Досунун тоюна барган 27 жаштагы жигит жандандыруу бөлүмүнө түштү. Жакындары окуя тууралуу айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Бирлик айылындагы массалык мушташтан жабыркагандар бар.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2024-жылдын 22-октябрында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Чүй облустук ооруканасынан ушул эле күнү саат 14:00 чамасында Т.Н. аттуу жаран денесинен алган жаракаты менен жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн. Аны белгисиз адамдар сабаганы айтылган.

Аталган факты Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган С.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыштын калган катышуучуларын аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам тергөө иштери уланууда.

Жабыркагандардын арасында 27 жаштагы Нурсултан Турсуналиев да бар. Анын жакындары Turmush басылмасына окуя тууралуу айтып беришти.

«Биздин балабыз Нурсултан Турсуналиев 21-октябрда досунун тоюна Бишкек шаарына кеткен. Ал дос баласы мурда Виноградный айылында жашчу. Азыр Бирлик айылында жашайт. Ошол себептен эки айылдан тең досторун тоюна чакырган. Тойдон кийин эки айылдын балдарынын ортосунда чыр чыккан. Алар Бирлик айылына келип, Виноградный айылынын балдарын сабашкан. Окуя 22-октябрга караган түнү саат 01:00-04:00 чамаларынын ортосунда болгон. Түн ортосунда балабыз эч нерсе айтпай келип, ордуна жатып алган. Эртең менен турбай жатканынан барсак, ушундай абалда экен. Уруш эмнеден чыкканын билбейбиз. Нурсултандын баш сөөгү сынып, мээсине кирип кеткен. Мээнин ортосуна кан уюп, операция болду. Учурда жандандыруу бөлүмүндө. Сабалган күнү оң капталы кыймылдабай, сүйлөбөй калган экен. Ошондон бери сүйлөй элек. Шектүүлөргө чара көрүлүп, жазасын мыйзам чегинде тартса дейбиз», — деди туугандары.

Күбөлөрдүн айтымында, массалык мушташ уюштургандар спирт ичимдигин ичишкен. 2-3 жигит ооруканага түштү.

Сезимталдарга сүрөттү көрүү сунушталбайт!

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️