Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

ӨКМ кенемте боюнча эмне дейт?

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрмө пунктта болгон жол кырсыгы боюнча тиешелүү тармактар тарабынан териштирүү, изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, министрликтин өзүнүн компетенциясына кирген талаптарга ылайык, өз кезегинде Министрлер кабинетине жабыр тарткандарга, үй-бүлө мүчөлөрүн жоготкондорго кенемте төлөө тууралуу тескеменин долбоору жөнөтүлгөн.

«Тиешелүү тараптардын иликтөө иштери толук жыйынтыкталса, кенемте төлөп берүү чечими Министрлер кабинети тарабынан чыгарылат», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы «Чечме» чек ара өткөрмө пунктундагы жол кырсыкта талкаланган 16 унаа Айдаркен сурма комбинатынын аймагында токтоп турганын билдирди.

Маалыматка караганда, бул аймак 24 саат кайтарууда, транспорт каражаттарынын ээлеринен башка эч ким киргизилбейт.

«Бул аймак ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын атайын айып короосу болуп эсептелинбейт», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу оор жүк ташуучу унаанын катышуусунда катталган кырсыктан жабыр тарткан жергиликтүү тургун Толкунбек Тойчиев окуянын болгонуна 6 айдан ашык убакыт өткөнүнө карабай, өкмөт жардам беребиз деген убадасын аткарбаганын айткан.

«Ошол учурда атайын тиешелүү кызматкерлер келип, талкаланган унааларды баасын чыгарып, аны менен бирге каза болгондорго 300 миң сомдон акча берилерин айткан. Бирок ал айткандарынан эч бир жардам берилбеди. Ар 10 күндө келип, жетекчилерге жолугабыз. Бирок жыйынтык чыкпай жатат», — деген ал.

Ошондой эле ошол кырсыкта бир учурда 2 жакынын жоготкон Рахмидинов Додорахми буларга токтолгон.

«Ошол күнкү жол кырсыгында атам менен эжем каза болгон. Унаабыз талкаланган. Биз үчүн абдан оор жоготуу болду. Каза болгондорго акчалай жардам жана унааларды калыбына келтирүү боюнча айтышкан эле. Бирок эч кандай жардам берилбеди. Тескеринче, талкаланган унааларыбыздын калган темирлери да жоголуп кетиптир. Өзүм Кызыл-Кыя шаарында студентмин», — деген ал.

Окуя тууралуу:

Аталган жол кырсык 21-майда Өзбек Республикасынын Сох районунун Чашма айылы менен чектешкен жердеги «Чечме — унаа жолу» көзөмөл өткөрүү пунктунда болгон. ӨКМдин айдоочусу «Хово-Трал» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасынын чиркегичине «Самсунг» үлгүсүндөгү жүктөгүч техникасын жүктөп алып, Баткен районунун Бөжөй айылына селдин кесепеттерин жоюу максатында бара жатып, белгисиз себептерден автоунаанын ылдамдыгы төмөндөбөй, башкарууну жоготуп койгон. Анын кесепетинен өткөрүү пунктунун тосмолорун бузуп, ошол жерде кезек күтүп турган унаалар жана адамдарды оор жүк ташуучу унаа сүзүп кеткен.

Кырсыктан 8 адам, анын ичинде ӨКМдин 2 кызматкери каза болуп, 16 унаа жарактан чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE