Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Экинчи турумушум азыр

https://kyrgyzcha.site/?p=7217&preview=true Кызыктуу окуялар.

Саламатсыздарбы кандайсыздар туугандар мен силер мн ичтеги сырды болушуп кетким келет кенеш бериниздерчи?!
Экинчи турумушум азыр 1.5 жашар уулум бар.
Абдан бактылуу жашооду эңсеп граждандык баракта жашап балалуу болгомбуз.
Мага чейин 2 турмуш көргөн келин болчу келинчегим.
Биринчиси өзү менен тең жигит экен 5 чи аялы болуп турмушка чыккан экен. 2 ооруп дин жолунда жүрүп кары бир чал молдо менен жашап бир кыздуу болгон экен. 3 — мен.
Но бизде жаңы таанышкан күндөн көп өтпөй эле апасы 2 байкеси каршы болду мага.
4 жашар кызын өз кызымдай көрүп көптөгөн белек таттуу алып берип көңүл бөлүп жүрдүм бирге 2 ай жашадык биз. Биздин бирге жашообузду апасына байкесине жаккан жок ар кандай сөз айтып көптөгөн тоскоол мамиле кылды. Көңүл бурбай жашап жүрдүм. Бир күнү апасы сенин кызына жолдошун бир күнү минет кылдырат деп отто оор уят сөздөрү айтып кирди. А байкеси бил жолдошун олтуруп тынат жашасан өлгөндө сойгону малынды аперип дайын кылып койюп анан жаша деп айтып жүрдү.
Ошол сөздөрдөн мамиледен соң бизде көп уруш боло баштады.
Мен сыйлап сүйүүп бирге жашоо курган келинчегим мага асылып чукуп адам көтөрө алгыз сөздөрү айта баштады только асылат бир да жолу менде да күнөө бар деп оозунан чыккан жок только өзүн аппак кылып мени күнөөлүү кылып мага асылып жүрдү.
Азыр мен жалгыз турам эч ким менен мамилем жок и көңүлүм да жок. А келинчегим апасы байкеси менен бирге турат но мага асылып турат улам бир күнөө койюп фейзбуктан одноклассниктен мени Африз ит маняк деп фотомду койюп ар ким болуп регистрация кылып алып. Баарын билем мен ким болуп кирди мени эмне деди бүт. Просто тенелгим келбейт чарчап калдым эмнеге мындай кылып жатасың десең такыр мойнуна алып калбайт ноборот асылып очошуп айтылбаган уят сөз арам ой баарын айтып жиндеп кайра дагы асыла берет. Ошого айткым да келбейт эч нерсе.
Ар кимди шылдыңдап апасы байкеси болуп алып күлүп шылдың кыла берет но өздөрү тууралуу ой жок жүдөп абдан ниский жашоодо жашайт байкеси 43 жашта көзү ачык молдо болуп жүрөт окуп ар кандай дуба үй-бүлөсу жок Кудайдан коркпогон экен. А келинчегим апасы кайсы жерде молдо дуба окуп жол ачат деп укса ошол жерге барат абдан кызыгып чуркап жүрот кара дуба молдо деп эле.
Баламды карап боорум ооруйт жүдөп калган мен ар кандай кийим продукты алып берем но ошону да татыктуу колдонуп балама да норма кылып бербейт айтсам эгер кара тыкан таза кылып деп эле ошол замат асылып жиндеп ар кандай сөздөрү айтып урушуп кетет.
Мен же бөлөк бир кыз менен сүйлөшо албайм же келинчегим менен жашай албайм эмне кылууну билбейм.?
Нерв болом сыгылам өзүмө өзүм кол салдым бир жыл мурда нерв болуп токтоно албай. Ошол күндөн баштап мени жинди көк мээ деп мамиле кылып калды баары. Келинчегиме бир демек менден керек болсо ошол замат келип жакшы мамиле кылып алып кетет кууланып мени алдап койдум деп. Мен баарын билем но билгенимди байкатпайм уруш каалабайм. Апасы мага айтат сенин балаңды мен кул кылам ошол план менен багып жатам карап тур балаң кул болот деп. Отто окуном өзүнүн небересида жакшы үмүт тилек каалоо айтпай ноборот кул кылам деп тиленип жүрөт. Кыскасы уят ар намыс Кудайдан коркуу эл эмне дейт деген жок үй-бүлө экен Келинчегимдин үй-бүлөсу. Канчалык жакшы мамиле кылсаң да ыраазы болбой ноборот асылып арам сөздөрү айтып адамы нерв кылып анан кайра вот сен нервный жиндисин деп күнөө койот экен. Бир эмес 3 жолу милицияга берип арыз жазды. Калп эле мени чалып алып согуп жатат деп апасы жанын жеп мени күнөөлүү кылды. Карантин бөлөк оор күндөрү канча жолу продукты кылып апарып жүрөм бир жолу жакшы кылдың деген жок. Телефондо ар сайта ар ким болуп кирип жүрөт көңүл бурбайм мен эмнеге кирип жатасың десең асылып жиндеп баарын каша кылат. М/н туугандарыма да ар ким болуп жазып алардыда нерв кыла берет. Билими жогорку өзү адвокат сүйлөсө абдан культурный бөлөк адамдарга токтоо жоош ыймандуу болуп көрүнөт дагы 5 убак намаз окуп жүрөм деп айтат көрсө или сүйлөшүп калса намаз окуп калат а бөлөк учурда бир жолу окуганын көргөн жокмун аны айтсам ошол замат мага асылып уруш кылат. Акыл кеңеш сурайм?

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE