Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

90 баш боз үй көтөрүп, аны түлкү, карышкыр жана төө ичиктерине толтурган Ж.Капаева

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районунун Казыбек айылынын тургуну Жийдегүл Капаева жаш кезинде жасаган кыргыз буюмдарын жакшы сактап, жаштарга көрсөтүп, жасалышы тууралуу дагы айтып келет. Кезинде абышкасы экөө алдыңкы чабан болушкан. Алардын учурда 7 уулу, 1 кызы жана 12 небереси бар.

Каарманыбыз мындан 17 жыл мурун 90 баш боз үйдү уул, кыз, келиндери менен бирге көтөргөн.

«2005-жылы 90 башка тете боз үйдү уулдарым, кыз, келиндерим менен бирге көтөрүп алдык. Боз үй деп айтылышы оңой болгону менен жасалышы кымбат. Сөөктөрүн балдарым жасап берди. Калганын кыз, келиндерим менен жасадым. Ошондон бери ар кандай сынактарда беш жолу тигилди. Төрт жолу облустан, райондон алдыңкы орундарды камсыз кылдык. Ашкананы дагы кол менен чырмадык. Аялдардын секичеси курак менен бүттү. Аркасына элечектерди, чач уучтук койгонго орун койдук. Комплекти болсун деп килемчени атайын курагам. Жасалгасы 5 жылда толук бүткөрүлдү», — деди ал.

Каарманыбыз боз үйдүн ичиндеги карышкыр, түлкү, төө ичиктерди жаш кезинде жасаган.

«Карышкырдын терисин ийлөө абдан оор. Күч жакшы кетет. 6 карышкырдын терисинен 1 ичик чыгат. Төө чепкенди төөнүн жибин ичке ийрип алып, андан кийин чыйралтып согот. Түлкүнүн ичиги боюнча айтсак, түлкү өзү эле назик. Анын терисин сүт, айран менен ашатып, 14 түлкүдөн 1 ичик чыгарганбыз. Бул иштерди жаш кезимде жасадым. Аталарыбыз кайненеме сырткы кийим барктуу деп, түлкү ичик кийгизген. Азыр дагы бул чапандар кадыр-барктуу», — деди ал.

Каарманыбыз айыл ичинде түзүлгөн шайыр апалар тобунда дагы ырдап келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE