Пример HTML-страницы

Эки унаанын ортосунда жан берген кишинин өлүм алдындагы секунддары. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushМосква районунун Садовой айылында жол кырсык катталды. 11-июндагы окуя видеокамерага тартылып калган.

Видеодон көрүнүп тургандай, ак түстөгү кичи автобус жолдун жээгине токтогон. Аны күтүп турган жүргүнчү (эркек киши) багажга жүгүн салып жатканда артынан катуу ылдамдыкта келе жаткан автомобиль катуу урунган.

Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2024-жылы 11-июнда саат 06:30 чамасында «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаа Ош—Бишкек унаа жолу менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып, жолдун 38-чакырымында, Садовой айылында жолдун жээгинде токтоп турган «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаасын артынан сүзгөн. Андан кийин кичи автобус алдында турган «Форд Транзит» үлгүсүндөгү унаасына урунган.

Жол кырсыгынын кесепетинен «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаасынын багажына жүк жүктөп жаткан Ш.С.И. (1987-жылы туулган жол) кырсыгы болгон жерден каза тапкан. Андан сырткары «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаанын 1999-жылы туулган жүргүнчүсү Г.К.А. ар кандай жаракат алып, Москва районунун ооруканасына кайрылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE