Пример HTML-страницы

Жашагым келет 1 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=6541&preview=true Кызыктуу окуялар.

ЖАШАГЫМ КЕЛЕТ… 1-бөлүм.
Бул чыгармада адам затынын эң чоң жаңылыштыктары сүрөттөлмөкчү.

☆☆☆☆☆☆☆☆☆☆☆☆☆☆☆

—Дарика дейм, белиңди бекем буу эми. Болду өзүңө келчи, шум ажалдын иши да козутайым, айла барбы, кайраттуу бол. Тарта-тарта ыйла кагылайын.
—Мени тынч койгулачы, мага тийишпегилечи айланайындар. Жок дегенде ыйлап алайынчы, чыгып тургулачы, жалгыз калтыргылачы.
—Кой антпе, коркуп каласың өлүктүн сүрү күчтүү баарыбир.
—Чыкчы жеңе чыкчы, тынч койчу мени. Кантип эле чечекей балам менен жандан артык көргөн жолдошумдан коркуп калайын, бекерди айтыпсың жеңе мен коркпойм.
—Ай Салима ай тим койчу, коштошуп, акыркы жолу көрүп көкүрөк отун басып алсын. Көргөзбөй койсоңор кийин кыйналат байкушум. Атаганат ааай шордуум, эми эмне кылат экен ыя.
—Коркуп калсачы апа, сиз кой-ай деп коюңузчу. Болбосо ботодой сыздап өзүн түгөтмөй болду да.

Кемпир, укпамышка салып койду. Мен ошол кемпирдин эң улуу кызымын. Мени апам жакшы көрөт, ошол эле убакта жинденип да турат. Өзү да кээде түшүнбөй кетет эмнеге экенин. Атамдын айтуусу боюнча мен кичинемде аябай тың болчу экенмин. Бирок ызакорлугум жеңип, көп ыйлап баардыгынын көңүлүн калтырыптырмын. Апам ошого эркелетсем токтобойт!-деп башынан ушунтип көндүрсө керек. Эки бир тууган агам, эки сиңдим бар. Кудайга шүгүр баардыгы жашоодо өз ордун таап, тың турушат. Биз дагы. Биз деген бул менин үй-бүлөм. Үй-бүлө алты адамдан турат. Жолдошум Турат, үч уулум жана кенжетай кызыбыз. Жалгыз кыз!-деп эртеден кечке ушунун көңүлүн карайбыз.. Он жети жаштан турмуш куруп, төрт балалуу болууга жетиштим. Бала деген ширин тура, өзүм балалуу болгондо жашоонун мааниси ушулар экенин түшүндүм. Турат дагы балдарын жанындай көрөт, жумушка барып келгенче сагынып кетет. Биз бактылуубуз, көз тийбесин. Ушундай окшош күндөр өтө берди. Бала бакчага жумушка орношуп алдым. Кызым бала бакчага барат да ошого жанында болгум келди. Үч балам тең мектепте окушат. Быйыл чоң балам мектепти аяктайт, экинчиси онунчу класс, үчүнчүсү төртүнчү класста окуйт. Бир мектепте окушкан үчүн мен эч кыйналган жокмун. Бири-биринин сабагын карашып, мектепке жетелешип барып-келип билинбей чоңоюшту. Жолдошум болсо шаарда айдоочу болуп бизди багат. Күндөр өз нугунда өтүп, дайыма ушундай гана болуп турчудай сезилип кеткен бир саамга. Кырсык кабак-каш ортосунда дейт экен. Ошол эң туура сөзбү дейм.
—Ата, бүгүн шаарга барабыз мектептен он чакты окуучу. Эжей өзү алып барат, олимпиада болот экен.
—Ий балам, жакшы экен ала кетейин э. Жол киреңер жөндөн-жөн кетпесин.
—Жакшы болот эле. Эжей айтты го, андан кийин шаар кыдырабыз!-деп.
—Ашыкча тыйын салып ал балам анда. Тиги болочок келиндин көңүлүн алып кой.
—Оой ата коюңузчу, кимди айтып жатасыз? Эч ким менен сүйлөшпөй элемин ата.
-А мейли балам уялба, тамаша да.
-Кечинде бизди кайра ала кетиңиз э.
—Мунун бышыгын карап кой, мейли ошентем да эми.
—Апасы көрдүңбү балаңды.
—Кече кечке менин башымды жеген, өзүң айт!-деп кутулган элем.
Ошол күнү баарыбыз кубанычтуу өз иштерибиз менен таркап кеттик. Экинчи балам Салим мыкты окуучулардан, дайыма мектептин атын чыгарып жүрөт. Мектепте окуучулар мүдүрү, менин сыймыгым. Улуу балам Мыктыбек болсо жалкоо, окубайт. Жок, жумуш кылган жактан айып жок, окубаганын айтып жатам.
Ошол күнү жумушка барып, ишке кириштим. Көңүлүм эчнерсеге тартпай жатты, улам саат карайм үйгө шашам. Эмнеден убайымдап жатканымды деле билбейм. Кыскасы жүрөгүм сыгыла берди. Кеч кирип кайрадан үйгө чогула баштадык. Турат жакшы көргөн даамдарды жасагым келди. Ачка келет дайыма, жолдун тамагына акчасын аяп. Жана садикте ашпозчу эже ашып калган ачыган камыр берди эле, ошону эшике очоко боорсок кылдым. Ошол эле казанды тазалай салып гүлчө баштадым. Кууруп, суусун куйган соң үйгө кирип камыр колго жайып дайардадым. Күндөгү сааттан өтүп баратса дагы келбей жатышты. Бул нерсени баламдын шаар кыдырганына жооруп койуп олтура бердим. Берки үчөө бызылдап жиберишкенинен курсактарын тойгозуп, уктатып койдум. Көзүм илинбей күттүм. Түн ортосу болсо да жок. Же шаарда бирөөсүнүн тууганы чайга чакырганбы!-деп койом. Бир маалда дарбаза кагылып калды. Сүйүнүп кеттим, көптөн күткөн адамым келгендей чуркап жетип бардым. Башка жаш бала экен.
—Аяш апа саламатсызбы!
—Саламатчылык, кел балам. Бул бала кайсы баламдын досу экенин тааныбай турдум.
—Салимде бир дептерим калып кетиптир, аябай керек болчу.
—Ий балам, Салим шаардан келе элек. Олимпиадага кетишкен да.
—Аяш апа, чогу барганбыз шаарга.
—Сен келип калдыңбы анан?
—Баары эле келди..
—Качан келди? Кимдер келди? Кимде келди? Салим кайда?
—Аяш атам баарыбызды жеткирип анан кошуна айылдан бир бала бар экен, ошону жеткирип кеткен. Саат тогузда эле келгенбиз.
—Келе элек!-деп эшикти жаап катып калдым. Мыкы, Мыкыш дейм..
—Эмне болду апа? Түндө да уйку бербейт экенсиз да.
—Бар чоң-атаңдыкына чуркачы.
—Эмнеге?
—Атаңдар ошол жакта экенби дейм да. Шаарга баргандарды алып келиптир, өзү жок.
—Апа келет да, өлмөк беле.
—Оозуңа кара-таш макоо десе. Оозуңа карап сүйлөбөйсүңбү, атаң кандуу жолдо жүрсө.
-Эмне дедим? Тилдеп эле жүрөсүң.
—Жогол дейм, бат барып кел.
Мыкы бутуна гөлөч илип алып чуркап кетти. Мен болсо жерди карап термелип, ордумдан жыла албай калдым. Канча убакыт өттү билбей калдым, Мыкы көзүн алайтып келгенде өзүмө келе түштүм.
—Кана атаң? Ошол жакта экенби?
—Жок апа, бүт туугандардыкына, досторунукуна бардым барбаптыр.
Балам өзү араң турду, мени аяп эле ыйлабады окшойт.
—Жүрү издеп келели. Айылга келген болсо, бир жерде турат чыгаар.
Эшике чыксак туугандар, достор топтолуп калышыптыр. Дароо бакырып жибердим, мага кабар айтканы келгендей туюлду.
—Дарика эмне болду? Туратка бир нерсе болуптурбу эмне?
—Жок, силерди көрүп жаман ой келип кетпедиби.
—Биз кабар алганы эле келдик, жүргүлө чогу издейбиз. Айылга келген болсо эле таап алабыз.
Жарык кылгычтарды алып ар-бир кычыкты тинтип жүрдүк. Жогорку айыл дегенинен ошол жакты өзүм карамай болдум. Айылдын өзүнөн баштаган элек, таба албай койдук. Жерге жарык тийе баштады, таппай койдук. Бир маалда алыс кайнилеримдин бири көзүн алайтып мен тарапка келе жатты.
—Жеңе табылды, бас үйгө.
—Кайакта экен?
—Тиги ичип олтуруптур.
—Турат ичпейт, эмне калп айтасың?
—Жеңе ошол ичкендер менен көңүл кыйбай олтурса керек да, баспайсыңбы эми.
Шашып үйгө жеттик. Дарбазамдын эшигин аңырайтып ачып салышыптыр. Эл толтура. Ошондо деле башым жеткен жок, жанагы издегендер го дедим. Мыкы башын жерге салып алыптыр.
—Мыкы эмне антип олтурасың? Тур балам, элге чай берели.
-Апааа, апааа Салимден айрылып калыптырбыз. Эми кантебиз апа.
Мыкынын жаагына бир салдым.
—Сенин ушул тилиң эле жаман Мыкы. Кайдагын дөөрүп жүрөгүмдү түшүрбөчү балам. Дагы ушул тамашаңбы балам, болду жетишет, жүрөгүм жарылып кетишин каалайсыңбы я?
—Апа тамаша болуп калса кана эле.

Мындан эки жыл мурун болсо керек эле, бир окуя болгон. Анда Мыкы тогузунчу класс, Салим сегиз. Талаадагы чөмөлөй кылынган чөптү малдарга жедирип коюшуптур. Эми кышкыга чөп сатып алыш керек болуп калып, аябай жиндендим. Атасы болушканга карабай колумдагы көсөө менен беш-алты жолудан чаап калгам. Эки балам таарынмак түгүл, каткырышып тамашалап, колумдан кармап урдурбай качышкан. Четтен карап турсаң ал деле бактылуулук мүнөттөрүнө кирет экен. Анан кайра гөмөчтөгү нанымды бүтүрүүгө олтуруп калгам. Турат ушул нанды аябай жакшы көрчү, ошого эринбей жасап турчумун бат-бат эле. Нанды бүтөйүн деп калганда Мыкы чуркап келди, ыйлап алган.
—Апа, Салим бычак сайынып алыптыр үйдө.
—Эмне дейт? Кокууй кудай өзүң сакта.. Буттун алдындагы нерселерди аттап-буттап, жыгылып үйгө жеттим. Бети кубарып, ичинде бычак сайылып, гүрмөсүндө кан турат. Жетип барып кучактап, өзүмдөн кетип калыптырмын. Качан Турат нашатыр жыттатканда өзүмө келдим. Жыртайып, Салим турат. Эки жубарынбек мени ойнотушуптур. Ыссык нанды ичине коюп, бетине упа сееп, сыртынан чыптама кийип бычакты нанга сайып кыямдын ширесин төгүп коюшуптур. Ал маалда булар жаш, эне жүрөгү жарылып кетет экенин билишкен жок да. Ошондо бир ай өзүмө келе албай, жүрөгүм титиреп жүргөн. Тураттан жакшы эле таяк жешти бул тамашалары үчүн. Өздөрү дагы көпкө ыйлап кечирим сурап жүрүшкөн. Эми мынтип тамашалашпайбыз!-деп убада беришкен эле ошондо.

—Мыкы силер мага сөз бергенсиңер, экинчи андай тамаша кылбайм дегенсиңер. Эмне эле ушинте бересиңер? Жүрөгүм жарылып кетсе силерге эмне болот? Мени аяп койсоңор боло.
Эки улуу жеңелерибизден келип мени жетелеп кетишти. Артымды дагы бир кылчайдым. Мыкышым тамаша!-деп калабы дедим. Анткен жок, башын жерге салып эле көз жашын тамызып жатты. Үйгө кирип баратканда ат-араба менен боз үй алып келишти. Жулунуп бошонуп чыгып, араба алып келгендерге жеттим.
—Ал тамашалап жатат, кереги жок боз үйдүн. Алып кеткиле, балам азыр жылмайып ордунан турат.
—Ий байкушум ай. Эч кимдин башына баланын азабын салбаса экен. Шордуум, сабыр кылчы. Акылдан азып калсаң калган үч балаңа ким көз-баш болот..
—Турат кана? Туратым кана? Туратты чакыргыла, балдарын сабасын. Мени дагы тамашалап жатышат, Турат келсе туруп кетет.
—Турат жакшы буйруса, ооруканада жатат.
-Эмне болуп жатат деги?
—Кече жолдогу малдан качып, унаасы бакты сүзүптүр. Мал дагы аман калбаптыр. Турат тирүү калыптыр, Салим муздап калыптыр, мерт кетсе керек.
—Ишенбеейм, ишенбейм дейм. Андай болуусу мүмкүн эмес. Туратым андай кылбайт..
—Турат жакшы адам болгондуктан биздин балдарды жеткирген соң болду да балам. Салим дагы эң мыкты эле, эми ары жагын берсин кудайым.
—Эээх кудаай, эмне мени эле көрүп калдыңбы? Менде эмне айып? Адилеттүүлүгүң ушулбу? Канча арам кылмышкерлер аттан соо жүрөт, менин баламда эмнең бар эле?
—Ай кокууй, жап жаагыңды. Кудайга наалат келтирбе. Баарыбыз ошол жака барабыз эртеби-кечпи. Баарыбыз жан карызбыз кудайга, ошол жанды берди да. Өзү берген, өзү алат экен да. Болду антпе, кудайдын заары келсе жаман болот.
—Бул кудайдын заары эмей эмне анан? Жооп бергилечи..
—Ай даары алып келгиле суу менен.
Бир даарыны муздак суу менен жуткуруп жиберишти. Уктап калыптырмын.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE