Пример HTML-страницы

Өзбекстандын илимпоздору ОшТУнун студенттери үчүн онлайн лекция окушту

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзбекстандын Навои тоо-кен иштери жана технологиялык университетинин белгилүү илимпоз-педагогдору тарабынан Ош технологиялык университетинин энергетика факультетинин жана гуманитардык-технологиялык колледждин энергетика багытында билим алып жаткан студенттери үчүн онлайн лекция окуу башталды.

ОшТУ менен Навои университетинин ортосундагы түзүлгөн келишимге ылайык, эки тараптын илимпоз-педагогдору студенттерге энергетика багытына байланышкан бардык адистик сабактардан онлайн жана офлайн сабактарды өтүүгө мүмкүнчүлүк алышкан.

Азырынча лекциялар онлайн түрүндө окутулуп жатат. Ал эми кийинчерээк эки университеттин илимпоз-педагогдору окуу жайларга барып, сабактарды өтүшмөкчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE