Денесинде жаракаттар бар экени айтылды

TurmushКечээ, 29-апрелде Сокулук районуну Военно-Антоновка айылында темир жолдун четинен жансыз денеси табылган окуучу бүгүн, 30-апрелде жерге берилди. Бул тууралуу Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Турум Сатарова билдирди.

Анын айтымында, учурда тергөө иши жүрүп жатат.

«Түнкүн саат 1:30да үйүнөн чыкканы боюнча видео бар экен. Ал эми темир жол жактан мушташты же сабалды дегенге эч нерсе жок болуп жатат. Бала бүгүн жерге берилди. Бети канталап турат жана колдорунда, далысында тытык бар дешти. Мушташкан эмес, бир нерсеге сүрүлүп, тытылган сыяктуу экен дешти.

Баланын мүнөзү токтоо, тарбиялуу бала деп мүнөздөмө берип жатышат. Ата-энеси ажырашкан, таятасынын колунда экен. 3 бир тууган болгон. А бирок азырынча менде классташтары менен урушкан деген маалымат жок», — деди ал.

Ал эми маркум баланын классташтарынын ата-энелери да маалымат беришти.

«Балдар менен чыр болгон эмес. Ал абдан тартиптүү, жакшы бала болчу. Бүт класс жаман болуп жатат. Ал чырлуу бала эмес болчу», — деди алар.

Пример HTML-страницы

Окуя тууралуу:

Буга чейин Сокулук районуну Военно-Антоновка айылында темир жолдун четинен окуучунун жансыз денеси табылган болчу.

Маалым болгондой, куткаруучуларга ал жерде жаш баланын денеси жатат деген маалымат түшкөн. Ал жерге ыкчам тергөө тобу барып, каза болгон жигит 2006-жылы туулган К.Р. экендиги такталган.

Алдын ала маалыматка караганда, мурда бала менен классташтарынын ортосунда чыр болгон. Ал 9-класста окуп жаткан. Анын ата-энеси ажырашып кетип, таятасынын үйүндө жашап жүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️