Эл аралык издөөгө алынган 25 жаштагы жигит Ош шаарынан кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushРоссия Федерациясында уурулукка шектелген жаран Ош шаарынан кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шектүүгө карата эл аралык издөө жарыяланган.

«1999-жылы туулган Э.М.М. Россияда кылмыш кылып, качып жүргөн. Ага эл аралык издөө жарыяланган. Аталган жаран Ош шаарында экени аныкталып, кечээ, 21-октябрь күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аны Россияга экстрадициялоо маселеси каралууда», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️