Пример HTML-страницы

17 жаштагы жигит досу милициянын унаасынын үстүндө бийлегенден кийин окуучуну бычактап өлтүргөн

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында мектеп окуучусун өлтүрүп, дагы бирөөсүн бычактаган үч айыпталуучу соттолду. Алардын бири 12 жылга кесилип, экөөнө пробация көзөмөлү (пробация) дайындалган.

Алар:

— К.уулу Азамат 2003-жылы 18-июлда Ош облусунун Алай районунда туулган, билими орто, эч жерде иштеген эмес, мурда сот жообуна тартылган эмес, Бишкек шаарында жашаган;

— Б.уулу Нуруллах 2005-жылы 14-майда Жалал-Абад облусунда туулган, камакка алынганга чейин Бишкек шаарындагы №94 мектептин 9-классында окуган, мурда соттолгон эмес;

— У.Баймурат 2005-жылы 14-майда Жалал-Абад облусунда туулган, кармалганга чейин Бишкек шаарындагы №94 мектептин 9-классында окуган, мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес.

Окуя 2021-жылдын 11-февралында саат 13:30 чамасында Ош шаарында катталган. Нариманов атындагы №7 мектептин төрт окуучусу (эки эркек жана эки кыз) көчөдө бара жаткан. Аларды үч жигит токтотуп, эмне үчүн күлүп жатканын сурашкандан кийин өспүрүмдөрдү сүйлөшүүгө чакырышкан. Андан соң мектеп окуучуларын бычактап, качып кетишкен. Жабыркаган мектеп окуучуларын, ошондой эле кыздарды жашы жете электер менен иштөө инспекторлору алып кетишкен.

Иш боюнча Азамат негизги айыпталуучу болгон. Кылмыш жасаган учурда ал 17 жашта болгон.

Саат 14:00дө Ош шаардык ички иштер башкармалыгына облустук ооруканадан 10-класстын эки окуучусу бычактан алган жаракаттары менен түшкөнү тууралуу маалымат түшкөн. Алардын бири каза болгон. Экинчисинин абалы оор деп бааланган.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, окуя «Ареопаг» дүкөнүнүн артында болгон. Мектеп окуучуларын үч жигит бычактап кеткен. 2004-жылы туулган К.Б.га эки жолу, 2004-жылы туулган Н.С.га бир жолу бычак сайылган.

Көп өтпөй мектеп окуучусун өлтүрүүгө шектүүлөр кармалган. Соттолуучу Азаматтын колунда кастет жана маки болгон. Жигит эки мектеп окуучусу менен урушуп кеткенин айткан.

Нуруллах менен Баймурат дагы кармалган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кылмышка шектүүлөрдүн баары окуусун таштап, Бишкектеги Дордойдун жаңы конушунда жашап жатышканын билдирген. Ошто алар майда бейбаштык менен алектенишкен.

Кошумчалай кетсек, 2021-жылдын 8-февралында Кара-Суу көчөсүнө патрулдук милиция чакыруу менен келген. Анда жигиттердин бири патрулдук унаанын үстүнө чыгып бийлеген. Аны досу видеого тарткан. Милиция патрулдук унаанын үстүндө Нуруллах бийлегенин аныкташкан.

2021-жылдын 29-июнунда Ош шаардык соту (судья Б.Алибаев) Азаматты Жазык кодексинин 39-беренесинин 2-бөлүмү (кылмышка аракеттенүү, эски ред.), 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-пункту (бейбаштык максатта жасалган адам өлтүрүү) менен 7 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-пункту (бейбаштык максатта жасалган адам өлтүрүү) менен 10 жылга, 253-беренесинин 1-бөлүмү (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен 1 жылга эркинен ажыратылган. Сот жазаларды кошуу менен жалпы 12 жылга эркинен ажыраткан.

Нуруллах күнөөлүү деп табылып, Жазык кодесинин 253-беренесинин 1-бөлүмү (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен 1 жылга эркинен, 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,2-пункттары (ээнбаштык) менен 4 жылга эркинен ажыратылган. Бузуулар жөнүндө кодексинин 119-беренеси (майда бейбаштык ) менен 20 миң сом айып пул салынган.

Жазаларды кошуу менен сот 5 жылга эркинен ажыратып, 20 миң сом айып салган.

Баймурат Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,2-пункттары (ээнбаштык) менен 4 жылга эркинен ажыратылган.

Ош облустук сотунун соттук коллегиясы (судьялар К.Жобонов, А.Кубатов жана С.Закиров) 2021-жылдын 7-декабрындагы биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн өзгөрткөн. Азаматка Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча 50 миң сом айып салынган.

Нуруллах эки берене боюнча анын аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.

Баймурат жана Нуруллах 280-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,2-пункту (бейбаштык) менен 2 жылга эркинен ажыратылган. Ошол эле учурда сот аларга карата 1 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонуп, эркинен ажыратуу түрүндөгү жазадан бошоткон.

Нуруллах менен Баймурат сот залында камактан бошотулган.

2022-жылдын 23-мартында Жогорку сот Ош облустук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Азамат 12 жылга эркинен ажыратылса, калган эки айыпталуучуга шарттуу мөөнөт берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE