Пример HTML-страницы

Элди аң-таң кылган баанын себебин ачыкташты

Акыркы жанылыктар

TurmushЖакында эле Чүй облусунун Сокулук районунда асыл тукум малдын көргөзмөсү өттү. Анда ээси тарабынан 200 миң долларга бааланган «Арашан» породасындагы кочкор алынып келди. Бул баа көпчүлүктү таң калдырууда. Ага чейин 2024-жылдын 9-майында Ысык-Ата районунун тургуну Тимур Турумбековдун чарбасындагы «Геракл» аттуу кочкор 100 миң долларга сатылганы маалымдалган. Аймактык кабарчы «Арашан» породасындагы кочкорлордун баасы эмне үчүн кымбат болуп жатканын сураштырды.

Кыргыз кой багуучулардын коомдук бирикмесинин төрагасы Мирлан Сатыбековдун айтымында, «Арашан» породасындагы кой-кочкорлордун сапаты жылдан жылга артууда. Мындан улам анын баасы дагы жогорулап жатат.

«Жыл сайын эл аралык көргөзмөлөрдү уюштуруп, ага Россия, Казакстан, Өзбекстан, Грузиядан келген фермерлер катышууда. Дүйнөдөгү кочкорлордун салмагы боюнча өз алдыбызча изилдөө жүргүзүп көрдүк. Анда эң оор кочкор ушул «Арашан» экенин билдик. Балким, башкалар мындан дагы оор салмактагы кой-кочкорлор бар экенин айтышар. Экинчи жетишкенибиз, бул баасы. Өзүңөр билгендей, алды 200 миң доллардан ашты. Буга көпчүлүк эл ишене албай жатат. Менин эле жоро-жолдошторум: «Кантип эле ушундай болсун» деп айтышчу. Бирок, кийин алар дагы «Арашан» койлорун багып, процессти өз башынан өткөргөндө гана ишеништи. Өздөрү дагы мыкты кочкор издеп, долларлаган акчага сатып алып, кайра өздөрү дагы доллар менен сатып калышты.

Мындай кымбат баадагы кочкорлорду Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан келген фермерлер сатып алышууда. Монголиядагы фермерлер дагы абдан кызыгып жатышат. Бирок, бир көйгөй бар. Россия, Казакстанга алып чыкканга расмий мүмкүнчүлүгүбүз жок болуп жатат. Мамлекет ушул жагынан колдоо кылса, абдан жакшы болмок», — деди ал.

Аламүдүндүк фермер Искендер Абдралиев «Арашанга» суроо-талап жогорулаган сайын баасы дагы ошончо өсүп жатканын билдирди.

«Арашан» дүйнө боюнча рекорд болгону жатат. Анын баасын жергиликтүү фермерлер көтөргөн жок. Бааны алармандар көтөрдү. Кардарлар Россия, Украина Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан көп келип, суроо-талап көбөйдү. Башында алар кочкорлорун гана алып кетип жатышкан. Эми койлорун да сатып алышууда. Себеби, «Арашан» кочкорун алып барганы менен аз убакыттын ичинде биздикиндей жыйынтыкка келе албайт экен», — деди ал.

Ал эми фермер Улан Атабаевдин айтымында, «Арашан» аттуу кой-кочкордун баары эле кымбат эмес. Арасынан тандалып чыккандар гана жакшы бааланат.

«Баа эмне үчүн өсүп жатат? Анткени ички базарда талап аябай күч болуп жатат. Ошол эле маалда «Арашан» аттуунун баары эле кымбат баага сатыла бербейт. Анын ичинен дагы 1-2-класс жана элита деп бөлүнөт. Мисалы, 2-класстын талабына жооп берген «Арашандар» 25-30 миң сом. Ал эми 1-класстагы «Арашандар» 40 миң сомдон 1 миң долларга чейин. Элита болсо чынында кымбат. Аларды чет өлкөлүк ишкерлер жана жергиликтүү ишкерлер алып кетишет.

Баасы аябай кымбат дегендер «Арашандын» параметрин, селекциясын түшүнбөйт. Көргөзмөгө эзели барбагандар. Элитадагы кочкорлор көп жылдык мээнетти, убакытты талап кылат. Мыкты делинген кочкорлордун ээлери 1970-1980-жылдары селекциялык иштерин баштаган. Ошонун үзүрүн эми көрүп жатышат. Элиталык кочкорлор бир же эки жылда пайда болбойт. Ал көп убакытты талап кылган селекциялык иштин арты менен келет. Мына ошондуктан баасы кымбат. Тажрыйбалуу фермерлер кымбат кочкорлорду аларда алардын түпкү тегине маани берет», — деди ал.

Чүйлүк Дамир аттуу фермер жакында эле 110 миң долларга «Арашан» кочкорун сатып алганын социалдык тармактарга жарыялаган. Ал көп өтпөй жарыялаган маалыматы үчүн өкүнүп жатканын билдирген.

«Себеби, көпчүлүк эл терс пикирлерин жазышты. «Мындан көрө батир, унаа алсаң болмок. Бир кочкорду 110 миң долларга кантип алдың? Андан көрө жетим-жесирлерге таратпайт белең? Анын эти алтын бекен?» деген сыяктуу пикирлерин калтырышты. Мындан маалыматты соцтармакка чыгаруудан тартынып калдым. Кыргыз өзүнүн породалуу койлорун колдогондун ордуна көрө албастык, ичи тарлык кылып жаткандай сезилди», — деди ал.

————-

Бул порода 1970-2021-жылдары Кыргызстанда чыгарылган. Фермерлер 1977-жылы Тажикстандан гиссар породасындагы кочкорду алып келип, жергиликтүү кылчык жүндүү кой менен аргындаштырышкан. Аргындаштырылгандан кийинки туулган экинчи муундагы козуларын көбөйтүшкөн.

«Арашан» породасындагы койлорду бийик тоолордо жана талааларда багууга ылайыктуу келип, козулары тез чоңоюшат. Көлөмү чоң, куйруктуу келип, 7-8 айлык козуларынын салмагы 48-61 кг, бир жаштагысы 60-78 кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177 килограммга чейин жетет. Ошондой эле сөөгү жеңил жана катуу келет. Кочкорлорунун мүйүзү болбойт.

Козуларынын болжолдуу баалары 1000 доллар, ал эми койлору 5000 доллардан жогору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE