Эчкили-Тоого Манас атанын сөөгү коюлганы айтылат

Акыркы жанылыктар

TurmushБакай-Ата районундагы Эчкили-Тоо тоосу ар кандай уламыштарга бай. Бул тууралуу «Манас эпосу» музейинин илимий кызматкери Сиятбек Ибралиев билдирди.

Анын айтымында, музейдин кызматкерлери Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын тургуну Султанбаев Карачай аксакалдан эл оозунда айтылып жүргөн уламыштарды тасмага жаздырып калуу максатында 20-сентябрь күнү аны үйүнө барышкан. Карачай аксакал бир канча жылдар боюу аксакалдар сотунун төрагасы, мүчөсү болуп эмгектенген.

2017-жылдан бери VI-VIII кылымдарга таандык 3 балбал ташты, байыркы 2 жез тыйынды, 1 шылк этме куралды жана жаргылчак ташты таап, музей фондуна өткөрүп берген.

Карачай аксакал менен Боо-Терек айылынан чыгып, айылдын түндүк тарабында жайгашкан Эчкили-Тоонун унаа жолу бүткөн жериндеги мал короонун (кашар) жанына чейин бардык. Мына ушул жерде тартуу иштери орун алды. Аксакал алгач ал ушул кашарда бала кезинен баштап колхоздун койлорун багып чоңоюп, бул кокту-колот, тоолордо балалыгы өтүп, баспаган жери калбаганын айтып берди.

«Керек болсо бул аймактын коён жатагына чейин билем десем аша чапкандык болбос. «Манас» эпосунда Манас атабыздын сөөгү Эчкили-Тоого коюлган деп айтылат эмеспи. Эл оозунда Каныкей энебиз Манас атабыздын сөөгүн эң бийик болуп агарган Ак-Чоку тоосун каратып, ушул тоого жашырган делген уламыштар айтылып жүрөт. Анын аркы түндүк бети тике кырдуу келип, Манас районунун Арал айылынын туш тарабы болуп калат.

Пример HTML-страницы

Мен өзүм бала кезимден айылда болгон той-аштарга көп катыштым. Чоң адамдар көпчүлүктүн колуна суу куйдуртуп, тизгин кармап, үзөнгүдөн таяп аттантып жүрүп аксакалдардын батасын алып чоңойдум. Ошондо алар байыркыдан кеп козгоп баарлаша түшкөндө колум кумган менен чылапчында болгону менен кулагым ар дайым алардын кызыктуу уламыш окуя кептеринде болор эле», — деди аксакал.

Эчкили-Тоонун сулуулугу:

2022-жылы эколог Гамал Сооронкулов Turmush басылмасына Эчкили-Тоонун этегиндеги Кулан-Сай капчыгайынын Чийим-Булак аймагынын сүрөттөрү менен бөлүштү.

Эчкили тоонун этеги Талас районунун Көк-Ой айылы менен Орто-Арык айылдарынын кесилишинен түшөт.

«Уламыштарга таянсак бул аймак Семетей атабыз 40 чоросу менен кайып болгон деп айтылат», — деген ал.

Галерея: Таластагы Эчкили-Тоонун этеги Чийим-Булак

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️