Электрик Кожокул Эшалиев өмүр боюу бир жуп менен жашаган канаттууларды багып келет

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТалас районунун Жон-Арык айылынын 60 жаштагы тургуну Кожокул Эшалиев жубу менен гана жашай турган көгүчкөндөрдү багат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча ширетүүчү.

«Колхоз тараган соң жеке чарба менен алектенип келгем. Акыркы 8 жылдан бери электрик болуп иштейм.

Өзүм үйдө бал челек түптөгөм. 50 бал челек кармайбыз. Жылына 1 тоннадан ашык бал алабыз. Ошол үй-бүлөнүн негизги кирешеси болуп саналат.

Адам баласы өзүн өнүктүрүп, хоббиси болуш керек. Менин дагы бала кезимден кызыкканым — бул куштар. 20 жылдан бери павлин породасындагы көгүчкөндөрдү багам. Алардын өзгөчөлүгү — сулуулугунда. Эч кандай сатып, киреше максатында бакпайм. Булар 16 күн сайын 1 эле жумуртка тууп, аны басып, 16 күндө чыгарышат. Кайра 16 күндөн кийин жумуртка тууп, басып чыгара берет. Ал эми жаңы басып чыгарган жөжөсүн корозу бага берет. Туулган жөжөлөрү 1 жылдан кийин эле өзүнө жуп издеп, короздору мекишине жагынып, өзүнө жуп табышат. Өмүр боюу бир жуп менен гана болушат. Ошол менен кадимкидей үй-бүлө күтүшөт. Биринин түгөйүнө бири тийбейт, жанына барбайт. Ушундай бири-бирине берилген түгөй болушат. Жумурткасын дагы корозу менен мекиши кезек менен басышат. Булар көчөдө машина келе жатса дагы качпайт. Ошол жооштугунун айынан көп өлүмгө учурашат. Көп эл көрүп, кызыгып келишет. Аябай кызыккандарга өзүм жубу бар, түгөй көгүчкөндөрдү берем», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Кожокул Эшалиев жубайы экөө 2 уул, 5 неберенин ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️