Turmush — Ысык-Көл облусунун Тон районунун Кара-Талаа айылынын 40 жаштагы тургуну Нурзат Жакыпова мугалим болуп эмгектенип жатат. Ал окуучулары ийгиликке жетип жатканын аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.
Нурзат Жакыпова Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон хан айылында туулган. Ал Балыкчы шаарында чет тилдер боюнча билим алган. Учурда Кара-Талаа айылындагы Б.Алаков атындагы орто мектепте англис тилчи мугалим болуп иштейм.
«11-класстын класс жетекчисимин. Бул класстагыларга 5-класстан бери билим, тарбия берип келе жатам. Мугалимдик кесипти тандап калганыма апам түрткү берген. Анткени апам да чет тилчи мугалим болчу. Апам англис тили керек экенин айтып жүрүп, окууга тапшырткан. Мектепте немис тилин окугандыктан англис тилин үйрөнө аламбы деп кооптондум. Апам өздөштүрүп кете турганымды айтып, көндүрдү. Ошентип Балыкчыда жаңы ачылган институтка тапшырдым. Негизи өзүм дизайнерлик тармакка кызыкчумун. Бирок азыр тилчи болгонума, өкүнбөйм, тескерисинче апама ыраазычылык билдирип келем.
Болгон аракетимди жумшап, чыгармачылык менен иштегенге аракет кылам. Мугалимдик кесип өтө оор, бирок ардактуу кесип. Мен үчүн балдар менен иштнген абдан кызыктуу. Азыр 21-кылым, техника өнүккөн заман. Жаш мугалимдер көбүнчө компьютер колдону, сабак өтөбүз. Мектепте сабак өтүүгө арналган атайын такта бар. Эң негизгиси интерактивдүү ыкманы колдонуу менен сабак өтөбүз.
Мектепте иштегениме быйыл 19 жыл болду. Көптөгөн ийгиликтерге жеттик. Окуучуларым ар кандай олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарды алышты. Учурда окутуп жаткан окуучуларым мамематиканы жакшы өздөштүргөн. Кандай гана олимпиада болбосун, баарына катышып келишти. Ошондой эле драмамалык ийримге катышкан окуучуларым да бар. Айылдар, райондун арасындагы сынактарда 1-орунду алып жүрүштө. Драмалык ийримди Алтынгүл Молдосанова жетектейт. Ал өзү кыргыз тилчи мугалим. Окуучуларыма өзүн сахнада алып жүрүүнү, туура сүйлөөнү үйрөттү. Учурда окуучуларды Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдап жатат. «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына 2 окуучумду көрсөтүүнү көздөп жатам», — деди ал.
Нурзат Жакыпованын айтымында, окуучулардын ийгиликтеринин артында бир үле мугалимдин эмес, бардык мугалимдердин эмгеги бар.
«Быйыл өзгөчө жыл болду десем болот. Биздин мектепте «Жыл окуучусу» сынагы өтүп келет. 9-10-11-класстар арасында «Акыл ордо» таймашы уюштурулат. Ушул сынакта 11-класстын окуучусу — кызым Адеми Тынчтыкбекова жеңүүчү болду. Ал 2016-жылы да «Жылдын окуучусу» наамын алган болчу. Андан кийин «Мектеп мырзасы» сынагында окуучум Аскат уулу Жоомарт жеңүүчү аталды. «Жаз ажары» сынагында окуучум Каирова Элзат 1-орунду ээледи. Андан тышкары бул класста волейболго, бийге кызыккан окуучу кыздарым бар. Мектеп боюнча бий жагынан эч кимди алдыга чыгарышпайт», — деди ал.
Мугалим учурда окуучулардын кабыл алуусу начарлап бара жатканын айтат.
«Көбүнчө англис тилинде кээ бир сөздөрдүн окулушу жаман (уяттуу) окулат. Ошол учурда балдар күлүп жиберишет. Азыркы балдардын кабыл алуусу начарлап бара жатат. Арасында мыкты окуучулар да бар, бирок аз санда.
Бош убактымда өзгөчө тамак жасаганды жакшы көрөм. 4 баланын, тактап айтканда 2 уул жана 2 кыздын апасымын. Жолдошум фермер. Кайын атам менен кайын энем экөө тең мугалим болчу, учурда пенсияда», — деди ал.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.