Ээрден оодарылбас эр эңишчи Амантур Мүнүр уулу

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусуна караштуу Талас районунун Сасык-Булак айылынын тургуну Амантур Мүнүр уулу эр эңиш боюнча көптөгөн ийгиликтерди жаратып келет. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы таанышты.

Ал кесиби боюнча эколог. Бирок учурда айдоочу болуп эмгектенет.

«Мектепте окуп жүргөн кезимден бери эле эр эңиш менен машыгып келем. Эр эңиш — эки балбандын ат үстүндөгү алышуусу болуп саналат. Башында балдар менен жергиликтүү деңгээлде эр эңишке түшчүмүн. Бул оюнга Тарпеда деген атым менен чыгам. Аны семиз кылып багып, жакшы карайм. Атыма 2 күн сайын атайын көнүгүүлөрдү жасатып турам. Бөлөк аттарга бетме-бет салып, кармашып, даярдайбыз», — деди ал.

Каарманыбыз 2016-жылдан баштапчоң мелдештерге катыша баштаган.

«Алган сыйлыктарым боюнча айта кетсем, Азиянын жеңүүчүсү, Кыргызстан боюнча 10 жолку чемпион, дүйнөнүн 2 жолку чемпиону жана Көчмөндөр оюндарында да чемпион болдум. Эң чоң алган байгем Астананын 20 жылдыгында чемпион болуп, 200 миң сом байге алгам. Андан бери дагы ушундай кызыктыруучу байгелер болуп келе жатат.

Пример HTML-страницы

Жеңиш деле оңой келбейт. Башында көп жеңилип, ыза болосуң. Ал үчүн көп эмгек жасоо керек. Алдыга умтулсаң гана ийгиликке жетесиң. Жаңы баштаганда эле «менин колумдан келбейт экен» деп таштап койгондор бар. Ар дайым жаңы чыгып келе жаткан уландарга «эмгек кыл, даярдан, улам такшалып анан чеберчилик пайда болот» деп айтам.

Күн сайын эртең менен чуркайм, жетишпей калсам кечке маал чуркайм. Өзүмдү жеңил сезип жүргөнгө аракет кылам. Үй-бүлөм, өзгөчө жубайым мени абдан колдойт. Азыркы учурда 3 уул, 1 кызды тарбиялап өстүрүп келе жатабыз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️