Экөөнүн окуясы камерага түшүп калган

TurmushТалас облустук соту Бакай-Ата районунда айыл өкмөт башчысы менен бала бакчанын жетекчисинин ортосунда чыккан чыр боюнча өкүм чыгарды. Turmush басылмасы окуянын чоо-жайын баяндайт.

Айыпталуучу ким?

Айыпталуучу Нурлан (аты өзгөртүлдү, Н.А.) 1969-жылы Бакай-Ата районундагы айылдардын биринде туулган. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы. Мурда соттолгон эмес. Буга чейин айыл өкмөт башчысы болуп иштеген. Ага 321-берене (бийликтен аша чабуу) менен айып тагылып, 2 жылга эркиндигинен ажыратылган. Бирок Жазык кодексинин 83-беренесине (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) ылайык жаза өтөөдөн бошотулуп, 1 жылга пробациялык көзөмөл дайындалган.

Окуянын чоо-жайы:

Нурлан Бакай-Ата районундагы айыл өкмөттүн башчысы болуп иштеп турган учурда кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, 2021-жылдын 20-январында эртең менен саат 09:10 чамасында айыл тургундарынын жана жаш балдардын көзүнчө бала бакчанын жетекчиси Гүлжамалды (аты өзгөртүлдү, Г.Т.) бала бакчадан сыртка сүйрөп чыгып, жулкулдатып түртүп жыккан. Андан кийин жулмалашып, Нурлан аны кайрадан жулкулдатып, бала бакчанын тосмосун көздөй түртүп жиберген. Ал тосмодон ары кулаган. Бул окуя бала бакчанын видеокамерасына тартылып калган.

Гүлжамал 10 күн стационардык дарыланууда болуп, андан кийин амбулатордук дарылануудан өткөн. Ага келтирилген жаракаттын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында ал жабык краницеребриалдык жаракат алып, мээси чайкалып, жеңил зыян алган деген тыянак чыккан.

Пример HTML-страницы

Бакай-Ата райондук соту 2021-жылдын 21-сентябрында Нурланды жогоруда көрсөтүлгөндөй жазага тарткан.

Бул өкүмгө Гүлжамал менен жактоочусу макул болбой, облустук сотко апелляциялык даттануу келтирген. Гүлжамал дары-дармекке деген чыгымды өндүрүп берүүнү жана Нурланды 1-категориядагы эркиндигинен ажыратууну суранган.

Нурлан эмне дейт?

Нурлан соттук отурумда Гүлжамалдын апелляциялык даттануусуна каршылыгын билдирип, тергөөдө биринчи инстанциядагы сотто берген көрсөтмөлөрүн кубаттап, күнөөсүн жарым-жартылай моюнга аларын айтты. Окуя 2021-жылдын январь айында болгон. Өзү айыл өкмөт башчысы болгондуктан айылдын тургундары ага бала бакчанын жетекчиси Гүлжамал балдарды бала бакчага албай жатканын айтып кайрылышкан. Ал бала бакчага барганда эшиги жабык болгон. Эч ким ачпагандан кийин тосмодон түшүүгө туура келген. Гүлжамалды болсо кабинетинен сүйрөп чыккан эмес. Жакшынакай эле эшикке чыгып, балдардын ата-энелеринин көзүнчө аны эшиктен силкип жиберген. Гүлжамал жеңинен кармап калган. Ал «Эмнеге түртөсүң?» деп чапчып жатканда коргонуу үчүн аны түртүп жиберген. Ошондо Гүлжамал жерге кулап түшкөн.

Устав боюнча бала бакчанын жетекчисин айыл өкмөт башчы дайындайт. Нурлан соттон апелляциялык даттанууну канааттандыруусуз калтырып, Бакай-Ата райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырууну суранды.

Гүлжамал эмне дейт?

Соттук отурумда жабырлануучу Гүлжамал да маалымат берди. 2021-жылдын январь айында балдардын ата-энелери бала бакчанын алдында чогулуп башташкан. Саат 09:00дө бала бакчанын эшиги жабылат. Эшик жабылган учурда айыл өкмөт башчы Нурлан барып: «Эшикти ачып, балдарды киргиз» деп айткан. Карантинге карабастан санитардык норманы сактабай, бет капсыз, ылай бут кийими менен дарбазадан ашып түшүп, анын кабинетине кирип келген. Экөө айтыша кетип, аны жакасынан кармап, эшикке сүйрөп чыккан. «Эшикти ач!» деген. Бирок ачкыч анда жок болгон. Балдардын ата-энелеринин көзүнчө сөккөн. Түртүп жибергенде кулап түшкөн. Ошол күнү түшкөн кийин башы ооруп, жүрөгү айланып, ооруканага барган.

Негизи бала бакча жаңы ачылганда 170-180 бала менен иштеп жаткан. Бирок пандемия болгондо ар бир тайпада 20 баладан ашпасын деп норма коюлган. Ал ооруканага жатып, дарыланганы үчүн соттон материалдык жана моралдык чыгым катары Нурландан 100 миң сом өндүрүп берүүнү, ага мыйзам чегинде жаза берүүнү суранды.

Күбө эмне дейт?

Соттук отурумда күбө катары айылдык кеңештин төрагасы А.К. маалымат берип, 2020-жылы пандемия болуп, бала бакчалар жабылып калганын айтты. Ал учурда айыпталуучу Нурлан айыл өкмөт башчысы болуп иштеген. 2021-жылдын январында айыл тургундары «Гүлжамал балдарды кабыл албай жатат» деп маалымат беришкен. Бала бакчага жергиликтүү тургундар менен бирге комиссия барган. Текшерүү учурунда ар кандай сөздөр айтылып, окуя ошондон башталган.

Гүлжамал «өзүм билем, силер кимсиңер?» деп баш ийбей, бала бакчанын дарбазасын ачпай жаап салганынан Нурлан бала бакчанын дарбазасынан ашып түшүп, анын кабинетине кирип кеткен. 5 мүнөттөн кийин экөө эшикке чыгышкан. Ал эшикти жаап жатканда Нурлан бутун тосуп, эшикти жаптырбай жатканда Гүлжамал түртүп жиберген. Андан кийин Гүлжамалдын жакасынан кармап: «Сен эмнеге мени түртөсүң?» деп, жулкулдатып жибергенде чалынып жерге кулап түшкөн.

Соттун өкүмү:

Облустук сот иштин материалдарын карап чыгып, Бакай-Ата райондук сотунун 2021-жылдын 21-сентябрындагы Нурланга карата чыгарган өкүмүн жарым-жартылай өзгөрттү.

Нурландан Гүлжамалга келтирилген моралдык зыян үчүн 15 миң сом компенсация өндүрүлдү. Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылды. Апелляциялык даттануу жарым-жартылай канааттандырылды. Өкүмгө нааразы тарап Жогорку сотко кайрылууга укуктуу.

* Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️