Пример HTML-страницы

Дарыгер Б.Ураимованын өткөн күндөн эскерүүсү

Акыркы жанылыктар

Turmush7-июль — Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин күнүнө карата Turmsuh басылмасы элибиздин саламаттыгын чыӊдап, сергек жашоого үндөп, оорулардын алдын алган ак халатчандар менен маек курууну чечти.

Каарманыбыз — Бермет Ураимова Чүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси.

Кош дипломдуу акушер-гинеколог, үй-бүлөлүк дарыгер Бермет Ураимова 1981- жылы 21-июлда өрүкзарлуу Баткен шаарында төрөлгөн. 5 бир туугандын улуусу болгондуктанбы, элет жергесинде турмушка бышып, бой жеткен соң, Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультетин аяктаган. Ал мындайча эскерет.

«Эсимде, турмуш шартка байланыштуу ата-энем 2000-жылы Чүйдүн Беловодск айылына көчүп келишкен. 2006-жылы жаш кезимден максат туткан дарыгерлик кесипке ээ болгон соң, Москва райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда эмгек жолумду баштадым. Күндөрдүн биринде иш бөлмөмө бир жигит келип, таанышып калдык. Аты Талант экен. Жаза аткаруу кызматында эмгектенип жатканын, 6 айдан бери сыртымдан «тор» салып жүргөнүн айтты. Өзү Нарын жергесинен болгон соң, мени көлдүк кыз деп ойлоптур. Ошентип, жакындан таанышып, жылдызыбыз төп келип, арадан бир айга жетпеген убакта эле баш коштук. Эми куттуу үй-бүлө күтүп, 4 кыз жана 1 уулду тарбиялап жатабыз. Кыздарым бойго жетип барат. Жолдошум экөөбүз тең, таңдан кечке жумушта болгондон улам, үйгө барганда кыздарым дасторкон жайып тосуп алса, жетине албай кетем. Бир мезгилде 3 дипломдуу экономист, бухгалтер атам Дүйшөбай, медайым апам Керемет чалыгып жумуштан келгенде, биз да ошентип тосуп алган күндөр эсиме түшөт. Көрсө, » Уядан эмнени көрсөң, ошону аласың» деген накыл сөздүн төркүнү ушунда тура. Менин дарыгер болуумдун түздөн-түз себепкери апам десем жаңылбайм. Ал жумуштан келгенде ак халатына оролуп, мойнунан кучактай берчү элем. Ошондо анын жүрөк сезими мага өткөн сыяктанат», — деди ал.

Анын кесипкөйлүк ишмердүүлүгү жана жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.

«Жашоодо күтүлбөгөн окуялар өткөн күндөрдү эске салса, кээде жашоонун табышмактуу сырларындай түрдүү ойлорго салат белем. Ооба, жумушка бара жаткам. Бет маңдайымда жарашыктуу аппак көйнөк кийгизип, кызын жетелеген 30 жаш чамасындагы келин келе жаткан. Бир убакта: «Саламатсызбы, Бермет эже? Бизди тааныдыңызбы? Бул кызымдын аты Бермет. Мындан 3 жыл илгери сиздин жардамыңыз менен төрөгөн соң, жолдошум экөөбүз кызыма сиздин атыңызды ырымдап ыйгарып, келечекте дарыгер болуусун тилегенбиз. Буюрса бой жетсе, сиздей боорукер айым болот» деди ал. «Тааныдым, Наргиза» дедим да, жылуу маанайда учурашып, таң нурундай жаркыткан жагымдуу сөз жан дүйнөмдү бир башкача эргүүгө салып, кызды боорума кысып, бетинен өпкөндө дүйнөм кубанычка батып, аруулук сезимим артып барган.

Экөөбүз жол боюнда ал-акыбылыбызды сурашып, жолубузду улаганда мага түрдүү ойлор чырмактай чырмалды. Өмүр, турмуш, кездешүү, эскерүү… Өмүр сакчысы кесибиме болгон сүйүүмдүн кайрадан ышкы оту жанып, өзүмдү бактылуу сезип келем. Улуу акылмандардын «Баарынан күчтүү, ыйык сүйүү- эненин сүйүүсү. Ал эч нерсеге багынбайт. Башкага бакыт издеген адам өзү бакытка жолугат» деген философиялык ой түрмөктөрү күн сайын эсиме түшүп, кичинекей Берметимдин өмүрүн тилейм. Төрөт үйүндө эмгектенгендиктен ар түрдүү окуяларга күбө болом. Кандай жагдай болсо да, медайым болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан 64 жаштагы Керемет апамдай мээрим төгөм.

Учурда Петровкадагы үй-бүлөлүк дарылерлер тобунда 2 дарыгер, 10 медайым, 2 фельдшер эмгектенет. Мен Лариса Швецова жана жаш адистер Каныбек кызы Айгүл, Абдилаби кызы Мээрим, Нурлан кызы Айдана жана башкалар менен сыймыктанам. Бардык кесиптештеримди жакындап келе жаткан медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм», — дейт акушер-гинеколог Бермет Ураимова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE