Элеттик мугалим Мирзат Байдалиевдин окуучулары да сынактарда ийгиликтерге жетише баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Ак-Жар айылынын 36 жаштагы тургуну Мирзат Байдалиев мугалимдик кесипти аркалап келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, мектепте иштеп жатканына 13 жыл болду.

«Мектепти аяктаган соң, Бишкек шаарындагы С.Чокморов атындагы көркөм сүрөт окуу жайына тапшыргам. Ал жакта керамист (чопо менен иштөө) адистигине ээ болгом. Окуу жайды кызыл диплом менен аяктагам.

2011-жылы айылдагы А.Султанбеков орто мектебине сүрөт көркөм өнөр сабагынан мугалим болуп киргем. Жумушка абдан так жана жоопкерчиликтүү мамиле кылганга аракет кылам. 2012-жылдан бери окуучуларым менен «21-кылымдын интеллектуалдары» сынагына катышып келебиз. Бүгүнкү күндө 15 окуучум республикалык деңгээлде алдыңкы орундарды камсыздашкан.

Бир жолу ошол сынактан облустук турдан өтүп, Бишкек шаарына бардык. Окуучуларым менен жатаканага жайгашканбыз. Бир окуучум сыртка чыгып келейин десе, көңүлүн кыя албай макул болдум. Анын коопсуздугун ойлонуп, чогу чыгып келейин дедим. Экөөбүз жатаканадан чыгып, лифтке кирсек эле 2-этажга жеткенде лифт өчүп калды. Окуучум экөөбүз 2 сааттай ичинде күтүп отуруп калган элек. Чыккандан кийин кайра бөлмөбүзгө көтөрүлүп, абдан күлгөн элек. Эртеси сынакта жеңүүчү болуп, үйүбүүзгө «лифтте отурганыбыз акталды» деп кайттык эле.

Пример HTML-страницы

Быйылкы жылы жакында эле «Жылдын мугалими» сынагында көркөм өнөр сабагынан 1-орунду ээледим. Бул алгачкы жеңиштер деп эсептейм. Буйруса жеңиштер дагы алдыда. Мени колдогон жакындарыма, жубайыма, коллективиме, окуучуларыма ыраазычылык билдирем», — деди ал.

Мугалимдин жубайы Чолпонай Жолдошбекова англис тилчи мугалим. Жубайлар 2 кыз, 2 уулду чоңойтуп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️