шакек алым колума такты… )))

《》《》《》《》《》《》

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE