Эл аларды аттырбай коруп жатат (видео)

TurmushКадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айыл өкмөтүндө жайгашкан Миң-Чынар айылына илегилектер кайра учуп келе баштады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айыл өкмөт башчысы Алчынбай Төралиев билдирди.

Анын айтымында, бул канаттуулар көп жылдар айылга учуп келбей калган болчу. Акыркы 3-4 жылда жумуртка басып, көбөйүп жатышат.

«Мурда бул айылдарда илегилек аябай көп келчү. Бул куштар такыр көрүнбөй калды эле. Акыркы 3-4 жыл ичинде мурда мекендеп жүргөн айылдарга кайра кайтып келишти. Азыр 40ка жакын илегилек бар. Ушул тапта алар жумуртка коюшкан. Май айларынан тарта балапан чыгарып калат.

Канаттуу береке, тынчтык, кут бар жерге келет экен. Ак-Турпак айыл өкмөтү аларды корукка алганбыз. Жергиликтүү жашоочулар да тийишпейт, атпайт. Көзөмөлдөп, эскертип турабыз», — деди Төралиев.

Учурда бул илегилектердин тобу Ош—Раззаков (мурдагы Исфана шаары) жолунун 175- чакырымында орун алган жол четиндеги күрүч талаалардагы мамычаларда уялашкан. Ушул тапта алардын көбөйүп жаткан мезгили.

Булар Кыргызстандын аймагындагы эң ири куштардын бири. Илегилектин канаттары 220 см, куштун салмагы 4,5 кг чейин болот. Алар бака, жылан, курт-кумурска, жашылча чөптөр менен азыктанышат. Күрүч эгилген таалада бака, жылан жана сууда жүрүүчү курт-кумурскалар көп болгондуктан ошол сыяктуу жерлерде көп байырлашат.

Пример HTML-страницы

Алар ар дайым жуп болуп жашашат. Экиден, төрттөн жумуркалайт. Бул куштар жашаган аймактын экологиялык абалы да чоң мааниге ээ.

Тактама:

2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Ак-Турпак айыл өкмөтү «Кыргызстандагы мыкты айыл өкмөт» наамын алган. Ак-Турпак Баткен облусундагы бай айыл өкмөттөрдүн бири болуп эсептелет.

Элдеги уламыштарга караганда, айылдын аталышы топурактын өңүнө байланыштуу. Мурда бул жерде эч нерсе өспөгөн, шор баскан, ак топурактуу жер болгонун айткан. Кийин жартыбаш уруусу келип, жерди өздөштүрүү менен айыл кылып жашап калышкан. Элет облустун борборунан 35 чакырым алыста жайгашкан. Айылдыктар негизинен дыйканчылык, багбанчылык менен алектенишет.

Ак-Турпак айыл аймагында жылына 2,5 миң гектар жерге күрүч өстүрүлөт. Жергиликтүү дыйкандар күрүчтүн 6 сортун кеңири өстүрүшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️