Эмир Молдакунов «Талас жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды

Эмир Молдакунов Акыркы жанылыктар

Turmush26 жаштагы Эмир Молдакунов Талас шаарынын «Талас жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, анын бул кызматка дайындалышы жөнүндөгү буйрукка 2025-жылдын 3-февралында Талас шаарынын мэри Байыш Астанакулов кол койгон.


УКМК 2024-жылдын июнь айында Таластагы Э.Кутманалиев атындагы спорт стадионун реконструкциялоонун баасын негизсиз жогорулатуу фактысы аныкталып, муниципалдык ишкананын директору жана подряддык уюмдун өкүлү кармалганы маалымдаган.

Анда подряддык уюмдун курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга тиешелүү лицензиясы, иш тажрыйбасы болбогун айтылган. Ага карабастан муниципалдык ишкананын жооптуу кызматкерлери тендер өткөрбөй эле подряддык уюм менен 25 млн сомго келишим түзгөн. Текшерүүнүн натыйжасында мамлекетке 4 млн сомдон ашык зыян келтирилгени такталган.

Аталган факт боюнча «Талас жашыл чарбасы» муниципалдык ишканасынын директору А.М. жана подряддык уюмдун өкүлү Т.С. кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️