Пример HTML-страницы

55 жаштагы Игорь Зырянов жети жылдан бери как жасоо менен алектенет

Акыркы жанылыктар

TurmushЖайыл районунун Сосновка айылынын 55 жаштагы тургуну Игорь Зырянов жети жылдан бери как жасоо менен алектенет. Ал как жасоону апасынан үйрөнгөн. Мындан 40 жыл мурун көпчүлүк как жасашчу. Анткени азыркыдай таттуулар болгон эмес.

Пастила орустун өзгөчө таттуусу экенин баары эле биле бербейт. Үйдө жасалган пастила даамдуу жана пайдалуу гана эмес, оңой дагы даярдалат. Ага кант кошуунун кереги жок. Игорь алмадан гана эмес, кара өрүктөн, жүзүмдөн, малинадан, жада калса карагаттан да как жасап, даамдарды эксперимент кылганды жакшы көрөт. Алмаларды кесип, бир аз суу кошуп, казанга 5-6 саат коюуланганча бышырат. Андан кийин ал күнгө жайылып кургатылат.

«Алгач фанера, анын үстүнө кагаз коюп, андан кийин какты жаям. Күнгө 3-4 күн кургатам. Бир жагы кургаганда сыйрып, нымдуу чүпүрөк менен нымдап, экинчи тарабын кургатуу үчүн оодарып коём. Андан кийин жипке илип коём. Кээ бирлерге окшоп май менен майлабайм, анткени ал даамсыз болуп, чирип баштайт. Как кургагандан кийин кагазга оройм. Кышка таттуулардын запасы даяр. Үй-бүлөм менен момпосуйдун ордуна жейбиз.

Бир казанга төрт чака алма батат. Айтмакчы, муздаткычсыз сакталат. Былтыркы жасагандар бар, эч нерсе болгон жок. Мындай какты алыскы сапарга чыкканда да жесе болот. Космонавттар ала кетишет. Аш болумдуу тамактар эскирбейт. Неберемдин жакында тамагы ооруп калды. Жөтөлүп жүрдү. Суук тийип калыптыр деп дарылаганбыз. Бирок дарылоо жардам берген жок. Дарыгерлер сезгенүүнү «чипсыдан» күчөгөнүн айтышты.

Неберем беш жашта, азыр такыр «чипсы» жебейт, болгону как жейт. Тамагы оорубай калды», — деп бөлүштү айыл тургуну.

Игорь Зырянов кесиби боюнча инженер-механик, №9 жол тейлөө мекемесинде слесарь болуп иштейт. Россияда төрөлүп, Казакстанда чоңойгон, окуусун аяктаган соң Кыргызстанга көчүп келген.

«Мен өзүм орус ашканасын да, кыргыз ашканасын да жакшы көрөм. Эң жакшы көргөн тамагым беш бармак. Өгөй атам казак болгондуктан, биздин үй-бүлөдө ар улуттун ашканасы болгон. Мен өзүм тамак жасаганды жакшы көрөм. Албетте, аялым тамакты жакшы жасай алат. Бирок анын түйшүгү жетиштүү, бул мен үчүн кыйын эмес. Менин хоббим менен туугандарыбыз сүйүнүп жатышат. Эркек үчүн бул адаттан тыш нерсе деп ойлобойм, ким билсе, кааласа жасайт. Продуктуларды кайра иштетүү технологиясы факультетинде окугам. Ашпозчулук эркектин иши эмес деген терс пикир болбошу керек деп эсептейм. Жан дүйнөң кандай болсо, ошону кыласың», — дейт Игорь.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE