Пример HTML-страницы

Эл аралык илимий конференцияда ОшТУнун окутуучусу «Эң мыкты баяндамачы» аталды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин окутуучусу Надилбек кызы Бегимай Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин Ала-Бука кесиптик колледжинде өткөрүлгөн эл аралык илимий- практикалык конференцияга катышып келди.

Конференцияда «Бала» концептине мүнөздүү болгон баталар» жана «Улуттук маданияттын өзөгү — сөз, касиети — бата» деген темаларда баяндама жасады. Жыйынтыгында Надилбек кызы Бегимай «Эң мыкты баяндамачы» деп аталды.

Иш-чара Ала-Бука кесиптик колледжинин 25 жылдыгына жана Кыргыз Республикасына эмгеги сиңген мугалим, ф.и.к., доцент Салийма Рысбаеванын 70 жылдык юбилейине карата уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE