Пример HTML-страницы

Элнура Мокчоева 3 жылдан бери кичинекей балдарга китеп дүйнөсүн таанытып келет

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush37 жаштагы Элнура Мокчоева 3 жылдан бери Ат-Башы райондук китепканасынын балдар бөлүмүнүн китепканачысы эмгектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен жакындан таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби башталгыч класстардын мугалими, китепканачы.

«Китепканачы болсоң бардык маалымат менен кабардар болуп, элге дагы таратасың. Башталгыч класстын мугалими болгондуктан балдар бөлүмүнө киргем. Китепканада эрте жаштан балдарды өнүктүрүү борборубуз бар. Бул борборго 6 жашка чейинки балдарды кабыл алабыз. Ал эми 11-класска чейинкилер бизге жазылып, окурман болуп келип турушат.

Азыр жаңы китепкана болгондуктан окурмандар көп келип атат. Балдар бөлүмүндө 25048 китеп бар. Балдардын озүлөрүнүн тандоосуна коебуз. Жомоктордун орус, кыргыз тилинде, башка улуттардын жомоктордун котормолорунан бери бар.

Балдар менен иштешүү жакшы. Жаңы китепканага келгенден бери окурмандардын дагы саны көбөйдү. Кичинекей окурмандар китептин ар бирин көрүп кызыгып келип жатышат. Эмнени түшүндүң деп сурап коебуз. Кабыл алуусу жакшы балдар китеп эмне жөнүндө экенин айтып берет. Кийинки балдардын аң-сезими, дүйнө таанымы жакшы. Ата-энелер балдарын алып келип жаздырып кетишет, өзүлөрү дагы келишет.

Китепканада куурчак театры бар. Балдарга билим берүү борборунун мугалимдери менен тыгыз иштешебиз. Алардын балдары аркылуу, чогуу жомок жаздырып келген балдарга жомок коюп берип турабыз. Куурчактарды ойнотуп балдарга тартуулап турабыз. «Чебер колдор» деген ийрим бар, кыздар кызыгып жакшы келишет», — деди ал.

Китепканачы айым 2 уул, 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE