Пример HTML-страницы

Өч алдым, билбейм кимден 1 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=17347&preview=true Кызыктуу окуялар.

«»ӨЧ АЛДЫМ, БИЛБЕЙМ КИМДЕН»»

1-бөлүм

 Көз жоосун алган, аппак көйнөк кийген, кыш мезгили. Дубалдары акталбай сарамтык тарткан бөлмөдө жатам. Терезеден башка жакыным жок, ал мага жок дегенде эшиктеги болуп жаткандарды көрсөтүп турат. Тыңыраак кезимде эптеп от жагып ысытчы элем үйдү, азыр мынтип төшөк тарткандан бери араң үлбүрөгөн ток печканын табына жылынып калганмын. Келиним өткөндө келгенде үстүмө көрпө жаап койгон, кыш сууктап көрпөдөн да үшүчү болдум. Дагы жууркан алууга тура албайм. Келиним кээде келип, тамактандырып, үстү башымды которуп, текчеге тамак-аш коюп кетет. Ушул маалга келип суунун даамы бузуларын билбептирмин. Текчеде он күндөн бери турган суу даамы кетип жаман болуп калган, майы тоңуп калган тамактын бети көктөп баштады. Нанга болсо тишим өтпөйт, ошол сууга малып эптеп өткөрөм. Суу дагы эртең түгөнсө керек, келинден кабар жок. Эми келбей койсо, ачкалыктан өлүп каларым анык. Өзүм эңсеп, тилеп алган жалгыздыка жеттим мына, элестетип ашыкканчалык эле керемет эмес экен көрсө. Өз жашоомду кек алуу менен эле аягына чыгып калыптырмын байкабай. Нараазымын, өзүмө нараазымын. Буркан-шаркан болуп чыгууга зар сезимди да чыгара албай турган маалым. Көзүмдүн жашы соолуганы качан, көз жаш бул жакта турсун оозумдагы шилекей да эчак эле кургап калган. Атым Клара, Чүй өрөөнүнө караштуу Кемин районунда төрөлүп өскөм. Үй-бүлөөбүз кадимки карапайым адамдар эле. Талаа айдап жан бакчыбыз, атам жер айдап, арык алса мен урук сепчүмүн, апам болсо көмчү. Бай болбосо да, ынтымак орноп, бакыт бийлеген бүлөө элек. Жетилип келеткан кезим эле, апам менден кийин төрөй албай жүрүп мына быйыл кудайым кош колдоп наристе берген турат. Көз тийдиби же сөз тийдиби билбей калдым. Атам талаадан кулап түштү, антип- мынтип ооруканага жеткичек бир топ убакыт өтүп кетти. Догдурлардын айтымында жарым саат кечиксек атамдан айрылып калмак экенбиз. Эркек деген эркек экен, апам экөөлөп эптеп күзгү түшүмдү жыйнап алдык. Короодогу бодо малдын баардыгын чекеден сатып атамдын даарысына иштетип жаттык. Маарап турчу бир чычкак улагыбыз калбады, айтышат эмеспи үрүп чыккан ити да жок,-деп биз так ошондой болдук. Суукта тезек түгөнүп, мен тоодон отун алып келип эптеп жазга чыктык. Атам чыгып келди бирок, толук сакайып кете албады. Күндө таңга заар чыгып басып келет элек, мен атам жыгылып калса жанында болоюн деп эле эрчип алам. Курсака барчу нерсе калбай, эки күн ачка калдык. Айдоо маалы болгондуктан жерибизди бирөөгө бердик. Акысына бир улак алып, сатып кайра бир нече күнгө жетээрлик азык-түлүк алдык. Мен болсо айылдын элине акчага талаа иштерин кылып берип, үйдүн милдетин мойнума алдым. Жашым он беште, тогузунчу класстын окуучусумун. Апам көз жарып, дүйнөгө кыз алып келди. Атам эркек күтүп жүргөн болсо да, билдирбей кубанып жүрдү. Анан кантсин атам байкуш ай, туяк калсын дептир да көрсө. Атын өзүм тандап Перизат койдум. Мага кичинекей сиңдим перидей эле туюлду ошол үчүн оозумдан чыкканы ушул ысым болуптур. Кубанычыбыз койнубузга батпай, элге дүңгүрөтүп той бербесек да карызга улак алып көчөнү чакырып той бердик. Элдин батасын алып, жолу ачык кыз болсун деген элем. Жайкы каникул башталды, сынакты мыкты тапшырып күбөлүктү сандыка каттым. Эми эмне кылам?- деген изденүү менен бир жума убак өтүп кетти. Кошуна жеңе менин иш издеп жүргөнүмдү угуп, агасынын үйүнө жумушчу керек деп калды. Өмүрүмдө үйгө кызматкер алганын уккан эмес элем, оозум ачылды. Эртеси эле сары автобуска түшүп шаарга аттанып кеттим. Чын эле жеңемдин агасы аябай бай турушат экен, чийгилеп берген кагаз менен таап бардым. Ак кирпичтен курулган эки кабат үйдүн алдында турдум, мага тиги эжей олтурган кантордон да олуттуу көрүндү. Чын эле ушул жерде иштеймби!-деп ишене албай турдум. Эшикти аста кактым эле орто жаштагы эже чыкты.

—Саламатсызбы, мени Айнагүл эже жиберген эле, жумуш барбы?

—Ий кирегой, секетиң кетейин десе ырас эле болбодубу. Жумуш бар, бас биринчи чай ичкенче таанышып алалычы. Атым Астра, тиги Айнагүл эжеңдин жеңеси болом. Жеңе дей бер кызым, сенин атың ким?

—Атым Клара, мен тиги Толубайдын кызымын, тааныбасаңыз керек э?

—Тааныбаганда эмне, тааныйм эле. Айнагүлдү ала качып кеткенде мен кууп баргам, ошондо атаң жол тороп мени өткөрбөй койгон. Болбой койгулап тытынсам бир колдоп жоонуна көтөрүп алган эле. Ошол кезде чырдап, бир топ ызы-чуу чыгаргам. Кийин Айнагүлдөн атаң тууралу жакшы кептерди угуп калганмын. Ээх эң башкысы ден-соолук турбайбы, мына мен да жарым жан болуп олтурам. Айыгып кетсин, атаңдын кырсыктаганын кулагым чалды эле бир.

—Рахмат, айтканыңыз келсин. Атам тууралу мындай жакшы кеп угуп алып жашып кеттим. Атам мактоого арзыган киши болсо, сөзсүз айыгып кетет себеби күчтүү деп үмүтүмдү жандырып алуучу элем. Үй шарттары менен тааныштырып чыкты, баардыгы жаккандай болду. Иштеп баштадым. Он күн өтүп үйгө үй-бүлөө мүчөлөрү толук топтолушту. Эми эле мектепти бүткөн баласы бар экен, анан Айнагүл эжем мактаган байкеси келди. Таласта чоң улак болуп, Калил ага Эрболду алып ошол жакта жүрүшкөн экен. Эне сүтү ооздон кете элек Эрбол көзүмө аябай жакшы көрүндү. Шаардык анан тыкан, таза болуп турса ашык болуп калган окшоймун. Калил ага болсо мага көңүл деле бурбады.

 

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE