Элеонора Давлесова 3 жолу таанышкандан кийин көңүл бурган жигитке жубай болду

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Каракол шаарынын 37 жаштагы тургуну Элеонора Давлесова. Ал жолдошу менен үч жолу таанышканын аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

Элеонора Давлесова Жети-Өгүз районунун Балтабай айылында туулган. 2003-жылы Караколдогу №14 орто мектебин окуп бүткөндөн кийин Ысык-Көл мамлекеттик университетинин физика-техникалык факультетинде билим алган. Анын айтымында, тайпада жалгыз кыз болгон.

«Окууну бүтө электе эле жарым ставка менен ушул кафедрада иштеп калдым. 500 сом эмгек акы алчумун. Учурда ЫМУнун колледжинде мугалим болуп иштеп жатам. Иштегениме 15 жылдын жүзү болду.

Жолдошум Урмат Мукашов 1986-жылы туулган, тайпалашымдын досу болчу. Эң кызыгы жолдошум экөөбүз 3 жолу таанышыптырбыз. Үчүнчү жолу анан көңүл бурган окшойм. Сабакка күндө келе баштаганда эмне үчүн келгенин сурасам, досуна келгенин айтчу. Ошентип сүйлөшүп калдык, 3 айдан кийин 21 жашымда баш коштук. Баш кошконубузга 15 жыл болду. Баштан аябай көп кыйынчылыктар өттү. Бир жолу акыркы акчабызга туз алганым эсимде. Ушундай күндөрдү бирге өткөрүү менен анан үй-бүлө курулат экен. Кээде «жокчулукта жаныңда болгом, эми барчылыкта көөп кетпе» деп эстетип турам. Азыркы учурда 1 уул жана 3 кызды тарбиялап келе жатабыз. Учурда жолдошум механик болуп иштейт. Камкор ата, балдарынан эч нерсе аябайт. Кээде эс алганы экөөбүз эле чыгып кетебиз. Себеби үй-бүлө бекем болушу үчүн бири-бирибизге көңүл буруп, маектешип турабыз.

Турмушка чыга электе үйдөн көп тамак жасачу эмесмин. Себеби көп убакытымды окууга бөлчүмүн. Жолдошум экөөбүз баш коштук. Жаңы үй-бүлөгө жагуу үчүн жаңы келген келин колунан келгенин да, келбегенин да жасайт экен. Ошентип торт жасайын деп эжеме чалдым. Ал «бирөөнүн үй-бүлөсүнө барып жасаганы жатасың, мен жаса десем, билбейм дечү элең» деди. Абдан күлкүм келди, бир чети «колдогу алтындын баркы жок деп» өкүнүп калдым.

Жолдошум экөөбүз үйлөнгөн күнү университеке башкы имараттын маңдайынан келе жатканын баары карап турса, сүрдөп кетип, чуңкурга кирип кеткен. Баары күлүп, ушул убакытка чейин тайпалаштар чогулганда эстешет», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Жубайлардын улуу баласы Эрлан 2008-жылы төрөлгөн. Кызы Тамина 4-класста окуп жатат. Ал эми үчүнчү кызы Регина 3-класста билим алып жатат, ал комуз чертүүгө, сүрөт тартууга кызыгат. Кичүү кызы Мелита 5 жашта.

«Балдарым тартынышпайт, ырдаган жерден ырдап, комуз черткен жерден, чертип коюшат. Өздөрүн эркин алып жүрүшөт. Мен азыр аспирантурада окуп, макалаларды чыгарам. Ошондой эле социалдык тармак аркылуу киреше табам.

Студенттерге сабак берген абдан жагат. Бош убактым такыр жок. Жолдошум менен Түркияга, Дубайга барып келүүнү, кыскасы саякаттоону көздөйм. Апам «барга көппөй, жокко чөкпөй жашагыла» деп көп айтат. Ошол үчүн баары дароо боло калбайт. Турмуштун ачуу-татуусуна чыдап койсок, баары болот. Апам мени туура жолго салып, багыттап, дем-күч берип келгени үчүн ыраазымын. Анан сөзсүз түрдө 2 адамдын бири-бирине болгон кадамы түз болуш керек. Эс алгыла, жумуш бүтпөйт. Ошол үчүн сейилдеп көп баскыла, сүйлөшүп тургула. Бири-бириңерге сүйүүңөрдү муздатпагыла», — деп кеңеш берди Элеонора Давлесова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️