Эки жигиттин сөөгү 9 жылдан кийин табылып, кылмышкерлер өмүр бою эркинен ажыраган

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жана тергөөчүлөрү 9 жыл мурун жасалган адам өлтүрүүнүн бетин ачкан. Бул материал 2024-жылдын 1-ноябрында Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 100 жылдыгына карата даярдалды.

Окуянын жүрүшүн жана чоо-жайын Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын жетекчиси, милициянын полковниги Үмүт Арыкова айтып берди.

Арыкова Үмүт Улукбековна ички иштер кызматында 2001-жылдан бери эмгектенип келет. Ал 1996-2001-жылдары милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы академиясынан билим алган. 2001-жылдан тарта Жайыл РИИБде, Сокулук РИИБде, Чүй ОИИБде тергөөчү, улук тергөөчү болуп иштеген. Жайыл РИИБде ЖЖИнин башчысы, Чүй ОИИББде жоруктар жөнүндө иштер боюнча башчысы кызматтарын аркалаган. Учурда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын башчысы болуп эмгектенүүдө.

2013-жылы эки жигитти өлтүрүүгө шектелип, эки киши кармалган. Алар 2022-жылы 10-майда Чүй ОИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын жана Токмок ШИИБдин, Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлеринин ыкчам ишинин натыйжасында колго түшкөн.

  • Эки жигит үйүнөн чыгып кетип, кайра кайтып келген эмес

2013-жылдын октябрь айында Токмок шаарынын ички иштер органдарына 1989-жылы туулган Н.Күнбасов жана 1988-жылы туулган Т.Ишеновду табууга көмөк көрсөтүү үчүн эки жаран кайрылган. Алар 2013-жылдын 22-октябрында үйүнөн чыгып кетип, ошол бойдон кайтып барган эмес.

Бул факт Токмок ШИИБи тарабынан каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (адам уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, издөө иштери башталган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында дайынсыз жоголгон адамдардын жашаган жерин аныктоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кызматкерлер «ушул жерде болушу мүмкүн» деген жерлерге жиберилип текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Мамлекеттик чек араны кесип өтүү фактысын аныктоо максатында тиешелүү тараптарга өтүнүчтөр жөнөтүлүп, алар дайынсыз болгонго чейин байланышта болгон бир катар адамдар суралган. Мындан сырткары, кылмыш иши боюнча көптөгөн тергөө амалдары жүргүзүлүп келген.

  • Жоголгон жигиттердин сөөгү жер алдынан табылган

2022-жылдын 3-майында Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ак-Кудук айыл аймагындагы талаада адамдын сөөгүнүн калдыктары табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Н.Күнбасов менен Т.Ишеновдун туугандары табылган сөөктү жана кийимдерди таанышкан.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде (киши өлтүрүү) каралган кылмыштардын белгилери боюнча катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Эскертүү!: Сезимтал адамдарга сүрөттөрдү көрүү сунушталбайт

  • Кыңыр иш кырк жылда билинет

Ыкчам тергөөлөр жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 1985-жылы туулган Х.Ш. жана 1964-жылы туулган Х.Ж. шектелип кармалган.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, 2 маркум менен шектүүлөрдүн уулдарынын ортосунда келишпестик чыгып, мушташышкан. Шектүүлөр таш колдонуп, экөөнү өлтүргөндөн кийин денесин Ысык-Ата районунун аймагына көмүп кетишкен.

2014-жылы тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган шектүүлөр суракка алынган. Бирок шектүүлөр: «ортодогу чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечтик жана алардын жоголушуна эч кандай тиешебиз жок» деп жалган көрсөтмө беришкен.

Эксперттик уюмдардын жардамы менен дайынсыз жоголгон адамдын сөөгүнүн калдыктары аныкталган. Далил базасын чогултуу үчүн Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан бир катар экспертизалар дайындалган. Анын ичинде генетика тармагында атайын билим алуу үчүн Казакстандын Алматы шаарына барышып, укук коргоо органдарынын жана эксперттик уюмдардын жардамы менен дайынсыз жоголгон адамдын сөөгүнүн калдыктары аныкталган.

  • Адам өлтүрүп, өмүр бою эркинен ажыратылган

Тергөөнүн жыйынтыгы менен 2022-жылдын 2-августунда кылмыш иши тергөө органдары тарабынан аяктап, сотко жөнөтүлөт. Бул чуулгандуу кылмыштын бетин ачуунун жүрүшүн Ички иштер министрлигинин жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алган. Ошентип, Токмок шаардык сотунун өкүмү менен 2013-жылы жасалган адам өлтүрүү фактысы боюнча 1985-жылы туулган Х.Ш. жана 1964-жылы туулган Х.Ж. күнөөлү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️