Пример HTML-страницы

Элди дүрбөлөңгө салган жол кырсык. Миң-куштуктар эмнелерди айтып беришти? Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Жумгал районунда көпүрөдөн кулаган «Хово» жүк ташуучу унаасындагы уран өндүрүшүнүн калдыктары коопсуз чыгарылып, «Дальнее» калдык сактоочу жайына төгүлгөн. Бул тууралуу Россиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын өкүлдөрү ӨКМдин басма сөз кызматы тарабынан даярдалган видео материалда билдиришти.

Алардын айтымында, «Хово» көпүрөдөн кулаган учурда арты менен түшкөн. Жерине тиешелүү техникалар тартылып, ичиндеги уран калдыктары унаадан коопсуз чыгарылып, башка жүк ташуучу унаага салынган. Андан ары «Дальнее» калдык сактоочу жайына жеткирилген.

Жол-транспорт кырсыгы катталган жерде уран калдыгы сууга кошулган эмес, жерге да төгүлгөн эмес. Мындан улам тиешелүү адистер кооптонууга негиз жок экенин айтышты.

Жергиликтүү тургундардын бири Чынара Мадимарованын айтымында, уран өндүрүшүнүн калдыктарын ташуу иши аягына чыгышы керек.

«Кырсык каш-кабактын ортосунда». Иш токтоп калбашы керек. Уран калдыгы ташылып, иш аягына чейин чыгышы керек. Биз дагы таза зонада жашагыбыз келет. Биз башында каршы чыкканбыз. Президент келип: «Мен өзүм кепилдик берем. Эгер радиациялык фондон ашып кетсе, дароо чалгыла. Өзүм токтотуп берем» деген. Бирок биз канча жолу бардык, радициялык фондон ашкан жок», — деди ал.

Миң-Куш айылынын тургуну Бактыбек Бешкемпиров «Хово» кулаган учурда уран калдыктары сыртка чачылбаганын, айлана-чөйрөгө зыян келбегенин, тийиштүү органдардан келип, бардыгын текшерип кетишкенин билдирди.

Айыл тургуну Бурул Сүйүнбаева бул иштерди эл өзү дагы көзөмөлдөп жатканын айтты.

«Жүктү ченеген балдар бар. Жолдон болсо элдин баары көзөмөлдөйт. Унаа катуу жүрүп калса, баланча унаа катуу жүрүп жатат деп, WhatsApp’тагы тайпадан айтабыз. Бир аз суу себилбей калса, чаңдап калды же көп себилсе, былчылдап калды деп, аны да айтабыз», — деди ал.

Бул аймакта иш алып барып жаткан адистер унааларга жүк өзүнүн нормасында салынарын, жүктүн көлөмү сөзсүз текшерүүдөн өтөрүн кошумчалышты.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, «Дальнее» калдык сактоочу жайынын сыйымдуулугу кеңейтилип, «Талды-Булак» калдык сактоочу жайы көчүрүлгөн. Ал эми «Как» калдык сактоочу жайы ордунда рекультивацияланган.

Учурда «Туюк-Суудагы» калдык «Дальнее» калдык сактоочу жайына көчүрүлүүдө. Жыл аягына чейин рекультивациялык жумуштар толугу менен бүтөрү мерчемделген.

———

Жол кырсыгы 2024-жылдын 1-июнунда болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, жүк ташуучу унаанын айдоочусу жогору чыгып бара жатканда рулду башкара албай калган. Унаа артка кетип, көпүрөдөгү тосмону бузуп, андан кийин дарыяга кулап түшкөн.

Кырсыкка байланыштуу Миң-Куш айылынын тургундары «Хово» жүк ташуучу унаасында рекультивация иштеринин алкагында «Туюк-Суу» калдык сактоочу жайынан чыгарылып жаткан уран калдыктары болушу мүмкүн, ал сууга кошулуп, айлана-чөйрөгө таасирин бериши мүмкүн деп кооптонушкан. Бирок жергиликтүү бийлик жүк ташуучу унаа бош экенин, андыктан кооптонууга негиз жок деп ишендиришкен.

Калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо боюнча иштерди Россиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясы Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте алып барууда.

————-

Эске салсак, 2024-жылы 1-августта Жумгал районунун Миң-Куш айылында «Туюк-Суу» калдык сактоочу жайын рекультивациялоо иштери башталган.

  • Миң-Кушта төрт калдык сактоочу жай бар. Алар: «Талды-Булак», «Туюк-Суу», «Как» жана «Дальнее».

КМШга кирген мамлекеттердин аймактарындагы уран калдыктарын сактоочу жайлар менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүү үчүн 2013-жылдан тартып «ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин уран казып алуу өндүрүшүнүн таасирине дуушар болгон аймактарын рекультивациялоо» мамлекеттер аралык максаттуу программасы ишке ашырылууда. Бул программанын катышуучулары: Кыргыз Республикасы, Казакстан, Россия жана Тажикстан. Программанын алкагында Россиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясы Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо боюнча иш алып барууда.

Адистердин маалыматы боюнча, Миң-Куш айылындагы уран калдыктары сакталган жайлардын ылдыйында жер көчкү жайгашкандыктан, учурда эң кооптонууну жаратууда. Эгер ал жылып кетсе, Миң-Куш, Көкө-Мерен жана Нарын дарыяларына кошулган Туюк-Суу дарыясынын кууш өрөөнүн тосуп калат. Радиоактивдүү заттары бар калдык сактоочу жай бузулушу мүмкүн. Бул объектте (Туюк-Суу) жер көчкү жүргөн маалда калдык сактоочу жайды суу каптоо коркунучу менен байланышкан авариялык жана өтө жагымсыз табигый кырдаал түзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE