Пример HTML-страницы

Эки кафени жана килем дүкөндү жалын каптады

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 1-июлда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы борбордук базардан өрт чыкты.

ӨКМдин маалыматы боюнча, өрттү өчүрүүгө саат 18:09да Ала-Бука райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 бөлүк тартылган. «Аида» кафесинен чыккан өрт бир имаратта жайгашкан килем дүкөнү жана «Фирдаус» кафесине чейин жеткен. Болжолдуу өрт 400 чарчы метр аянтты түзөт.

Алтын, күмүш, кийим сатылган «ZARA», «1000 түркүн», азык-түлүк дүкөндөрү, тез татым ашканасы өрттөн сакталып калынды.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE