Доллар менен рублдун Жалал-Абад шаарындагы баасы. Сүрөт

TurmushЖалал-Абад шаарында 1 доллар 79 сомдон сатылып жатат. Аймактык кабарчы калаадагы акча алмаштыруучу жайларды жана банктарды кыдырып, бааларды билип келди.

Белгилүү болгондой, акча алмаштыруучу жайларда 1 доллар 79 сомдон болсо, 1 орус рублу 0,95 тыйындан бааланууда. Ал эми банктарда 1 доллар 79 сом 50 тыйынга (сатып алуу) жана 81 сом 50 тыйынга бааланып жатат. 1 рубль 0,93 тыйындан сатылып алынып, 1 сом 03 тыйындан сатылууда.

Евронун да курсу түшкөнү байкалат. Тактап айтканда, банктарда 1 евро 88 сом 50 тыйындан сатылып алынып, 90 сом 50 тыйынга сатылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️