Элетте 43 жыл мугалим болуп иштеген Алтынкыз Борбашеваны балдары Түркияга эс алууга жиберишти

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Кум-Арык айылынын 67 жаштагы тургуну Алтынкыз Борбашева 43 жыл кыргыз тилчи мугалим болуп иштеген. Аймактык кабарчы ардагер мугалимден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 2 жыл мурун ал пенсияга чыккан.

«Таластын Арашан айылында туулгам. Жолдошум экөөбүз кошуна эле жашачубуз. Кийин өзүнчө үй-жай күтүп, коңшу Кум-Арык деген айылда жашап, ушул айылда байыр алып калдык.

Өзүм мектепти аяктагандан кийин 2 жылдан соң Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетинин филология бөлүмүнө тапшыргам. Ал өзүмдүн каалоомо байланыштуу болду. Мектепти абдан жакшы баа менен окугам. Өзүм юрист болгум келип, 2 жыл катары менен ошол окуу жайга тапшырам деп жыл сайын кулап калдым. Экинчи жылы сүйлөмдө үтүр жок деп өтпөй калганда ызалангам. Ал кезде бирорунга 12 ден талапкер болгон элек. Ошол 2 жыл аралыгы үйдө ата-энемдин жанында болдум. Колумду сурап келгендер дагы болду. Бирок окуйм деп өжөрлөнүп, болбой койгом. Анан ойлонуп, айылга жашап калсам, кыз кишиге ылайыктуу болот деп мугалимдикти тандадым.

Филология бөлүмүнө жан дүйнөм жакын. Чыгармаларды көп окуган адаммын. Аан ошол жакты тандап барып, аябай даярданып барып окууга өткөн элем. Азыр ойлосом ата-энем дагы бизди окутабыз деп, ошол кезде эле абдан колдоо көрсөтүптүр.

Пример HTML-страницы

Окууну стипендия алып, абдан жакшы деген баа менен аяктап келип, өзүбүздүн айылдагы мектепке кыргыз тилчи мугалим болуп жумушка киргем. Ошондон бери, 43 жыл бир мектепте эмгектендим. Пенсия жашы келгенде мектептен өзүмдүн арызым менен ардактуу эс алууга чыктым. Бизден дагы жаш адистер келип иштешсин дедим. Уул-кыздарым дагы колдоп, мени эс алууга чыкты деп куттукташып, жолдошум экөөбүздү Анталияга эс алууга жөнөтүштү. Азыр неберелерге каралашып, окууларына көз салып отурабыз. Учурда 10 неберебиз бар», — деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жумушундагы кызыктуу учурларды эстеди.

«Ак кеме» тасмасында Нургазынын ролун аткарган бала окуган мектепке 2 жыл катары менен практикага чыктым эле. Ал бала абдан сезимтал бала эле. Көздөрү тостоюп, акырын эле бейбаштык кылып коёт эле. Анан мен аны алдыңкы партага отургузуп алчумун. Бир маалда сабакта оозу кыбырады. «Эмне бар оозуңда?» десем, «оозумда эч нерсе жок» деген. Мен билип эле, аябай күлкүлүү бир нерсе айтсам, баягы бала күлөм деп оозунан момпосую атып кетип, доскага тийип, анан менин астыма түшүп жатпайбы. «Эжеке калп айткам сизге» деп мойнуна алганы эсимде.

Кум-Арык айылындагы мектепте окуучуларга «Ч.Айтматовдун «Ак кеме» повестин окуп келгиле дедим. «Оригиналын окугула, киносун айтып келбегиле» деп эскертчү элем. Бир балам айтып берип жатты. Мен журналды карап, угуп жатам. Анан жартысына келип эле такталып калды. «Ай, сага эмне болду?» десем, «Эже, кечирип коюнуз, мен киносун эле көрүп, айтып берип жаткам. Ушул жерден нары эшикке чакырып кетип, калганын түшүнүп көрө албай калдым» дейт. Эмне деп айтарым билбей абдан күлгөн элем.

Китеп көп окуган бала ката жазбайт. Ошондуктан көп окугула деп айтам. Баягы окуучум акыры чыгарманын баарын окуп бүтүп, анан чейрек чыгарып бергем», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️